Мадамин аке
Өзгөн өзү, автор айтмакчы, тепейген кичинекей шаар, тарыхый эстеликтеринин көбү урап, азы калган эски калаа. Элинин көбү соода-сатык чайкоочулук менен күн көрөт. Бул жерден аты алыска кеткен эки Салижандын киндиги кесилген, бири жазуучу, акын, котормочу, ойчул, экинчиси космонавт.
Ойчул Салижан жетинчи классты бүткөндөн кийин агасы Түмөн өзүнүн узун шымын кийгизип, колуна тапкан акчасын карматып окууга узаткан. Иниси үмүттү актап, борбор шаардан орто мектепти, андан соң университетти бүтүп Көлдүккө мугалим болуп келди. Бу кезде боорукер агасы кара жер жазданып "макмал дөбөлөрдүн" биринин алдында калган.
Мектепке иштей баштагандан тарта аны кусалык жеп, ичи бышчу болгон. Кууш капчыгайдын бийик бооруна жабышкан узун кыштагында отуруп бук болот.
Окууга көнгөн жаңы китеп, гезит-журнал издеп шаарга барат. Ал жерге жетиш үчүн акыйып автобус күтүп, мынабу турган Өзгөнгө кыйналып-кысталып жетет. Айылга чоң борбордон келчү гезит-журналдар келбейт. Аны издеп убара тартпай, кесиптештери менен арак-бозо ичип жүрө берсе деле болмок, бирок илим-билимге сугалак жаны убакыт-сааты болуп калганда зарыгып машине күтүп Өзгөнгө апта сайын барат.
Басмакананын жыты кете элек гезит-журналдарды колуна алганда дүйнөсү жарк этип, айлана башка түскө боёло түшөт. Ошол гезит-журналдардын кызыгы аны Мадамин аке менен тааныштырды. Кара жол-жол сукнадан китель кийген Мадамин акенин элпектиги, сылыктыгы таң калтырчу. Ал киши да көп окуган, анысын башкаларга кызыктуу кылып айтып берген, андан да "сатуучулук маданияты" бийик укмуш адам экен. Жума сайын келип бир кучак гезит-журнал алган окурманын ким жаман көрсүн, экөө тез эле сырдаш болуп кетишти.
Айтымда Мадамин аке сталиндик заманда абакка жатып, хрущевдук ХХ съезде акталып, мурдагы мугалимдик кесибине келүүгө шарт түзүлүптүр. Бирок ортодон кыйла убакыт өтүп кеткен, мугалимдер көбөйүптүр. Аларды көрүп Мадамин аке мени мугалим кылгыла деп барыштан уялып, китепти жакшы көргөн жаны чайкоочулукка ообой, китепканага иштейин десе орун жок, гезит-журнал саткан күркөдө иштеп калды. Планы толбой башында кетип калсамбы деп да жүрдү. Күркөдө эми отурмай да, гезит-журнал окуган адам ал кезде Өзгөндө аз болчу, анан да социализм заманында план деген бар эле, аны толтуруш кыйын. Эмне кылыш керек, ойлоп-ойлоп отуруп Мадамин аке мунун да жолун тапты.
Негизи өзгөндүктөр гезит-журнал окугандын ордуна чайканада көк чайдан ууртап аския айтышты жакшы көрүшөт. Мадамин аке да ашыналары менен чайканага барып ал жерде отургандарга дүйнөдөгү жаңылыктарды, кызыктуу маалыматтарды айтып келип, бирок анысын кызык жерине келгенде токтотуп коёт.
Аягы эмне болду деп такып сурагандарга "менде бар, сатып окусаңар болот" дейт. Ынтызар болуп калган чайкорлор күркөгө жөнөшөт.
Келгендерге сылык-сыпаа мамилеси, сунуштары менен жагып, иш планын 500 пайызга жеткире аткарган күркөчү ошентип оозго алынып, жазуу десе жата калчу үлкөн ойчулга жолугуп, экөө мыкты ашына болуп калышпадыбы.
Мадамин акенин планы да толуп, иши жүрүшүп кетти. Адам кайсы жерде иштесе да "бийик адеп-ахлакты сакташ керек" деген Мадамин акенин принциби түпкүлүгүндө барып-келип бул дүйнөдө мааниси аз майда жумуш жоктугун ырастайт. Ал кишини көргөндөн кийинки Салижан аке мындай бүтүмгө келди: "Эгер адам жан-дилин бүтүндөй берсе, ар кандай көзгө майда көрүнгөн иштен кадыресе чон маани, кадыр-барк, канимет таба алгыдай".
Мыкты "икеномис"
Өзгөндүн чыгыш тарабында жайгашкан Мырзаке районунда мурда 27 колхоз болуптур. Баарысы мамлекетке олчойгон карыз, кедей чарбалар эле. Анан бир күнү Көлдүктүн баткак жолу менен арык атын теминип активдердин бири элди чогулушка чакырып кетти.
Колхоздун жадагалса жакшылыктуу кеңсеси жок, бийликке жакпай камалып кеткен мурдагы раистин үйүн кантор кылып коюшкан, эл ошонун алдына чогулду. Дагы эмне болуп кетер экен деп үрпөйгөн айылдыктардын алдында кеңседен чыккан кара тумакчан жаңылыкты айтты:
"- Эми силердин өзүңөрдүн ортоктош малыңар, көптөн бери жыйнаган ортоктош байлыгыңар өкмөткө өтөт, мамлекеттин менчигине өтөт. Ошону мамлекетке өз ыктыярыбыз менен өткөрүп беребиз деп кол көтөрүп коюшуңар керек.
Ал угуп тургандар жакшы түшүнбөй калды деди окшойт, минтип кошумчалап койду:
- Колхоздун байлыгы силердики эле да, ошону эми өз эркиңер менен мамлекеттин карамагына өткөрүп берип жатасыңар да.
Ошондогу бир учур, мага унутулгус таасир калтырды. Колхоздукун эмдигиче өзүмкү деп ниетинде эсептебей жүргөн биздин кыштактын дыйкандарынын сезимине ушу баары көптөп кураган байлык чын эле өздөрүнүкү экени, эми аны чын эле ошо бойдон мамлекетке өткөрүп жатканы ошол минутада ушунчалык таамай жетти окшойт, алар бир саамга эмне кыларын билбей, бири-бирине суроолуу карап, үрпейгөн калыбында кыңырылып туруп калышты. Анын үстүнө эски менен коштошуу кыйын болот окшобойбу. Көтөрүм жылкыдай алсыз болсо да, бир грамм эмгек күн бербесе да, оңолчу түрү көрүнбөсө да, колхоз дегениң не кылган менен сырдана, жыт сиңишкен нерсе эле да. Эми "совхоз" деген сөз аларга чоочун, туюк, коркунучтуу туюлду. Анан алар ортоктош байлыгын да, тагдырлаш колхозун да кыя албай, дароо кол көтөрүп жибере албай же такыр кол көтөрбөй коё албай, нес болуп туруп калышты".
Бересиңер дегенди уккандан кийин элейе түшкөн колхозчулар кара тумакчандын сөзүнөн кийин чын эле өз малын ортого кошуп аткансып, делдейип туруп калышты.
Мындай шартта эл алдына чыгып сүйлөөнүн кыныгын алган эски раис Дыйканбай аба ишке жарап кетти. Кызматтан түшкөнү өзү менен өзү болуп, башкалардын деле аны менен иши болбой, соксоюп үйүндө отуруп калган эле.
"Сапкоз андай экен, сапкоз мындай экен деген бекер кеп. (Ал сөзүн жай баштады) Андай балтай-шалтайлар илгери колхоз болордо да болгон. Бир төшөккө жатат деп, бир казандан аш ичет деп. Ошо бизди коркуткан колхозду да көрүп бактык. Мына ушу тургандар баарыбыз эле калкоздон көгөрүп, калкоздон этегибиз узарды деп, калкоздун элге кылган жакшылыгына келгенде баарынын үйүндө он-он бештен шайы жуурканы жыйылып турганын айтты.
"Өкмат элди жаман жакка сүйрөбөйт" деди, мындайда биримдикти көрсөтүп "мал-жаныбызды өкматка өз ыктыярыбыз менен өткөрүп беребиз деп баарыбыз кол көтөрөбүз" дегенде тургандар жапырт колдоп ийишти.
Кийин айылдыктар совхоздун башкы "икеномиси" болуп Жакып Исабаев дайындалганын кеп кылып жүрүштү. Айтымда ал Москвадан окуп келиптир, айылдыктарды анын көзүнүн майын коротуп китеп эле окуй бергени таң калтырды, ушундай да окумал болобу?!
Ошол "икеномистен" Салижан аке көңүлүнө төп келген сөздү кайсы бир тойдо экөө чогуу отуруп калганда укту. "Кыргыз жаштары азыр түтөп турат, а жалындап күйүш керек" деди, анысы адабиятка кызыгып жүргөн авторго "жакшы ырдын сабындай кулагына жылуу учураган". Жарк этип эсте калчу алдагыдай үлбүрөк сөздөр дайым эле айтыла бербейт го. Кийин "Алга" совхозунун канторуна кире калып анын карандай сандарды чууртуп бирөөлөргө так айтып жатканын угуп таң калган жайы бар. Эбине келтирип айтса экономика деле эң кызык окшойт.
"Экөөбүз далай ирет сүйлөштүк. Анын сөздөрүн угуп отуруу өзүнчө сонун. Сен капыстан экономикалык түшүнүктөрдүн дүйнөсүнө киресиң, анан сага караманча маанисиз көрүнгөн терминдер кол менен кармалап көргүдөй предметтүү боло түшөт. Блок айткандай "муздак цифралардын ысык илеби" кадыресе сезилет. Өз илимин өзү жасап алгандай жакшы билген адам гана ушундай шык менен айтып бериши мүмкүн.
Аны угуп отуруп, бир ойго келдим.
Бу экономист дегениң чарбанын философу окшойт деп калдым.
Билерсиңер, философ жеке илимдердин негизги закондорун жалпылап келип, алгылыктуу бир философиялык тыянак чыгарат.
Анын сыңары жакшы экономист да чарбанын ар кыл тармагынын табиятын, өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн алаканга салгандай билмейинче, аларды терең анализ аркылуу жалпылап чыкмайынча, өз милдетин аткара албайт. Ал эми анын милдети эле ушул: аз убакыттын ичинде аз эмгек сарптап, көп пайда, көп киреше табуу".
Москвадан жакшы билим алып келген Жакып Исабаев элетке келгенде өзүн таштап койбой, алган билимин дагы тереңдетип, байытып келатыптыр. Мындайга шаардан мыкты билим алгандын баары эле батына бербейт.
Мыкчыгер
Жакып Исабаевдин кебинен улам ал дагы бир таанышын эстейт. Борбордо жакшы окуп, тыкан кийинип, алдыңкы студент деген курбусу институтту аяктагандан кийин айылга барганда шаарды эстеп куса болуп, айласыз жүргөнүн жазчу. Кийин-кийин каттарында элет шартына көнүп баратканын билдирчү болгон. Бир жолу айылга барганда шаарда ынак болуп калган баягы таанышынын таптакыр өзгөрүп кеткенин көрдү. Анын кимдигин ошондо билди окшойт.
"Анда ал маданияттуу болушка жан-алы калбай талпынган, бийик-бийик максаттарды көздөгөн, билим алсам дегенде жантыгынан жата калган дилгир неме эмес беле? Анда аны түшүнчү эмес экенмин. Көрсө ал маданияттын да, билимдин да сыртынан гана алып, алтындын буусу жалатылган буюмдай жаркыраган бойдон шаардан айылга келе бериптир. Турмушка урунганда буусу сыйрылып түшүп, ичи-тышы окшошуп, өзүн кыйын санаган айылдык арсыз мыкчыгерлердин бирине айланыптыр. Мен анын ушунусуна негедир кейип кеттим".
Ошол кокуйгүн мыкчыгер бир күнү диссертация жактап, илимпоз болсомбу деп калыптыр. Аткаминерлердин биртобу ошентип илим жактап жатканын угуп калса керек. Антип эч ким окубаган илимий иш жазып, окумуштуулук наам алганга ынтызар мансапкорлорду жеринен жактырбаган Салижан Жигитов таанышына "кандидат эле болгуң келсе, кызматтан кулаганда кир" деди. Бирок анысы "атасынын көрү, акча барда илим кандидаты болуп коёюн" деп алыптыр.
Ойлонуп көрөбү деп ээленип алган курбусуна Жакып Исабаевдин мисалын келтирди. Ал өзү иштеген чарбанын, аймактагы чарбалардын экономикалык абалы менен иш тажрыйбаларын ийне-жибине чейин иликтеп, талдап, жыйынтыктап мунун негизинде ишти уюштуруунун, эмгек акы төлөөнүн натыйжалуу жолдорун изилдеп, илимий иш жазып жатканын маалымдады.
"Эч кимге жашыруун сыр эмес, көп эле диссертациялар корголгондон кийин практикага ныпым пайдасы тийбей, архивдерде чаң басып кала берет, көп болсо айрым главалары илимий жыйнактар менен журналдарга жарыяланат, бирок алардын деле өндүрүштө иштеген адистердин делебесин козгоп, кандайдыр жакшы жумуштарга шыктантканы сейрек жолугат. Жакып Исабаевдин диссертациясы турмуш менен тыгыз байланышкан, анда совхоздор тармагындагы ар кандай адистерге практикалык кеңештер берилет, республикабыздагы жетимиш проценти рентабелдүү эмес совхоздордун рентабелдүүлүккө бара турган даңгыр жолу көрсөтүлөт. Бир сөз менен айтканда, Исабаевдин диссертациясы азыкты китептердин беттеринен эмес, турмуштун терең катмарынан алган пайдалуу эмгек болмокчу".
Жакып Исабаев акыйкатта да мактоого татыктуу адам, мыкты адис. Аны жалпыга жарыя мактап койсо деле манчыркабай турган инсан.
Көзүнчө калп мактоого алданбай турган азамат. Ошол эле куру мактоодон бийик турган адамдар болот.
"Бирок керт башың адатка айланган майда-чүйдө жалган көз караштардан бошотуп, чындыкты илимийби, нравалыкпы, турмуштукпу же көркөмбү – айтор, бир чындыкты – жаны кашая издеп жүргөн адамга бир мезгилде ушундай бир тайманбастык жаралат, ошондо ага мактоо да, жамандоо да таасир бербей калат".
Жазуучу ушул жерден дагы бир ыймандай сырын алдыга жаят: "А мен айкөл жаны, дилгир жүрөгү бар адамдарды айыпсыз айыптары менен көргүм келет. Дестилляция кылынган сууну жаман көрөм. Кадимки дайра суусун жакшы көрөм. Баса, көп мыкты адамдарды майда чабалдыктары дайыма көркүнө чыгарып, ого бетер сүйкүмүн арттырат. Ушуну байкадыңар беле?"
Куру мактоо, жасалма трафареттерден тажаган автор өзү билген, алдына койгон максатына ак эмгеги, жубардай тазалыгы менен жеткен адамдар гана жалпы элдик сый-урматка, коомдук сый-ургалга татыктуу экенин тээ социализм заманында эле айтып койгон.
Шерине