Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

"Путин чама-чаркын билди, өтө ачууланып турат"


Орус президенти Владимир Путин Жеңиш күнүнө арналган парадда, Москва, 9-май 2022-жыл.
Орус президенти Владимир Путин Жеңиш күнүнө арналган парадда, Москва, 9-май 2022-жыл.

Украинадагы орус армиясынын чама-чаркы, Кремлдин максаты жана орус элитасынын президент Владимир Путинге мамилеси тууралуу орусиялык саясат таануучу Дмитрий Орешкин “Азаттыкка” маек курду.

- Дмитрий мырза, адеп Орусия Украинанын басымдуу бөлүгүнө саналуу күндүн ичинде көзөмөлүн орнотууну пландаганын буга чейин көпчүлүк эксперттер белгилешкен. Бирок уруш 2,5 айдан ашуун убакытка созулуп кетти. Мындай жагдай Кремлде кандай кабыл алынууда? Путин өзү кандай кабыл алып жатат?

- Албетте, мага бул тууралуу маалымат беришкен жок. Бирок мен өз байкоолорумду гана чечмелей алам. Биринчиден, блицкриг концепциясы ишке ашкан жок. Экинчиден, Орусиянын коомчулугу эч кандай аскердик операция жок экенин, согуш жүрүп жатканын жана бул майда эмес, ири, кандуу жана жеңиш алып келбей турган согуш экенин акырындап түшүнө баштады.

Ошентсе да эл жоготуунун чыныгы масштабын аңдап-биле элек. Өлкө санкциялардын таасирин да сезе элек. Анын баары алдыдагы айларда сезилет. Бирок Украинада согуш деп аталган окуя болуп жатканын коом түшүнүп калды.

Орусиялык политолог Дмитрий Орешкин.
Орусиялык политолог Дмитрий Орешкин.

Ал эми Владимир Путинди айтсак, албетте, ал өтө ачууланып турат. Себеби анын тапшырмасы ишке ашкан жок. Ага калкын бириктирүү үчүн, Орусиянын Европада, балким дүйнөдө бекем күч экенин көрсөтө турган жана жеңиш алып келе турган чакан согуш керек болчу. Бул максат аткарылган жок.

Путиндин ачуусу келип турганын, Орусиянын биринчи катардагы расмий өкүлдөрүнүн курамында болгон өзгөрүүлөрдөн деле баамдаса болот. Маселен Федералдык коопсуздук кызматынын Бешинчи башкармалыгын жетектеген, Украинадагы окуяларга, идеология жана чалгын багытындагы даярдыкка жооптуу болгон Беседа мырза, жумшак айтканда, “кандын каарына” калды. Керек болсо айрым маалыматтарга ылайык, ал түрмөдө отурушу мүмкүн.

Бул операциялардын башына жаңы жетекчи – Дворников мырза келгенин көрүп жатабыз. Эмнегедир Жеңиш күнүндөгү парадда Башкы штабдын жетекчиси, аскердик иш-аракеттер маалындагы башкы фигура болгон Герасимов байкалган жок. Мунун баары Путин кыжырданып турганын, иш өзү каалагандай жүрбөй жатканын туюнтуп турат.

Башка бир маселе бар. Маалымат каражаттарында “мунун баарын биз каалаган деле эмеспиз, Киевди алалы деген деле оюбуз жок болчу” дегендей таризде көрсөтүп жатышат. Ооба, буга ишенгендер бар. Бирок менимче алардын саны аз.

Киев жана Харьков шаарларына тиши өтпөй турганы түшүнүктүү болуп калды. Жеңишти көздөгөн орус күчтөрү эми чакан тапшырмаларды аткарууга аргасыз болууда. Ал да толук колдон келбей жатат.

Дмитрий Орешкиндин "Биз жана дүйнө" берүүсүнө курган маегин бул жерден көрсөңүз болот:

- Ал эми орус элитасынын пикири тууралуу эмне айта аласыз? Себеби жакында Bloomberg басылмасы өз булактарына таянып, Кремлдеги айрым жогорку даражалуу аткаминерлер Путиндин Украинага согуш ачуу планына каршы болгонун жазды. Ошол эле учурда басылма орус элитасынын көп бөлүгү Путинди колдой турганын билдирүүдө. Сиздин байкооңуз боюнча, учурда Путин орус элитасынын бекем колдоосуна ээ деп айтса болобу?

- “Элиталык” деген жарандар катардагы телекөрүүчүлөргө караганда кырдаалдан жакшыраак кабардар. Экинчиден, алар өз алдынча анализ жүргүзүп, чечим кабыл ала алат. Алар Путин каалаган нерсе ишке ашпай жатканын түшүнүп турат.

Чечим кабыл алуу чөйрөсүнө жакын адамдар башынан бери эле Украинада курамына Харьков, Одесса шаарлары кирген, болочокто Киев да кошула турган “Новороссияны” түзүү планы болгонун билишет. Булар орус тилдүү жана Орусияга жан тарткан аймактар деп эсептелип келген. Алар дал ушул аймактарды бөлүп алып, Европага Украинанын батышын гана калтырууну каалашкан.

Элита мунун баарын, Путиндин иши оңунан чыкпай жатканын көрүп турат. Алардын айрымдары, мисалы акыркы жылдары Путиндин климат боюнча эл аралык уюмдардагы өкүлү болуп иштеп келген Анатолий Борисович Чубайс маскара кылуучу, ийгиликсиз операцияга катышууну каалабай турганын сөз менен айтпаса да, өз кадамы менен көрсөттү. Ооба, аны “кемеден качкан келемиш” деп аташы мүмкүн. Бирок ал буга барды. Көп адамдар ага суктанып жатат.

Азырынча Орусиянын элитасында ажырым жок. Жайга чейин мындай ажырым пайда болбосо керек. Бирок күмөн саналоолор, олку-солкулук бар. Бул жагдай канчалык узакка созулса, аскердик жаатта көрсөткүчтөр канчалык начар болсо, жаңы курал-жарактар менен Украина канчалык каршылык көрсөткөн сайын орус элитасынын Путинге болгон колдоосу начарлай берет. Жагдай Путин канчалык катаал чараларга барарына да жараша болот. Менимче, биз карапайым тургундарды коркутуп-үркүтүү, кармоо көрүнүштөрүнө дагы күбө болот окшойбуз.

- Кошмо Штаттардын чалгын кызматы орус президенти узакка созулуучу конфликтке даярданып жатканын, анын алкагында Путин Донбасстын чегинен сырткары максаттарын да ишке ашырууга белсенип турганын билдирүүдө. Сиздин баамыңызда азыркы шартта Москва Украинада эмне максатты көздөп, эмнеге жетүүгө аракет кылып жатат?

- Менимче, Москва аракет кылбай эле, жаңы кырдаалга ыңгайлашууга аргасыз болууда. Албетте, Путин согуштун созулуп кетишин каалаган эмес. Бирок чама-чаркы чектелүү экени билинди. Эгер ал күчтөрдүн жана кызыкчылыктардын реалдуу балансын чындап түшүнгөн болсо, эч качан дээрлик Европанын чордонундагы суверендүү мамлекетке каршы агрессия аракети сыяктуу акылсыз, кыйратуучу кадамга бармак эмес.

Ал оңой болот деп ойлогон. Андай болгон жок. Эми ал узак мөөнөттүк стратегияга ыңгайлашууга, Орусиянын планы Украинадагы чектелүү аймакка гана багытталганын элге түшүндүрүүгө аргасыз болуп жатат. Керек болсо азыр Приднестровьеге коридор ачуу жөнүндө сөз кылышкан жок. Крымга карай жол ачуу тууралуу гана айтып жатышат.

Бирок Путин “Орусиянын экономикасы күчтүү, аймагы чоң, аскерлери көп, узакка созулуп кетүүчү согушта Украинага салыштырмалуу мүмкүнчүлүгүбүз көбүрөөк” деген ойго жетеленип, ошого үмүт артып жатат. Мунун деле өз жүйөсү бар. Деген менен Путин канчалык узакка согуша берсе, ошочолук колдоо азаят. Натыйжада өлкө ичинде күчөгөн каршылыкка туш болот.

Бирок эң башкысы бул өлкөнүн сыртындагы каршылык. Бул – жакшы куралданган, курамы мыкты түзүлгөн украин армиясы. Украинанын өзүнүн артыкчылыктары бар. Ал өз аймагын коргоп жатат. Алдын ала даярдалган позицияларда коргонууга багытталган уруштарын жүргүзүүдө. Анын үстүнө украин тарап барган сайын жаңы, жогорку сапаттагы курал-жарактарга ээ болууда. Путин болсо мындайды эч жерден ала албайт.

Андыктан узак мөөнөткө созулуучу согуш кимге пайда алып келет деген суроонун жообу мен үчүн ачык бойдон турат. Бул кыска мөөнөттүк блицкриг сыяктуу эле Путин үчүн кесепети оор болот деп болжоп жатам. Ишке ашпайт окшойт.

Харьковдогу украин аскерлери, 7-май, 2022-жыл.
Харьковдогу украин аскерлери, 7-май, 2022-жыл.

- Кантсе да, согуш башталгандан бери Орусия Украинадагы бир катар айыл-кыштактарга жана шаарчаларга көзөмөлүн орнотту. Эми Москванын Украинадагы мындай оккупацияланган аймактар боюнча планы кандай? Буга чейин британ тарап эскерткендей, Орусия бул аймактарда, анын ичинде Херсондо “элдик республикалар” деген түзүмдөрдү жаратуу үчүн референдум өткөрүшү мүмкүнбү?

- Албетте, жеңип алган аймак дейбизби, же басып алган аймак дейбизби, айтор, Москванын тизмесинде бул аймактарда референдум өткөрүү тууралуу иш-чаралар каралган. Бирок азыр өтпөчүдөй. Себеби, азырынча чок өчө элек. Бул аймактар акыры кимдин колунда калары белгисиз болуп турат. Оккупацияланган аймактардагы Орусия менен кызматташып, анын пайдасына иштөөгө даяр адамдар коркуп турат. Себеби үч жумадан кийин украин аскерлери бул аймактарга кайтып келбейт дегенге кепилдик жок. Анда эмне кыласың?

Түпөйүл жагдай өкүм сүрүп жатат. Кезинде Крым жарым аралында “Крым жазынан” эки жума өтүп-өтпөй мыйзамдуу процедураларды бузуу менен референдум уюштурулса, азыр андай кылууга даабай турушат. Себеби референдум ишке ашпай калышы мүмкүн. Жыйынтыкты бурмалап коюу мүмкүн болбогону үчүн эмес, бул референдумду ачык уюштуруудан коркпогон адамдар жетишсиз болгону үчүн.

Референдумду өткөрүүгө аракет кылып, кайра андан баш тартуу көрүнүшү Турчак мырза айткан “биз бул жерге түбөлүккө келдик” деген сөздөр пропаганда үчүн гана айтылганын Москва түшүнүп турганын күбөлөп жатат. Өздөрүндө “биз түбөлүккө келдик” деген сезим жок.

Андыктан бул аймактар кеминде алдыдагы бир канча жуманын ичинде оккупацияланган территория катары белгисиз макамда тура берет.

- Баса, Путин Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган парадда сүйлөп жатып, буга чейин Батыштагы айрым булактар билдиргенден айырмаланып, Украинага согуш да жарыялаган жок, аскерге жарамдууларды согушка тартуу үчүн жалпы мобилизацияны да баштаган жок. Орусияда жалпы мобилизация болушу мүмкүнбү? Деги эле Украинадагы балким айларга созулуучу урушту улантуу үчүн Орусиянын мүмкүнчүлүгү жана чама-чаркы жетиштүүбү?

- Жалпы мобилизацияны эл алдында жарыялоо – “атайын операция” деп аталган иш-аракеттин биринчи этабы оңунан чыкпай калганын же жеңилүү болгонун моюнуна алганга барабар болмок. Мобилизация – бул согуш дегенди билдирет. Бизди дээрлик үч ай бою “согуш жок, атайын операция гана жүрүп жатат” деп ишендирип келишпедиби.

Эгер кокус трибунадан мобилизация жарыяласа, анда элдин аң-сезиминде “согуш жүрүп жаткан турбайбы” деген ой пайда болот. Андыктан Путин трибунадан согуш же мобилизация жарыялап, өзүнүн компетенттүү эместигин моюнуна алат деп эмне үчүн күтүп жатышканын түшүнгөн эмесмин. Жок!

Эми башка маселе. Иш жүзүндө аскерлерди чакыруу жараяны сөзсүз жүргүзүлөт. Анткени Кремлде аскердик күч жетишсиз. Бирок бул мобилизация ачык жарыяланбайт. Ал коомчулукка жабык шартта жүргүзүлөт. Резервдегилерди акча менен кызыктырат же аларга басым жасашат. Бул “мобилизация” деп аталбайт. Бирок де-факто мобилизация болот.

Жазында аскерге чакырылгандарды да кыска мөөнөттүк даярдыктан кийин келишимге кол коюуга мажбурлашы мүмкүн. Натыйжада алар милдеттүү аскердик кызматка чакырылгандар эмес, ыктыярдуу түрдө бул конфликтке катышууну чечкен жоокерлер деп мүнөздөлүп калат.

Андыктан жаңы адамдык күч тартылат. Бирок мобилизацияны болушунча жаап-жашырууга аракет кылышат. Путин мобилизация жарыялабайт. Андай кылса өзүнүн соңку айлардагы иш-аракетинен майнап чыкпаганын моюнуна алган болот.

Дагы бир маселе. Азыркы замандагы согуштар – бул мыкты даярдыктагы кесипкөй адамдардын согушу. 18 жаштагы уландарды согушка тартуу менен алардан купулга толорлук аскердик бөлүк жаратса болот дегенге ишене бербейм. Албетте, мен аскердик эксперт эмесмин.

Бирок менимче, мыкты аскерлерди даярдоого кеминде бир жыл керек. Азыр убакыт тар. Андыктан, кудай кечирсин, аларды жааган окко каршы коюшу мүмкүн.

Орусиянын Мариуполдун жанындагы танктары, 18-апрель, 2022-жыл.
Орусиянын Мариуполдун жанындагы танктары, 18-апрель, 2022-жыл.

- Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнөн эмне күтсөк болот? Орус президенти өз багытын кандай шартта өзгөртүшү мүмкүн?

- Менимче, сүйлөшүүлөр актуалдуу болбой калды. Киев да, Москва да согушту ушул фазасында токтотууга кызыкдар эмес. Албетте, эгер Путин азыркы кырдаалды сактап кала алса, анда өзүнө жеңиштин сүрөтүн тартып алса болмок. “Ростов-на Донудан Мариупол аркылуу Крымга жол салдым” деп жарыялап, аны жеңиш катары мүнөздөй алмак. Бирок ошол эле элита баштапкы дымак башкача болгонун билет да. Орусиядагы телекөрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү да муну түшүнүп турат.

Мындан тышкары согуш токтогону менен санкциялар улана берет. Путиндин позициясы кыйла алсырайт. Санкцияга кабылган, эл аралык коомчулуктан чыгып калган, жеңишке жете албаган өлкө пайда болот. Андыктан ал азырынча согуш талаасында кандайдыр бир жеңишке үмүт артып турат.

Украина да айрым аймактардын оккупацияда калышына макул боло албайт. Өлкө каршылык көрсөтөт. Анын үстүнө Украина жаңы курал-жарактарды алып жатат. Согуштук тажрыйба топтоп жатат. “Өз аймагыбызды коргошубуз керек” деген күчтүү мотивация бар.

Эми сүйлөшүүлөрдү убакытты текке кетиргендик деп айта албайбыз. Гуманитардык кырдаал, жайкын тургундарга жардам жеткирүү өңдүү сүйлөшө турган маселелер бар. Бирок согушту токтотуу маселеси азырынча күн тартибинде эмес.

Эми Путин бул согушту баштап, ушундай стратегиялык ката кетиргенден кийин согуштук шартты эске алуу менен кадам таштоого туура келүүдө. Чыныгы картинаны согуш талаасындагы кырдаал гана анык көрсөтөт.

Мурдараак дипломатиялык же маалыматтык басым тууралуу сөз кылууга мүмкүн болсо, азыр кырдаал курчуп отуруп, “ким күчтүүрөөк” деген түз суроого барып такалды. Андыктан “сүйлөшүү” деген нерсе согуш талаасында жүрүп жатат. “Ким, кимди жеңет” деген суроо турат.

Менимче, азырынча Путин жеңишке жете албай турат. Ооба, ал жай жана чоң жоготуу менен чабуул коюп жатат. Бирок азырынча стратегиялык ийгиликтин карааны көрүнбөйт. Алдыда көрүнөрү да күмөн. Андыктан ресурстар түгөнүп бүтмөйүнчө сүйлөшүүлөрдөн элдешүү сыяктуу так жыйынтык күтүүнүн кажети жок.

- Путин сиз айткан ийгиликти камсыз кылуу үчүн кандай кадамга чейин барууга даяр? Бул согушта өзөктүк (ядролук) курал колдонуу ыктымалдыгын четке каксак болобу?

- Мен буга ишенбейм. Себеби өзөктүк куралга дароо жооп кайтарылат. Эгер өзөктүк дүрмөт менен сокку уруш керек болсо, анда мындай соккулар Британия, АКШ, Германия жана Франция сыяктуу ыктымал жооп кайтарылуучу борборлорго урулушу керек. Путин буга барбайт.

Украинага тактикалык өзөктүк сокку уруу – бул чоң бүлгүн салуу дегенди билдирет. Себеби дароо кыйратуучу жооп кайтарылат. Путин муну жакшы түшүнүп турат. Менимче, Батыштын чалгын кызматтары Путин бул кадамга бара албайт деп бекеринен айткан жок. Эми алар жакшы билишет. Мен чалгынчы эмесмин.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG