Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Ноокатта да өзгөчө кырдаал жарыяланды


Ноокат району.
Ноокат району.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алты кишиге жетти. Алардын үчөө ноокаттыктар экени 20-мартта аныкталып, райондо өзгөчө кырдаал киргизилди.

Буга чейин коронавируска байланыштуу Сузак районунда да өзгөчө абал жарыяланган. Ал арада Cаламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады.

20-марттагы басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы үч учур катталганын маалымадады. Министр алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген Ош облусунун Ноокат районунун тургундары экенин кошумчалады:

«Ал үч адам дагы ыйык жерге барып жуктуруп алышыптыр. Алардын баары ооруканада дарыланып жатат. Умрага барып келгендерге кайрылат элем: эч кандай түлөө, тойлорго барбаңыздар. Үйдөн чыкпаңыздар».

Ноокат районунда өзгөчө кырдаал киргизилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00


Коронавирус илдетине чалдыккандар Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймагынан экенин жергиликтүү бийлик ырастады.

Республикалык штаб вирусту 67, 71 жана 77 жаштагы аялдар жуктуруп алганын маалымдады. Учурда үчөө тең райондук ооруканада жатат.

Андан тышкары алар менен байланышкан 169 киши обсервацияга жаткырылганы маалым болду.

"Дагы кандай учурлар катталары азырынча белгисиз. Бирок биз алдын алуу үчүн даярдыктарды көрүп жатабыз. Ноокат району боюнча 700 орун даярдалган. Мындан сырткары тамак-ашы медициналык каражаттар да даяр", - деди райондун акими Давранбек Маматалиев.

Учурда Ноокат районунун айрым айылдары карантинге алынып, машинелердин каттамдарына чектөө кирди.

Өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы райондун аймагындагы Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл аймактарына коюлган тосмодон сырткары 35 жерге блокпостторду орнотту.

"Милиция жергиликтүү тургундардан коронавирусту жоюу жана алдын алуу аракеттерине түшүнүү менен мамиле жасап, блокпосттордогу өз милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге туура мамиле кылууну өтүнөт", - деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев районго өзгөчө кырдаал киргизилгенин, бирок базар менен райондун ортосундагы жол жабылбай турганын «Азаттык» радиосуна билдирди:

«Айрым чектөөлөр болот. Бирок жолдор жабылбайт. Санитардык нормалар сакталып, жарандарыбыздын коопсуздугуна өзгөчө маани берилип, дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери, жергиликтүү бийлик ооруну алдын алуу жана жайылтпоо максатында иштерди алып барышат. Базар, азык-түлүк дүкөндөрү иштейт. Башаламан сооданы токтотобуз. Вирус жуктурган кишилер менен байланышта болгондорду обсервацияга жаткыра элекпиз. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн».

Акимден интервью алууга барган учурда анын кеңсесине биринчи вице-премьер Акрам Мадумаров, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жана губернатор Узарбек Жылкыбаев кирип кетишти.

Ошол эле маалда Ноокат шаарында беткап кийгендер чанда экенин көрүүгө болот. Айрым тургундар блокпост эмнеге коюлганын түшүнбөй жатканын айтышты.

«Мен өкмөттүн иши менен жүргөм. Өзүм ушул эле жерде жашайм. Жолго чыгайын десем болбойт экен».

«Эмнеге өткөрбөй жатканын билбейбиз. Ошону билели деп турабыз».

«Биз да азыр эле келип туруп калдык. Биз ушул Өсөр айылынан болобуз».

Блокпост коюлган жерде турган медицина кызматкери адамдардын ден соолугун текшерип жатканын, бирок жанында эч кандай жабдыгы жок экенин айтты:

«Дене табын текшерип жатабыз. Бизде жабдыктар жок да. "Кайсы жерге бардың? Кайсы баталарда болдуң? Тойлордо болдуңбу?" деп сурап жатабыз».

Ал арада Cаламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады. Министрликтин маалыматына караганда, тиешелүү мекемелер учурда коронавирус жуктурган үч ноокаттык менен чогуу учуп келген 282 адамды жана алар менен байланышта болгондорду тактоо ишин жүргүзүп жатат.

Ноокаттыктарды кошкондо Кыргызстанда коркунучтуу илдетти жуктуруп алгандар расмий маалымат боюнча алтыга жетти. 18-мартта алгач ирет Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үч тургунунан коронавирус табылып, ооруканага жаткырылган. Алты кишинин баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер. Бирок алар эки башка учактын жүргүнчүлөрү экени белгилүү болду.

Сузактыктар менен чогуу учуп келген 142 адам азыр обсервацияда, алар менен байланышта болгон 1414 адам үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Баары Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жашайт.

Ал арада Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев өкмөт башчыдан өлкөдө өзгөчө абал киргизүү боюнча пикирин сурады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаал жарыялоонун мыйзамдагы шарттарына токтолуп, маселе бүгүн чечилерин билдирди:

«Өзгөчө кырдаалды киргизүүдө мыйзамдын шарттары бар. Мисалы, облуска киргизиш үчүн эки райондө өзгөчө абал болушу керек. Республикага киргизиш үчүн эки облуска өзгөчө абал киргизилиши керек. Кандай формада болот, азыр чечели деп жатабыз».

Коронавирустан сактаныңыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG