Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Украина менен чектеш Курск облусунун мурдагы губернатору Алексей Смирнов кармалды


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Курск облусунун мурдагы губернатору Алексей Смирнов. 2024-жылдын август айы.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Курск облусунун мурдагы губернатору Алексей Смирнов. 2024-жылдын август айы.

Орусиянын Украина менен чектеш Курск облусунун мурдагы губернатору Алексей Смирнов кармалды. Бул тууралуу “Ведомости” басылмасы, ошондой эле күч органдарына байланышы бар Mash жана Shot Телеграм-каналдары кабарлашты.

Mash’тын маалыматына караганда, тартип сакчылары Смирновдун үйүнө 16-апрелде эртең менен барышкан. Ага каршы Курск облусунун өнүктүрүү корпорациясынын мурдагы башкы директору Владимир Лукин көрсөтмө берген. Ал өзү 2023-жылдын декабрында кармалган.

Лукин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Тактап айтканда, Украина менен чек арада коргонуу курулуштарын жүргүзүүдө мыйзам бузган деген кине тагылган.

“112” Телеграм-каналы жазгандай, Смирнов Курск облусунун коргонуу иштерине бөлүнгөн 15 миллиард рублдан 200 миллион рублду кымырып алган деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, коррупциялык схема атайын план менен ишке ашырылган. Каражат жалган тендерлерди “уткан” фирмаларга которулган, кийин ошол фирмалар келишимди аткаруу үчүн атайын шарттар бузулганын шылтоо кылып келишимди токтоткон, жана акчаны алып жоголуп кеткен.

Алексей Смирнов 2024-жылдын май айынан декабрына чейин Курск облусун жетектеген. Анын кызматтан кетиши тууралуу Владимир Путиндин жарлыгында Смирнов “өз каалоосу менен” отставкага кеткен деп айтылган.

Смирнов губернатор болуп турган маалда украин армиясы Курск облусунун аймагына кирип, бир нече калктуу конушка көзөмөл орноткон.

Шерине

XS
SM
MD
LG