Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:22

Орус министри камалардын алдында өзүнө кол салдыбы?


Роман Старовойт
Роман Старовойт

7-июлда Орусиянын мурдагы транспорт министри Роман Старовойттун каза тапканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү президент Владимир Путин аны кызматтан алган. Министр болгуча Старовойт алты жыл Курск облусун жетектеген.

Ал украин аскерлери чек арадан өтүп, аймактагы бир нече айыл-кыштакка кирип барардын алдында Москвага жаңы кызматка кеткен. Көп узабай Курскиде коргонуу обектилерин курууга бөлүнгөн акчаны кымырып алуу фактысы боюнча кылмыш иш козголгон. Фигуранттар арасында Старовойттун командасындагы аткаминерлер бар болгону менен экс-губернатор күч түзүмдөрүнүн көңүл сыртында калып келген.

Старовойттун сөөгү Москванын четиндеги Одинцово шаарындагы паркта, ал өзү айдап келген “Тесла” машинасынан он чакты метр алыс жерден табылган. Жанында Ички иштер министрлиги сыйлыкка берген тапанча бар болуп чыкты. Старовойттун каза болгону кабарланары менен Курск облусунун тургундары социалдык тармактарда комментарий жаза баштады. Бир тобу экс-губернатордун акча уурдоого тиешеси бар деп күмөн санашат.

Анын өз жанын кыйганына ишенбегендер да көп. Айрымдары аткаминердин киши колдуу болгонунан күмөн санашууда. Ошол эле маалда анын өлүмүн мамлекеттик каражатты кымырып алууга байланыштыргандар болууда.

Экс-министр түрмөгө соттолуу ыктымалдыгын билип, өз жанынан кечкен же ал көрсөтмө бериши мүмкүн деген адамдар анын көзүн тазалашы ыктымал дегендер да жок эмес.

Мамлекеттик акчаны кымырып алуу

Расмий органдардын негизги версиясына ылайык, Старовойт өз жанын кыйган.

"Коммерсант" гезити булактарга таянып жазгандай, 7-июлда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү аны кармап, Тергөө комитетине суракка жеткирмек. Ага Курск облусунда коргонуу чептерин курууга бөлүнгөн миллиондогон рублди уурдоо айыбы тагылмак.

Быйыл 15-апрелде Старовойттун ордуна губернатор болуп дайындалган Алексей Смирнов "уюшкан кылмыштуу топ тарабынан кызматынан кыянат пайдалануу менен көз боёмочулук кылуу" ишинин алкагында камалган. Ал губернаторлукка былтыр жайында барган. Андан эки жарым айдан кийин украин куралдуу күчтөрү Курск облусуна чабуул койгон. Смирнов менен кошо убактылуу кармоочу жайга губернатордун мурдагы биринчи орун басары Алексей Дедов да отургузулган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Смирнов жана Дедов ошол кылмыштуу топту жетектеген жана "Курск облусун өнүктүрүү корпорациясынын" башкаруучулары менен кошо 1 миллиард рублдан ашкан бюджеттик акчаны кымырып алууну уюштурган. Ал корпорация Украина менен чек арада "ажыдаардын азуулары" деген фортификациялык конструкцияларды куруунун негизги подрядчиги болчу.

Смирнов губернатор болуп бир нече ай иштеп үлгүрдү. 2024-жылдын августунда укрианалык аскерлер регионго кирген, декабрда Путин Смирновдун кызматтан "өз каалоосу менен кетүү" арызын кабыл алган. Губернатор көз боёмочулук боюнча айыптоолорду моюнга албаганы кабарланган. "Коммерсанттын" жазганына караганда, Смирнов суракта суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, "айыптоо тексти менен жакшылап таанышып чыгууга убакыт зарыл экенин" айтып келген.

Ал ортодо облустун Сужа районунун мурдагы башчысы Александр Богачев Старовойт губернатор болуп турган кезде Курскиге начар команданы алып келген деп эсептейт.

Бул тууралуу ал Daily Storm басылмасына айтып берди. “Анын отставкасы эч кимди, өзгөчө биздин адамдарды таң калтырган жок. Бирок ушундай жагдайда каза тапканы нес калтырды. Мен анын жетекчилигинде иштеп калдым. Чынын айтсам, эскерүүлөрүм анча жакшы эмес”, - деп айтты Богачев.

Анын айтымында, Старовойт губернатор кезинде биринчи орун басары кылып Смирновду алып келген. “Ал кылган иштердин бардыгы Старовойттун буйругу менен болбосо да, анын көзөмөлү астында жасалчу. Смирнов бир терс иштерге барган болсо, Старовойттун андан кабары жок болсо, анда аны жакшы жетекчи деп атоо кыйын. Кол астыңдагы адамдар эмне жасап жатканын кантип билбей жүрө бересиң?”

"Коммерсанттын! булагы 1 млрд рублди кымырып алуу иши боюнча күнөөлөнүп жаткандар Старовойтко каршы көрсөтмө бергенин айткан.

Ал эми Mash мурдагы губернатордун “облустун ооруканалары үчүн дары-дармек сатып алуудагы мыйзам бузууга жана ийгиликсиз транспорт реформасына ыктымал тиешеси иликтенип жатканын” жазды.

Старовойт качан набыт болгон?

Медиа экс-министрдин качан каза тапканы тууралуу карама-каршы маалымат чыгарууда. Мисалы Forbes өз булагына шилтеме менен ал ишембиден жекшембиге караган түнү, башкача айтканда, кызматынан алына электе өзүн өзү аткан болушу мүмкүн деп жазды.

Mash жана бир катар башка каражаттар Старовойт дүйшөмбү күнү, отставкага кетирилгени тууралуу кабардан кийин өз жанын кыйганын маалымдашты. Бул версияны Транспорт министрлигинин ал ошол күнү жыйын өткөргөнү тууралуу билдирүүсү ырастайт.

Транспорт министрлигин жетектөөгө буга чейин орун басар болуп келген, Новгород облусунун экс-губерантору Андрей Никитин дайындалды. "Ведомости" булактарга таянуу менен мекеменин башчысын алмаштыруу чечими бир нече ай даярдалып жатканын жазды. Бирок бул кабар расмий бышыктала элек.

Старовойттун өлүмү интернетте талкууланып жатат. Саясат талдоочу Илья Гращенков отставкага кылмыш иши алып келгенин айтып, бирок ал суицидге жеткирди деген ойдон күмөн санайт:

“Эртедир-кечтир ошол иштин көлөкөсү мурдагы губернатор жана министрге түшмөк. Камоо болбосо да, кызматтан алуу айдан ачык көрүнүш болмок. Путин бир нерселерди коомдук кысым менен жасаганды жаман көрөт. Ошон үчүн апрелден бери күтүп, бардыгы ал ызы-чууну унутканда кызматтан алды. Старовойттун өз жанын кыйганы далилдениши керек, бирок ушундай радикалдуу кадамга барганына ишенбей турам. Балким каражатты кымырып алуу эмес, мисалы мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы коюлушу мүмкүн деген коркунуч жаралбаса эле”.

Медиа маркумдун мүлкүнө да кызыгууда. Insider-T жазгандай, тинтүү учурунда көп суммадагы доллар, евро жана баалуу зер буюмдар конфискацияланды.

Mash Старовойттун мүлкүнүн жалпы баасы 1 млрд рублдан ашарын жазып, аларды тизмектеп чыккан.

"Окно" долбоору даярдаган материалдын кыскартылган котормосу.

Шерине

XS
SM
MD
LG