Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:48

COVID-19: мигранттар эрежеге көндү


Москва. 17-март, 2020-жыл.
Москва. 17-март, 2020-жыл.

Орусияда коронавирусту жуктургандардын саны 147ге жетти.

Оперативдүү штабдын маалыматы боюнча бир күндө Орусияда коронавирус 33 кишиден аныкталды, алардын 31и Москвада.

Буга чейин коронавирус 114 адамдан табылган. Мындан тышкары 18 миңдей адам үй карантини менен догдурлардын көзмөлүндө.

COVID-19 вирусуна чалдыккан кишилердин 80ден ашууну Москвада. Шаар мэри Сергей Собянин буга чейин карантин жарыялоого "олуттуу негиз жок" деген. Ушу тапта Москванын четинде коронавируска чалдыккан адамдар үчүн атайын оорукана курулуп жатат.

Ал эми орус калаасында жашап, иштеген кыргызстандыктар акырындык менен элден обочолонууга өткөнү байкалат. Алардын бири - Анара Арунова ишин таштап, эки жумадан бери үч баласы менен үйдөн чыкпай отурат.

"Ызы-чуу башталганда эле дүкөндөгү ишимен эс алууга чыктым. Керектүү азык-түлүк, дары-дармекти алып, балдарым менен үйдө отуруп алдым. Эки кичинекейим бала бакчага барчу. Ал жактан "өз каалооңор менен арыз жазып, убактылуу каникулга кетсеңер болот" дешти. Азыр жолдошум эле иштеп жатат. Иш, акча табылат, сак бололу деп ушундай чечимге келдик. Азыр дүрбөлөңгө түшпөй, ар бирибиз өзүбүздү карап, эки жакка чыкпай сактанышыбыз керек".

Ал арада Москвадагы кыргызстандыктар жалпы абалга байланыштуу иш сааты кыскарып жатканын айтып, жумушсуз калуудан чочулап турушат. Азамат Омош буга биринчи кезекте тейлөө кызматында иштеген мигранттар кабылганын айтты:

"Кыргыздар кафе, соода түйүндөрүндө, мейманкана, жалпы тейлөөдө көп иштейт эмеспи. Азыр кафе-ашканадагылар иш сааттары кыскарып, эс алууга чыгарып жатканын айтып жатышат. Иштин азайганы - коронавируска байланыштуу азырынча ушул эле таасири байкалды. Жалпысынан абал тынч. Шаарда карантин жарыяланса, эмне болобуз деген тынчсыздануу бар. Ишкана, мекемелер ишин токтотсо, мигранттар жумушсуз калып, мекендештерге кыйла эле кыйын болот. Бирок орус өкмөтү карантин жарыялоого негиз жок деди. Ал эми тамак-аш, дары - дармек жагынан кыргыздар башкалар менен тең эле алдын ала камданып калышты. Тазалык, гигиенаны да карап, этият болуп турушат".

Буга чейин таксиде иштеген мекендештер операторлор автоунааны дезинфекциялап, айдоочулардан беткап кийүүнү талап кылып жатканын айтып беришкен. Москвада эл көп катыша турган жыйын, чогулуштарга тыюу салынып, мектептер жабылып, маданий жана спорттук иш-чаралар токтотулган.

Чет жердеги мекендештер мындан ары кырдаал кандай өзгөрүп, өздөрү кандай акыбалга кабыларына тынчсызданышканы менен Кыргызстанга кайта тургандары аз.

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы темир жол каттамдары токтотулган. Ал эми Казакстандын чек арасы 14-марттан тарта жабык турат. Орусиялык «Азимут», «Урал аба каттамдары» компанияларынын орус шаарларынан Бишкек менен Ошко каттамдары да кыскартылган.

Кыргызстандын «Авиа Траффик Компани» компаниясынын Москвадагы өкүлү Эгемберди Мырзабеков аба каттамдарында жүргүнчүлөр азайганын айтты:

"Кыргызстанга кетебиз деп ашыккандар жок. Тескерисинче, орус паспорту жана ID-карта менен чек арадан өтө албай калабызбы деп чочулап, билеттерин тапшыргандар бар. Ал эми кээ бир каттамдардын кыскартылганы эки жакка каттаган жүргүнчүлөрдүн саны азайганына байланыштуу".

Кыргыз өкмөтү чет жактан ID-карта менен келген кыргызстандыктар кошумча текшерүүдөн өтөрүн марттын башында эскерткен. Буга кошумча 19-марттан тарта чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга киргизилбей турган болду.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова дипломатиялык өкүлчүлүк күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын айтты:

"Күнү-түнү иштеп жатабыз. Телефон, социалдык тармактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мекендештерге жергиликтүү бийлик кабыл алган чараларга ылайык эрежелерди сактап, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирустан сактануу боюнча сунуштарын колдонгула деп кабарлап жатабыз. Орусиядагы диаспора башчылары, активист жана коомдук ишмерлерди бириктирген жалпы чатыбыз бар. Ошол жактан маданий, спорттук иш-чараларды токтотуп, мигранттардын жыйын, чогулуштарын токтотолу деп эскерткенбиз".

Байымбетованын билдиришинче, азыр Орусияда мигранттарды "массалык түрдө жумуштан кетирип, таркатып жатат" деген маалымат так эмес.

Ал эми миграциялык каттоонун мөөнөтүн узартууга муктаж мигранттар коронавируска байланыштуу орус тарап берген жеңилдикке ылайык, Орусиянын ИИМнин миграциялык башкармалыгынын бөлүмдөрүнө барып, эч тоскоолдуксуз миграциялык карталарын узарта аларын элчиликтин өкүлү тастыктады.

Орусияда 750 миңден ашуун кыргызстандык бар, алардын жарымынан көбү Москва шаары менен облусунда. Буга кошумча орус жарандыгын алган жарым миллиондон ашуун мекендеш жашайт.

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 200 миңден ашты. Илдеттен 8 миңдей киши каза тапты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG