Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Өлкөнүн өзү базар болуп турган чактагы тирилик


Элмирбек Иманалиев (1978 - 2020).
Элмирбек Иманалиев (1978 - 2020).

Элмирбек Иманалиевдин көп кырдуу, көп сайлуу, көп жанрдуу адабий-музыкалык мурасынын арасында «Көрүп тур» менен «угуп ал» деген чакан аңгемеси бар. Бул аңгеме тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу

Маркум Элмирбек Иманалиевдин (1978––2020) чакан болгону менен ичине опол тоодой ойду, мазмунду батырган чыгарма тууралуу кеп кылуунун удулу келип турат. Оболу орус классиктерине кайрыла кетели.

Лиля, Леля, Нелли...

Аңгеме адабий жанрлардын ичинен эң ийкемдүүсү, көлөмү чакан, турмуштун бир келки үзүмүн келиштире тартып берген, баарын камтыйм, баарын чагылдырып берем деп “жулкунбаган” жупуну жанр.

Кеп анын көлөмүндө деле эмес. Айталы, Лев Толстойдун айтылуу “Кажымурат” баянында тоолуктардын намысы менен эркиндигин коргогон азаматтын бейнеси, чиеш тагдырлардын кысталыш учурдагы абалы ушунчалык чеберчилик менен тартылган. Ошонун аркасында чыгармада сүрөттөлгөн окуялар окуган адамдын эсинен чыкпай, эстеген сайын ага окшош, үндөш турмуш көрүнүштөрү табылып, ар кыл ассоциация, образ, элестер чубалып чыга берет.

Жазууучу Лев Толстой неберелери Соня менен Ильюшага жомок айтып берүүдө. Ясная Поляна жергеси, падышалык Орусия.
Жазууучу Лев Толстой неберелери Соня менен Ильюшага жомок айтып берүүдө. Ясная Поляна жергеси, падышалык Орусия.

Аңгеме жанрынын устаты, орустун улуу жазуучусу Антон Чеховдун “Жаным” (орусчасы “Моя она”) деген кып-кыска аңгемеси бар. Автордун ички сыры, окурман менен бөлүшкөн аздек сезими, монологу.

Биринчи саптардан баштап эле кеп эмне жөнүндө болуп жатат, лирикалык “мен” кимди мынчалык сүйүп да, жек көрүп да кеп кылып жатат, дайым жанында жүрүп тажаткан кайсы бийкеч болду экен, деген кабатыр ой биринчи сүйлөмдөн эле башталат. Аты-жөнү белгисиз бийкеч анчалык көңүл калтырды экен? Анан да жактырбаса жанында эмнеге жүрөт?

Жазуучу Антон Чехов (1860--1904).
Жазуучу Антон Чехов (1860--1904).

Ушул сыяктуу суроолор окурманды бут бастырбай, кийинки сүйлөмүндө табышмактын жообу айтылып калар бекен деп үңүлө баштайт. Чыгарманын керемети ошондо. Биринчи сүйлөмүнөн соңкусуна чейин окурманды бекем байлап алат да, табышмак сырын аягына чейин сыр кылып калтырып коёт. Кыргызча айтканда, кызыктырып салат. Ким болду экен, деген суроо мээде турат. Ансыз баса албаса, кайда жүрсө жылмаңдап жанынан чыкпаса, баш оорутуп арызга отурбай эле тиги желмогузду кетирип ийбейби, эмнеге жанында алып жүрөт, деп ойлойт.

Чынында эле көңүлү сүйбөсө аны менен чогуу жүрүп балакетин алабы?! Баарынан да күн-түндөп жанынан кетпей, бечараны биротоло ноктолоп алганын айтпайсыңбы. Ушундай да болот экен. Ким болду экен? “Жаным” бечарадан карыш жылбай, ишине жолтоо болуп жатпайбы. А тигинин жазгысы, баскысы, табиятка суктанып, кенен-чонон жүргүсү келет. Тигинин аны менен чатагы не.

“Бу ынсапсыз баарын жок кылды, эч нерсе калтырбады! Көзүмдө огум болсо атып, жиним кайнаганда тытып-тытып салгым келет... О качан эле башын бошотуп жолго салып, жообун бериш керек эле, эмнеге ажыраша албай сүйрөлүп жүрөм, ажырашууга москвалык адвокаттар төрт миң рубль акча сурашынан чочулагандан деле эмес... Кайриет, азырынча ортодо балдарыбыз жок... Аты ким дейсизби? Айтайынбы...Ысымы уккулуктуу, Лиля, Леля, Нелли... Чын аты — Лень – Жалкоолук.”

Жамбаштап жатып алып алма быш, оозума түштү элестетчү пенде баласынын эң начар сапатын улуу жазуучу ушинтип сындаган.

Жалкоолуктун жан жыргаткан жыргалы, бел оорутуп, кол жоорутпай, кара курсакты кампайтып жата бергенди жактырган пенде балдары саны жагынан кажынып иштечү мээнеткечтерден ашса ашат, асти кем эмес. Жазуучунун чеберчилиги кыска саптарга оголе чон мазмунду сыйдырып, жалкоолуктун маани-жайын окуган, уккан адамдын эсинен чыкпачудай, болот мык менен жыгачка кадап койгондой таасын сүрөттөп бергендигинде.

Достор Зайырбек Ажыматов менен Элмирбек Иманалиев "Азаттыктын" студиясында. 17-август, 2017-ж.
Достор Зайырбек Ажыматов менен Элмирбек Иманалиев "Азаттыктын" студиясында. 17-август, 2017-ж.

Элмирбек Иманалиевдин «Көрүп тур» менен «угуп ал» аңгемеси тууралуу кепти Лев Толстой, Антон Чеховдун адабий тажрыйбасынан баштап атканыбыздын жөнү мындай.

Элмирбек Иманалиев генийлер жашай турган жашында бир адам үчүн кыйла эле оорго турчудай ополтоо көркөм мурасты элине калтырып кетти. Анын кайсы салаасын алба – көркөм сөздүн, учкул ойдун, тунук акылдын үлгүсү дээрлик шедеврлерди жаратты.

Айтыштарын аласыңбы, обондору тууралуу кеп кыласыңбы, дастанчылыгын, комузчулугун, “Манасчылыгын”, аткаруу чеберчилигин айтасыңбы – баарында Элмирбек деген башкалардан аттын кашкасындай бөлүнгөн өзүнчөлүктү, акындык “эн-белгини” таппай койбойсуң.

Кайнаган базарга кирип кеткен аял

Алдыда сөз болчу аңгемесин алгач окуганда кыска сүрөттөмө, аягына жетпей калган монологбу деп ойлогом. А бирок окурман журту аны улам-улам көчүрүп, кеп кылып, жандуу пикир жарата баштаганын көргөн соң дагы бир сыйра кунт коюп окууга туура келди.

Көлөмү чакан, кадимки күндөлүк турмуш көрүнүшү, аянт, көчөлөрү эле эмес, өлкөнүн өзү базар болуп турган чактагы жашоо-турмуш. Кеп багып, сөзгө сөздү, сүйлөмгө сүйлөмдү ыктуу кыйыштырып, окуган эле эмес, уккан адамды өзүнө тартып алчу, башталган жеринен эле узун ойдун келебин чубап, табышмактуу баянды баштаган кызык чыгарма.

“Көрүп келейин дегени эле эсимде.” Башкасы жадынан чыгып кеткен экен. Кетет да, канбазар деген күрү-күү дүйнөгө келип калса. Аялы ээрчитип келбесе үйдөн чыкпай эле жатмак.

Элмирбек Иманалиевдин насили төкмөлүк болчу, ошондон анын тексти окурманга караганда угарманга көбүрөөк жакын. Аны кийинки саптар да айгинелеп турат.

"Ушул жерден алыс кетпе, мен көрүп келейин" дейт. Ичимен "эмнени көрүп келгени калды?" дейм. Аялдар базарга келгенде эле көргөндөн көрө элеги көп болуп чыгат. Жөн кетпей мени дагы "көрүп тур" деп коюп, өзү базардын көрөн-шөрөн саткан бир катарына сойлоп жок болду.”

Базарда ар ким өз иши менен, бири сатып, экинчиси алып, үчүнчүсү жөнеле убакыт өлтүрүп, иши кылып, миң киши болсо миңи миң түрлүү иши менен, ар кими өзү менен өзү. Аны автор минтип сыпаттайт:

“Алган менен бергендин, жалган менен чындын, арзан менен кымбаттын тузуна чыланган базар кайнап турду. Кээ бирөөлөр жерге малып алган башын өйдө көтөрүп, бир көзүн ыкшыйта жумуп, базардын как чокусуна келип алган күндү шыкаалайт. Күн көрүп деген ушул окшойт!? Жана аялымдын "көрүп келейин" дегени мага "көрүп тур" дегени да ушул күн экен да көрсө...

Көпчүлүк аарыдай ызылдап, бир эле сөздү сүйлөп жаткандай. Ансыз да азыр дүйнөдө бир эле сөз калдыбы деп ойлойсуң...”

Мунун баары жалпы сүрөт. Автор аны көпчүлүк деп койгон. Биз жашап аткан башбалдак турмуш. Ар ким өз арабасын тартып базар деген жашоодо тиричилигин өткөрүүдө.

Социализм деген жомокко ишенчү заман өткөнү качан. Баштагыдай баарын мамлекет тескеп, мамлекет чечип, бирок идеологиялык каргысын мойнуңа тагып койчу капас жашоо жок, эркинсиң. Кыргызстан да башка өлкөлөр өз алдынча болобуз деп чыгышканда үн катпай сыртта турган. Анан желесинен бошонгон кулундай эркиндик алдыга келип, нокто салса селт этип үркүп кетпей туруп берип атпайбы.

Ошондон бери базар жанданып, сатарманы менен аларманы аралашып, баары бир жерге топтолуп, базардын иши жүрүшүп, мына күйөөсүн карап тур деп аялы ажыдаар ичине “сойлоп кирип” кетип атпайбы. Сатарга бирдеме алып чыкса анысын кайра сатса – тиричилиги ошондо жүрөт. Ага чейин күйөөсү орундан жылбай, орунду жоготпой бери четте карап турушу керек. Араба тарткан кулун баланы ошондо көрдү.

Ош шаарындагы борбордук базар. 12.8.2010.
Ош шаарындагы борбордук базар. 12.8.2010.

“Бир убакта күндүн бетиндеги калдай болуп араба сүйрөгөн тестиер бала көрүндү. Задиси чоюнданбы, темирденби же калайданбы, белгисиз, айтор бул зылдай арабага он сомдон төлөп коюп, ушул базардагы элдин бардыгы олтуруп алса да сүйрөп кете берчүдөй. Төгөрөктүн төрт бурчун төрт айланган бечара дөңгөлөктөрдүн кыйчылдагына кошулуп, тигил дөңгөлөктөй болгон баланын ачуу үнү кулагыма сайылды.

Саргыч тарткан эски жоолукту оозу-мурду, кулак-башына чейин ороп алган аялга бала какшап түшүндүрүп келатты. "Угуп ал!" дейт, "ол менин атам эмес, угуп ал!" дейт. Ашата сөгүп келатат. "Ол, жинди" дейт.

Аял бул баланын кимиси болду экен, ушул баланын "угуп ал!" деп какшаганынан укпаш үчүн жоолукту тигинтип салынып алган окшойт.

Үчөө менин так жаныман өтүштү. Жүрөк тушуман аял-бала-араба өтүп кетти, тилип өтүштү. "Ол жинди менин атам эмес, угуп ал!" дейт. Кокус бою жетсе эле бир колун арабадан бошотуп, аялдын кулагын жапкан сары жоолукту жулуп ыргытып "угуп ал!" деп кыйкырмак. Сөзү эле кыяматтай узун экен, базарды тешип чыгып, тигил чокубузда турган күнгө тийип жатты. Сөзү го узун, өзүчү? Өзү сүйрөп бараткан арабанын көлөкөсүнөн көрүнбөгөн же арабанын көлөкөсүндө күн көргөн бул бечара баланын бою жерди карай өскөнбү деп ойлойсуң.

Сөзүн уккан киши карып кетет. "Угуп ал!". Тигил саргайган санааны башына чулгаган аял уктубу, укпадыбы, билбейм, мен уктум. Кулагыма кыттай катты. Эми кантип алаксыйм? Аялым "көрүп тур!" дебей эле "угуп тур" десе жарашмак экен…”

Карасаң, кайнаган турмуштун көп кыймылдын арасынан баланы гана көрдү. Калганы бар болгону менен жок, көпчүлүк масса. Мына ушул жерде сыны бузулбай бир бүкүлү болуп көрүнгөн жалпы сүрөттүн ичинде чоң турмуштун кичинекей чындыгы жаткан.

Кабыргасы ката элек өспүрүм эмнеге нааразы, анын көңүлүн ким оорутуп койгон – мунун баары белгисиз. Анын көңүлүн кайт кылып, үйүнөн чыгып кетишке мажбур кылган эң жакын адамы турмуштун сыноосуна туруштук бере албай сынып, арактын ичине түшүп, күчүн үйүндөгүлөрдөн чыгарып, баласы минтип араба түртүп, окуусун таштап, кибиреп элдин арасында оокат кылып жүрөт болуш керек.

Анын кичинекей арабасына бүт Кыргызстан түшүп алса деле түртүп кете берчүдөй. Шуулдаган турмуш агымында мындай балдар канча? "Эми кантип алаксыйм?" Бүт дүйнөнүн жыргалы бир баланын көз жашына татыбайт. Базар адамдарды кайдыгер, дүйнөпараз, катуу, зыкым кылып койгон.

“Майлаган кайыштай жылтыраган кара тору киши азирети Өмөр Шайыктан бешбетер келберсип, колундагы теспени айландыра, кыңылдап ырдаган болуп, буйлаланган төөлөрдөй авто-унааларына, тирелген жүктөрүнө тигиле карап, пайгамбардан калган улуу сооданы жалгыз мурастап алгансыган, кейпи заманга куп жарашып, базардын алкымына тыгылып турганын көрүп бираз алаксыган болдум…

Аялым базардын көрөн-шөрөн саткан бир катарынан сойлоп чыгып келатты.”

Базарда жүк ташыган балдар. Ош. 2020-жылдын 10-апрели.
Базарда жүк ташыган балдар. Ош. 2020-жылдын 10-апрели.

Базардын, жаңы замандын ээси, эркеси ошол майланышкан кара тору. Күнгө күйүп жүрүп тапкан акчасы арбыганда ал баарын сатып ала баштайт. Машиненин жаңысын, үйлөрдүн мыктысын, кыздардын сулуусун, кызматтын майлуусун, тамактын таттуусун алат, айланасында кошоматчылары, колуна суу куйчулары, жан сакчылары, коштоп жүрчүлөрү көбөйүп, төрт класска жетпеген билими бар ушул чоң курсактын оозун карап, аягында ал эл башкарам, өлкө башкарам деп чыгат. Азыр ал колундагы теспесин айландырып, акчасын ойлоп, дүйнөсүн эсептеп жаткан, баары алдыда.

Элмирбек Иманалиевдин аңгемеси турмуш базарга айланып кеткен кыргыз жашоосу жөнүндөгү жан сыры, арманы, азабы.

Кичинекей баланын арабасына бүт өлкө батып баратпайбы, мына бул чакан текстке да ошондой чоң ой сыйдырылып, авторду түйшөлткөн көйгөйлөр кара сөз жамгырына айланып, кагаз бетине төгүлүп калган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG