Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Өзбек тилин коргогон ректор Кремлдин каарына калды


Ташкенттин метросундагы акын Алишер Навоинин сүрөтү.
Ташкенттин метросундагы акын Алишер Навоинин сүрөтү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги журналист, Өзбекстандын Журналистика жана массалык коммуникация университетинин ректору Шерзодхон Кудратхожанын тилге байланыштуу сөзүнө нааразылыгын билдирди. Буга чейин орусиялык бир нече улутчул саясатчылар "Өзбекстанды аннексиялап алуу керек" дегенге чейин барган.

Москванын нааразы кылган сөз

13-февралда Шерзодхон Кудратхожа өзбекстандык белгилүү журналист жана блогер Кирилл Альтман менен маектешкенде мамлекеттик тилди билбеген өзбекстандыктар жөнүндө сөз кылган.

Ал Карл Маркстын цитатасын эске салып, өзү жашап турган өлкөнүн тилин “баскынчы же келесоо” гана билбей турганын айткан.

Шерзодхон Кудратхожа. 13-февраль, 2024-жыл
Шерзодхон Кудратхожа. 13-февраль, 2024-жыл

“Жашап жаткан өлкөсүнүн тилин эки гана киши билбейт. Же ал киши оккупант, көпчүлүктүн аң-сезиминде алар баскынчылар. Экинчиси - окуганды, ой жүгүрткөндү, ойлонгонду билбеген кеңкелес адам. Балким, кимдир бирөөлөргө бул жакпашы мүмкүн, бирок мен муну кеңкелестик же өзбектерге жасалган колониалдык, бой көтөргөн мамиленин уландысы деп эсептейм. Бир четинен өзбектердин да күнөөсү бар. Биз өтө эле меймандос, жумшак эл келебиз. Бирөөнү көргөндө эле өз тилибизди унутуп коёбуз”.

Кремль бул интервьюга дароо жооп кайтарды. 14-февралда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ректордун сөзүн “акарат келтирүүчү жана кабыл алынгыс” деп атап, Өзбекстандын Москвадагы элчиси Батыржон Асадовго нааразылык билдирди.

Орус тышкы саясий мекемеси “бул өңдүү комментарийлердин мазмуну жана маанайы” эки өлкөнү байланыштырган “терең стратегиялык өнөктөштүккө толугу менен каршы келет” деп эсептейт.

Өзбек тил китеби.
Өзбек тил китеби.

Москва Кудратхожанын пикирине “союздаш Өзбекстандын калкынын көбү макул эмес” деп ишенерин кошумчалады.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги журналисттин айткандарына эч кандай комментарий бере элек.

Ал эми "Россотрудничество" агенттиги кошуна өлкөнүн Улуттук медиа-ассоциациясы, Мектепке чейинки билим берүү министрлиги менен байланыштарды убактылуу токтотконун билдирип, Кудратхожадан кечирим суроону талап кылды.

Өзбекстандык айрым блогерлер, социалдык тармактардын колдонуучулары Кудратхожаны колдоп, ал кечирим сурабаш керек деген тариздеги постторду жазышууда.

Блогер Шахноза Соатова кээ бирөөлөр аны “жаңы кумир” деп атай баштаганына көңүл бурууда.

Дагы бир блогер Хушнудбек Худойбердиев "Россотрудничествонун" башчысы Евгений Примаковдун билдирүүсүн "орусиялык шовинисттердин тантык кеби” катары сыпаттады:

"Ошол шовинисттердин логикасы күлкү келтирет: көз карандысыз мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүнү кадыресе көрүнүш катары санашат, бирок башкалар өз өлкөсүндө эне тилин урматтоону талап кыла албайт деп ойлошот”, - деп жазды блогер.

Орусиялык пропагандачылардын Өзбекстанга каршы билдирүүлөрү

Саясат талдоочу Анвар Назировдун айтымында, Өзбекстанда жашаган, бирок өзбек тилин билбеген жарандарга байланыштуу маселе буга чейин да козголуп келген:

“Кудратхожанын сөздөрү кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирет деп ойлобойм. Албетте, анын айткандары Өзбекстанды байырлаган орустардын кайсы бир бөлүгүнө багытталган. Себеби, өлкөдө жашаган башка улуттардын өкүлдөрү негизинен өзбекче жакшы билет. Тилдери жакын болгондуктан, каракалпактар, казактар же кыргыздар менен мындай деле ээн-эркин сүйлөшсө болот. Жаш орустардын арасында өзбекче билгендер көп эле. Улуу муундун өкүлдөрү, тагыраагы журналисттерден, "Россотрудничествону", орус элчилигин айланчыктап жүргөн, маданий мурасты сактап калабыз деген шылтоо менен колониализмди, сталиндик репрессияларды актоого аракеттенген өздөрүн "тарыхчы" деп атагандардан турган чакан бир катмар Москвага даттана калышканы түшүнүктүү”.

49 жаштагы Шерзодхон Кудратхожа - өзбек өкмөтүнө жакын адам. Мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун, ошол кездеги премьер, азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин маалымат кызматтарында иштеген.

2018-жылы ал Ташкентте жашаган орус аялга аны менен “өзбекче сүйлөшүү” кеңешин берген. Мындан кийин социалдык тармактардын кээ бир орус тилдүү колдонуучулары аны улутчулдукка айыптаган. Кудратхожа анда дооматтарды четке кагып, маалымат чабуулуна туш болгонун айткан.

Тил маселеси кошуна өлкөдө маал-маалы менен козголуп келет. Январдын ортосунда өзбек парламентинин вице-спикери, "Миллий тикланиш" партиясынын лидери Алишер Кадыров орус тилин билим берүүдө, телеканалдарда жана башка тармактарда колдонууну кайра карап чыгууну сунуш кылган.

Ага чейин өзбек парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Танзила Нарбаева Ташкентте жаштар менен жолугушууда Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбой турганын айткан.

Анын алдында орусиялык пропагандачылар Өзбекстанга каршы бир нече билдирүү жасаган.

Алсак, орусиялык тарыхчы Михаил Смолин "1917-жылкы революцияга чейин өзбектер жок болчу" деп айткан.

Былтыр 20-декабрда орусиялык жазуучу жана саясатчы Захар Прилепин пресс-конференцияда “өзбекстандык 2 миллион жаран биздин өлкөдө жүргөндүктөн, Орусия Өзбекстанды аннексиялап алышы керек" деп билдирген.

Захар Прилепин
Захар Прилепин

"Кудратхожа айткан сөзү үчүн кечирим сурабашы керек”

Анвар Назиров ошол жана буга чейинки бир катар билдирүүлөрдүн радикалдуу мүнөзүнө көңүл бурат:

“Алар катардагы эмес, бийликке жакын адамдар экенин билебиз. Алардын билдирүүлөрү абдан радикалдуу болчу, Шерзод Кудратхожаныкы менен салыштырып болбойт. Алар Өзбекстандын жерин басып алса болорун, өзбектер гана эмес, кыргыз, тажик мигранттары үйлөрүнө кайтып барып өз акчасына орус мектептерин курушу керектигин айтышкан. Өзбектердин, казактардын тарыхына да кайрылып, алар 1917-жылкы революцияга чейин жок болчу деген сөздөрдү укканбыз. Айтмакчы, бул Путиндин ойлоп тапканы, жакшы көргөн сөздөрү, Ленинге чейин бул жерде эч ким жок болчу, жалаң орустар эле, өлкөлөрүбүздүн аталыштары да болгон эмес деп кайталай берет. Албетте, Прилепин жана Смолиндин мындай билдирүүлөрү, балким, биринчи жолу Ташкенттин катуу реакциясын жаратты. Өзбек Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисин чакырткан. Менимче, ыңгайсыз абалда калган Москва маалымат айдыңында өч алайын дегендей. Бул максатта Шерзод Кудратхожанын сөздөрүнө асыла калышты. Бирок ал жаңы эч нерсе деле айткан жок. Болгону көптөгөн блогерлердин буга чейинки ойлорун кайталады. Айткан сөзү үчүн ал кечирим сурабаш керек”.

Анвар Назиров
Анвар Назиров

Назиров Прилепин Путинди президенттикке көрсөткөн “Адилет Орусия” партиясынын төрага орун басары экенин, партиянын лидери Сергей Миронов ага эч кандай чара көрүлбөсүн айтканын эске салат. Политолог орусиялык саясатчылар четтен чыккан билдирүүлөрү үчүн мурда-кийин кечирим сураганын укпаганын белгилейт.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги нааразылыгын билдиргенден кийин Орусиянын тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Мария Захарова Прилепиндин айткандары ал кишинин жеке оюн гана чагылдырарын айтып актанган.

Кошуна өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик тил деп өзбек тили бекитилген, орус тилине эч кандай макам берилген эмес.

Орусиялык кээ бир саясатчылар, медиа чөйрөсүндө жүргөн адамдар, пропагандачылар Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн дарегине да орус тилине байланыштуу сын айтып келет.

Жыл башында теле алып баруучу, "Газпром-медиа" мамлекеттик медиа холдингинин башкы директору Тина Канделаки темир жол станцияларынын аталыштарын орусчадан казакчага өзгөрткөнү үчүн Астананы катуу сындаган.

Кийин казакстандыктарды 2022-жылкы Январь окуялары учурунда, өлкөдө башаламандык өкүм сүргөн чакта Орусия жетекчилик кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюму Алматыга аскерлерин жөнөткөнүн унутпоого чакырды.

Бир нече күндөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Канделакини өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганын билдирди.

15-февралда теле алып баруучу чыгарган косметика каражаты Казакстандын интернет каталогдорунан алынганын "Азаттыктын" казак редакциясы жергиликтүү Телеграм-каналдарга таянып жазды.

XS
SM
MD
LG