Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Адабий шылуундун "шедеври"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нукура чыгармачылыктын артында дымактуу жазмакерлик турат.

Адатта андайлар адабияттын төрүн ээлеп, чыныгы таланттын жолун тороп, өнөгөсүн эч кимге бергиси келбейт. Жазуучу Мамат Сабыровдун “Шедевр” аңгемеси ошондой адабий шылуун тууралуу.

Жамийла аксакалдарга жакпай

Чыныгы талант менен адабий шылуундун ортосундагы ачык-тымызын күрөш дүйнөлүк адабиятта абдан көп иштелген темалардын бири.

Кайталангыс сүрөткердин айланасында анын жазгандарын жаратпай, ачык-тымызын бут тосуп, колунан келишинче жамандап, кандай да болсо ээрден оодарып түшүү аракетин жасап, ага керек болсо өмүрүн арнаган жазмакерлерди кыргыз адабиятынын анчалык узак эмес тарыхынан деле тапса болот.

Мисалды алыстан издебей, кыргызча “Обон” деген ат менен чыккан Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласы” ошол кездеги аксакал калемдештеринин кандай сынына кабылганы элдин көбүнө дайын. Ошол советтик турмушка жат көрүнүштү, никелүү эрин таштап кеткен аялды мактаган чыгарма кийинчерээк адабият жаатындагы эң улук сыйлыкка ээ болгонун укканда айрым адабий авторитеттер кадимкидей ооруп калганы ушу кезге чейин айтылып келет.

Иши кылып, нукура таланттын өзүнө жол чаап, адабияттан өзүнө тиешелүү ордун табышы оголе көп тоскоолдуктарга кез келип, толгон-токой карама-каршылыктарга кабылат. Көркөм өнүгүштү коштой чапчу мыйзам ченемдиктин бири ушул.

Минтип сөздү алыстан баштап, калам менен кагазга өч жазуучулар журтуна тааныш темага көңүл оодарып отурушубузга белгилүү калемгер Мамат Сабыровдун “Шедевр” аңгемеси себепкер болду.

Жазуучу чакан аңгемесине оголе олуттуу теманы - нукура талант менен жазмакерликтин аңырайган ажырымын ачып бериптир. Адабияттын өз короосундагы “отоо чөптүн” кандайча чайлап-коолап кетишин Мамат Сабыров бир жазмакердин тарых-таржымалы аркылуу кемелине келтирип, адабий шылуундун көркөм бейнесин тартып салыптыр.

Адабияттагы “Остап Бендердин” кантип жазуучулар журтуна баш багып калышын Мамат Сабыровдун баяндоосунда эле берсек:

Мамат Сабыров.
Мамат Сабыров.

“Аны менен таанышып калганыма Зинакан эже себепкер болду. Жумушта отурсам телефон чалып,“бир тааныш жигиттин макаласы бар экен. Окуп көрүп, жараса чыгарып бербейсиңби” деп калды. Эже экөөбүз бир кезде чогуу иштешип, далай жолу чай ичишип калдык эле. Анан калса, күн сайын канча авторду кабыл алып, алар алып келген макалаларды гезитке чыгарган биз үчүн көнүмүш жумуш болгондуктан, эже айтаар замат келсин дедим.

Арадан жарым саат өтүп-өтпөй (жакын жерде жүргөн окшойт) сербейген суйдаң муруту бар сары чийкил жигит бет маңдайымда мени тирмийип тиктеп отурду. Чыгармасы ачыгын айтканда, мага жаккан жок. “Бир карасаң жомокко жакындап, бир карасаң романды такымдап” дегендей, жанры билинбеген бирдеке экен. Же публицистика эмес, же көркөм чыгарма эмес. Тоо арасында жайгашкан айылдан бир топ киши алтын кенин чет элдиктерге иштеткенге бермей болушат. Келишим түзүлүп, мына-мына иш башталарда бир ажыдаар пайда болот да баарын тоодон кууп түшөт. Окуя ушуну менен бүтөт”.

Кыргызстанды дүң кылган чыгарма

Адабий шылуундун максаты - эптеп кандай да болсо басма бетине чыгып, атын таанытыш керек. Жазганы кандай, бир чыгып унутулуп калчу ортозаар бирдемеби – андай маселе жазмакерди ойлонтпойт. Жазганы чыкканына гана сүйүнөт, ошол эле жетиштүү. Ал аркылуу адабият деген сырдуу дүйнөгө кирүүсүнө жол ачылат. Мамат Сабыровдун Мыканына да гезит аркылуу ошондой жол ачылды. Гезиттин жаңы санынын чыгышын басмаканадан күтүп, жаңы чыккан аңгемесин тааныштарына өзү таратып, “Ачылбаган кен” авторун жазуучулар катарына кошот. Болду анан Мыкан деген жазуучу чыга келет.

“ - Эртең Кыргызстан “дүң” эте эле түшөт ко, - деди кудуң-кудуң этип. - Сен да тарыхка кирип кала турган болдуң.

- Мен эмнеге кирем?

- Макаланы сен чыгардың да.

Мен аз жерден каткырып ийе жаздадым. Өз оюнда шедевр жаратып салдым деп ойлоп атат ко, бечара. Бирок муну деле түшүнсө болот. Өпкө казандай, дымак асманда демекчи, баарыбыз эле баштаганда ушундай чоң амбиция менен баштаганбыз”.

Ошол алакандын отундай аңгеме кийин жупкадай жука китеп – “Беш-Арыктан бир жазуучу” чыкканын ырастаган барандуу окуяга айланып, ал эле эмес улуу жазуучунун мактоосуна арзып, иши кылып, Мыкандын жазуучулардын катарына кошулушуна себепкер болот.

“Ошондон кийин Мыканды көп жыл көрбөй калгам. Гезит-журналдарга деле бирдекелери жарыяланганын көзүм чалбады эле. Бирок соңку кездерде аны жалаң акын-жазуучулардын автордук кечелеринен, банкеттерден кезиктирчү болдум. Мен өзүм жолугушууларга көп кызыкпайм. Бирок кээде окуу жайлардын студенттери чакырып же келемдештер кечелерин өткөрүп калышса барууга туура келет. Таң калычтуусу, мен кайсыл жерге барбайын Мыкан чай ууртап, боорсок жеп төрдө отурган болот.

- Абдыкем молодец!, - дейт мени көрөр замат. - “Ачылбаган кенди” биринчи жолу ушул чыгарган.

Тургандар мени карап калышат. Ичтеринен шылдыңдап атышкандай уяла түшөм”.

Жупкадай жука китеби менен адабиятка кирип алган жазмакер калемдештери алдында “Ачылбаган кенди” Чыңгыз Айтматов өзү мактаганын, мурда улуу сүрөткер аны “смело”, “смело” деп жүрсө кийин “сен укмуш турбайсыңбы!”, “минтсең баарыбыздан озосуң го” деп айтууга өткөнүн кайталоодон тажабайт.

Мыкандын “Ачылбаган кенин” гезитке чыгарып берген Абды менен анын жука китебин орусчага которуп берген Турсункул Кылдыров эл алдында уялып жер карашат. Бирөөнүн көңүлү, тааныштын суранычы деп адабий шылуунга жол ачып берген эки инсандын билип-билбей жасаган иштери үчүн адабиятка дагы бир жазмакер кошулуп, ансыз да ортозаарлыктын азабын тартып келаткан сөз өнөрүнүн дагы бир баш оорусу пайда болот.

Аалы Токомбаевдин кайтарылган ыры

Көркөм адабияттагы мына ушул көрүнүш, шылуундуктун аркасы менен жазуучу атанып, жазмакерликти күчөтүп жаткандар тууралуу пикирин сурап Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевди кепке тарттык эле, ошону угуп кебибизди улайлы.

“Азаттык”: Шаке, билесиз, азыр мурдагыдай цензура жок, адабиятта жок, бирок анын төрүн ээлеп алган жасалма адабият өкүлдөрү көбөйүп баратат. Ушул кайдан чыгат?

Шайлообек Дүйшеев.
Шайлообек Дүйшеев.

Дүйшеев: Беке, айтпадыңбы адабий шылуундар деп, муну адабий тентектер деп койсо деле болобу деп кетем. Булар адабияттын төрүнө деле чыкпайт, чыккысы деле келбейт. Кээде тентектик кылып, кээде атайын эле бир нерселерди жасап жиберген учурлары болот. Илгери бирөө айтты эле: “Отуруп-отуруп эле жазгым келет, бирок колуман келбейт. Жанымдагылардын жазгандары журналдарга, гезиттерге чыкса ичим ачышат” деп. Аларды мактап жатып калышат. “Мен эмне үчүн жаза албайм?” деп кыжырым келип, бир күнү отуруп-отуруп Токомбаевдин китептеги ырын көчүрүп туруп өзүмдүн атыман салып жиберсем жооп келди, дейт. Сүйүнүп жүрөм, мага да жооп келди деп. Көрсө мындай болуптур. “Көркөмдүгү начар болгондуктан ырыңызды пайдаланган жокпуз, ырыңыз начар экен” деп. Ыр болсо Эл акыны Токомбаевдин ыры болчу.

Тиги тентектер, шылуундар мурда деле бар болчу. Биз студент кезде тамак ичкени кафеге кире калып, курсакты тойгузалы деп отурсак упузун бир шылуун, колунда жакшы портфель, анда портфель жок да, Байдылданын бирден куплетин жатка окуп. “Байдылда деген мен болом” деп ар жактагы политехтин балдарын алдап атканда бери жактан филфактын студенттери “сен Байдылда эмессиң” деп кууп чыгышкан. Акындарды билчүбүз да, көрүп калганбыз. Жанагинтип ойногон шылуундар да болот. Азыр эми цензура жок, кудай берип калбадыбы, өтүгүн төргө илип отургусу келгендер да болот. Бирок бирөөдөн уурдап же туурап жазганды оңой эле билип коёт. Уурунун арты кууш, оңой эле билинип калат.

“Азаттык”: Чыңгыз Айтматов Жазуучулар союзуна төрага болуп калганда бир жыйында сөз болуп калды. “Чыңгыз Төрөкулович, сиз келгени союзга кабыл алгандар көбөйүп кетти. Мына жаныбыздагы миллиард кытайдын 300дөн ашуун эле жазуучусу бар экен, биздики ошого жакындап калды” дешкен. Ошондо Чыңгыз Айтматов “ага анчалык кайгырбагыла, булар фон болуп берет” деп айтты эле. Мындан келди, бир нукура таланттын айланасында көп кодура таланттар фон болуп береби?

Дүйшеев: Чыңгыз Айтматов акылдуу киши эмеспи. Жанагы сөздү Салижан аке айткан. “Ой, миллиарддаган кытайда 300дөн ашуун жазуучусу бар экен, биздики андан ашып кетиптир” деп. Анан Чыкем алар фон болуп берет деп жатпайбы. Рамис акем бир жолу минтип айткан: “Халтурщиктер канчалык көп болсо бери жактагы жазмакерлерге жыргал болот экен” деп. Фон болот дегени ошол. Жанагылар канчалык көп болсо Айтматов өзү тоодой бийик болуп турат.

Таланттуу жазуучулар көрүнүп калат. Кубатбек Жусубалиев ого бетер жаркыраган жылдыз болуп жайнап чыга келет. Кээде ошол жазмакерлер көп болсо экен деп тилейсиң. Кой аксагы менен миң деп коёт эмеспи кыргызда.

“Азаттык”: Шаке, бирок ошол “аксактары” көп болуп кетсе адабияттын нукурасы менен жасалмасы билинбей калат. Мына азыр “массалык адабият” аябай өтүмдүү болуп атпайбы.

Дүйшеев: Эл деген окуй турган нерсесин өзү эле тандап алат. Жаман нерсени таштап коёт, окубайт, аны менен мамилелешпейт. Жанагы жаман киши менен мамиле түзбөгөндөй эле кеп. Ошондо эле билинип калат. Четтеп-четтеп, өзүнөн өзү эле жок болот. Айтматовдукундай, Кубатбек Жусубалиевдикиндей, Салижан Жигитовдукундай чыгармалар кала берет, окула берет да. Мезгил өткөн сайын алар жаңы кыры, жаңы боёгу менен көрүнө берет. Улам кийинки келаткан муундарды таба берет, ошондой…

Мамат Сабыров журналистика менен адабиятты эриш-аркак ала жүргөн жазуучу. Анын “Жол”, “Балалыктын издери” деген эки китеби жарык көргөн. Ага чейин көпчүлүк аңгемелери мезгилдүү басылмаларда жарыяланган.

Жазуучу сөзгө өзгөчө этият мамиле кылган чебер стилист. Мындай сапатын жогоруда кепке алган аңгемесинен деле байкоого болот. Аңгеме жөнөкөй, өтөле жупуну баяндалгандай сезилгени менен, андагы ар бир сөз, деталь, штрихтер автордук негизги ойду бышыктоого, жаныбызда эле жүргөн пенде баласынын кайталангыс тибин көз алдыга келтирип, анын жан дүйнөсүн жашырбай ачып берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG