Бул кадамын журналист сот чечимдерине макул эмес болсо да аларды аткарууга мажбур экендиги менен түшүндүрдү. Айрым медиаэксперттер мындай аракет барандуу журналист Нарын Айыптын аброюна жана кыргыз медиасындагы обьективдүүлүк принцибине шек кетирет деп жатышат.
Журналист Нарын Айып мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна байланышкан сот чечимдерин аткаруу максатында өзүнүн сайтына үч төгүндөө жарыялады. “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, соттун чечимин аткарууга аргасыз болгонун билдирди.
- Аргасыздык. Биз өзүбүздү күнөөлүү деп эсептебейбиз. Сот чыгарган үч чечимдин бирөөндө да намыска тийген сөз жок. Анча-мынча тие турганы – Акаев айткан 50 миллион рубль тууралуу. Бирок биз “ушундай болгон” деген жокпуз да. “Акаев айтты” деп жатабыз. “Баланча деген сөздөрдү төгүндөп, 3 миллион төлөш керек” деп соттун ар бир чечиминде жазылган. Ошонун бирөөнү аткарып жатабыз. Анткени соттун чечими чыккандан кийин ал адилеттүүбү же жокпу, ар бир адам аткарышы керек. Ошондуктан биз “төгүндөө чыгарыш керек” дегенди аткардык.
Башкы прокуратура былтыр журналисттер Нарын Айыпты, Дина Маслованы жана "Zanoza.kg" сайтын "Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деген негизде сотко берип, жалпысынан 27 миллион сомдук доого жыккан. Райондук жана шаардык сот прокуратуранын доосун толук канааттандырган. Сот макалада айтылгандар жокко чыгаруу жана аталган сайтты жабуу тууралуу чечим чыгарган. Бул иштер февраль айында Жогорку сотто каралып, сот чечимин күчүндө калтырган.
Ошондон улам Нарын Айып 13-мартта өзүнүн жаңы ачкан narynaiyp.com сайтына “Текебаевдин юристтери: Кулаган учактагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык болчу”, «Өмүрбек Текебаевдин камалышы: интрига курчуй баштады» деген темадагы макалаларда айтылгандар жана “Акаевдин айтуусунда, Чыңгыз Айтматов 50 миллион рублди Жазуучулар союзунун кызматкери Атамбаевге берген” деген сөздөр “чындыкка дал келбейт” деген үч төгүндөө жарыялады.
Журналисттин айтымында сот чектеген акчалай айыппул качан төлөнөрү белгисиз. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков журналист Нарын Айыптын Бишкек шаарындагы батирин сатыкка чыгарып, ошонун эсебинен айыппул өндүрүү тууралуу арызын чакыртып алганын айткан. Айыппулду бөлүп төлөө боюнча журналисттердин өтүнүчү дагы четке кагылган болчу.
Журналист-серепчи Турат Акимов муну журналисттин жеңилүүсү эмес, жалпы сөз эркиндигене таасир эте турган соттук өндүрүш катары баалап жатат.
- Нарын Айып чарчады, соттун эт туурагычына тыгып койгондо адам өзү эле эзилип калат. Бул - атайын журналистикага, бүт сөз эркиндигине таасир эте тургандай жасалган соттук өндүрүш. Чарчагандан макул болду да.
New.tv телеканалынын жетекчиси Нурлан Шакиев бул көрүнүштүн бири бирине кайчы келе турган эки жагдайын белгиледи:
- Бул анын аброюна чоң зыян алып келет. Кайсы бир деңгээлде ал өзүнүн туура эмес жазгандарын моюнга алып жатат. Демек, "журналист туура нерсени жазып, объективдүү болуп, калыс чагылдырышы керек" деген принциптерден кандайдыр кызыкчылыктан улам тайып кеткендей кабылданышы ыктымал. Экинчиден, ошого аргасыз болушу мүмкүн. Бирок эмне болгон күндө да жыйынтык бирөө. Ушундай нерселерден улам чындыкты да айта албай калышы мүмкүн деген коркунучтар болот.
Анткен менен "журналисттер кол тийбес болбошу керек, бул башкаларга сабак болот" дегендер да бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди. Эл өкүлү өзү да жоопкерчиликти күчөтүү максатында маалымат айдыңын көзөмөлгө алып, Интернетти, социалдык түйүндөрдү мониторинг кылчу орган түзүү жана башка демилгелерди көтөрүп жүрөт.
- Журналист болобу, депутат болобу, президент болобу, соттун чечимин аткарышы керек. Ансыз мыйзамдуулук болбойт. Журналисттер кол тийбес кишилер эмес. Жок дегенде жазып жатканда ойлонушу керек, жоопкерчиликти, фактыны текшердиби, башка тараптан интервью алдыбы, жокпу - эми ошону ойлоно баштайт.
Жарандык коом, медиа өкүлдөрү доого жыгылган журналисттерге жардам иретинде акча чогулта башташкан. Нарын Айыптын айтымында, анын суммасы учурда 400 миң сомго жетти.
Мындан сырткары, “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.
Ушундай соттук жаряндардан улам эл аралык уюмдар өз баяндамаларында Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча рейтингде артка жылганын белгилешкен.