Өткөн жылы ноябрь айында Онкология жана гематология борборундагы брахитерапиялык (нур менен дарылоо) жабдык бузулуп калган. Мындан улам айрым бейтаптар Алматыга барып дарыланууга аргасыз болууда.
64 жаштагы Бурул 2020-жылы жатын моюнчасынын залалдуу шишигине чалдыкканын билген. Ал өткөн жылдын күз айларында ооруканага жатып, брахитерапиялык жабдуунун оңдолушун бир нече ай күткөн.
Ал химия жана нур терапиясын алыш үчүн Оштон борборго учак менен келет. Дарыгерлер ага машине менен 12 саат жол жүрүү кооптуу экенин айтышкан.
Бурул азыр балдары чогултуп берген 80 миң сомду чөнтөгүнө салып Алматыны карай бет алды. Эми ал дарылануу үчүн Казакстанда бир ай батирди ижарага алып жашоого аргасыз.
«Бишкектеги аппарат иштесе жакшы болмок. Иштеп калабы деп күтүп, үйдө көбүрөөк кармалып калдым. Биздин оору менен көпкө күткөнгө болбойт да. Айлам түгөнгөндө Алматыга жол тарттым. Ошто он күндөй жаттым. Дартым аябай өтүшүп кетиптир, билбей жүрө берген экем. Дарыгерлерге кеч кайрылдым».
Алматыга барууга акча керек...
"Жашоо үчүн бирге" коомдук бирикмесинин төрайымы Шайырбү Сагынбаеванын чакан өнөрканасында негизинен жатын моюнчасынын жана көкүрөк безинин өсмө оорусуна чалдыккан аялдар иштейт.
Алар өздөрү жасаган буюмдардан түшкөн каражатты дары-дармек алуу үчүн чогултушат.
Шайырбү Сагынбаева акыркы айларда Алматыга баруу үчүн эшигин кагып, акча сурап келген бейтаптар көбөйгөнүн айтты:
«Биздеги жабдуу бузулгандан бери бейтаптар Орусияга, Казакстанга каттоого аргасыз. Колунда барлары Түркияга барат. Кечээ бир аял келип, аябай ыйлады. "Алматыга брахитерапиялык дарыланууга барганга 50 миң сомду араң таптым" деп жардам сурайт. Чөнтөгүмдөгү миң сомду бердим. Зээним кейиди аябай. Биздин чакан фонддон түшкөн кирешени азыр төрт келиндин дары-дармегине араң жеткирип жатабыз. Бул маселе боюнча саламаттык сактоо министрине да кайрылгам. Ал бузулган жабдууну оңдотууга акча бөлүнөрүн айткан. Качан бөлүнөт, качан оңдотот белгисиз. Аппаратты күтүп жатып эки аял өтүп кетти».
Жабдуу качан оңдолору белгисиз
Брахитерапия - бул жатын моюнчасынын, простата жана уйку бездеринин, жоон ичегинин залалдуу шишигин нур менен дарылоо ыкмасы. Мындай татаал процедурага керектүү жабдык буга чейин да иштебей калган учурлар болгон.
2016-жылы да ушундай маселе жаралып, Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордогу брахитерапиялык жабдууну оңдоо үчүн каражат бөлгөн. Азырынча Кыргызстанда мындай аппарат бирөө эле.
Аталган борбордун директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиева жабдууну оңдотуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жакынкы бир ай ичинде бул маселе чечилерин билдирди.
«Cаламаттык сактоо министрлиги брахитерапиялык жабдуунун ремонту үчүн 2 млн. 300 миң сом акча бөлгөн. Ушул жуманын аягында тендер өткөрүп, андан жеңип чыккан тарап жабдууну оңдойт. Биринчи тендер жаңы жыл астында өтүп, көп фирмалар каникулда болгону үчүн катыша албай калган. Аппаратты оңдогонго эки же үч жума, балким бир айга чейин убакыт кетет го».
Дагы бир жабдуу иштебей турат
"Ракка каршы бирге" бейөкмөт уюмунун төрайымы Гүлмира Абдразакова мамлекет бул жабдууну кайра-кайра оңдотуу ордуна жаңысын эле алса болмок деген пикирде.
«Завод менен түз келишим түзүп, жаңысын алып же дароо оңдото калса болмок да. Тендер өткөрүп, анын жыйынтыгын күткүчө бейтаптар кантет? Дарт тендер өтсүн деп күтпөйт да. Өсмөгө чалдыккан адам үчүн ар бир мүнөт кымбат. Онкологиялык ооруга чалдыккандар күтүүдөн да кыйналып жатат. Оору менен кантип күрөшөм, кантип акча табам деп сарсанаа болуп жатып эле оорусу өтүшүп кетет».
2020-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга онкологиялык дарттарды клеткалык деңгээлде радиоктивдүү нур менен дарылаган жаңы жабдуу алып келинген.
Жарандык активисттер нур менен тез дарылоочу бул аппаратты алуу үчүн 2016-жылы акция өткөрүп, элден акча чогулткан. "Centerra Gold" компаниясы анда 10 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлгөн.
Бирок тендердеги айрым калпыстыктар үчүн ушу кезге чейин териштирүүлөр токтобой, жалпы баасы 270 миллион сомдук аппараттар кутудан чыкпай турат.
Мындан бир аз мурдараак Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордун директору Эрнист Тилеков бул тууралуу "Азаттыкка" мындай деген.
«Жабдууларды орнотуучу атайын бункерлер темир эшиктери менен даяр. Бүгүн эле аны орнотуучу фирма чалып, коюп бергенге даяр экенин билдиришти. Бирок тендер боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жаткандыктан орното албай жатабыз. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкса эле иштей баштайт».
Адистер өлкөдө өсмө оорусуна чалдыккандардын саны барган сайын көбөйүп жатканын айтып, коңгуроо кагышууда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2019-жылы Кыргызстанда өсмө оорусу 5625 адамдан жаңы табылган. Анын 3098и аялдар. Бирок жатын моюнчасынын рак оорусуна канча аял чалдыкканы так жазылган эмес.
Ал эми ракка каршы күрөштүн тегерегинде иш алып барган бейөкмөт уюмдар жылына 600дөн ашуун аялга жатын моюнчасынын рагы деген диагноз коюларын айтып келишет.
Дарыгерлер бейтаптардын көбү оорусу өтүшүп кеткенде ооруканага кайрыларын белгилешип, ар бир жаранды жылына бир жолу онкомаркердик тест тапшырууга чакырып келишет.
Өткөн жылдардагы эсеп боюнча онкологиялык дартка чалдыккандардын жалпы саны 20 миңден ашкан.