Жыл жыйынтыктап жатканда "Азаттыктын" студиясына өзгөчө ырдоо стили менен таанылган Адик Жумабеков конокко келди. Адик кыйла жылдан бери өнөр дүйнөсүндө жүрүп, музыкалык аспаптардын коштоосунда фонограммасыз ырдаганга артыкчылык берип келет.
Кыргызстанга ар кандай тагдыр менен келип, жашап калган жапондордун саны 100 чамалуу. Арасында кыргызга келин болгон жапон кыздары да бар. Көпчүлүгү кыргызча эркин сүйлөп, комузду шаңкылдата чертишет. “Данисте” бул жолу Бишкекте жашаган жапондор тууралуу айтып берет.
Эгемендик шары Кыргызстандын калкына кандай таасир этти? Канткенде адамда ички эркиндик пайда болот? Миграция кыргыз коомуна кандай таасир этти? Үй-бүлөлүк зомбулукту улуттук нарк-насил токтото алабы? Кыргыз аялдарынын коомдогу жана адабияттагы орду кандай?
53 жашында бөөдө кырсыктан каза болгон актер Руслан Курманалиевдин сөөгү 25-августта жерге берилди. Ал 35 жылга жакын чыгармачылык менен алек болуп, театр жана кинодо 80ге жакын роль жараткан. Маркум Руслан Курманалиев акыркы сапарга Ак-Ордо конушундагы үйүнөн узатылды.
Казакстандык белгилүү ырчы, аткаруучу Димаш Кудайбергенге "Кыргызстандын Эл артисти" наамы ыйгарылды. Ага бул наамды 22-июлда IV "Мейкин Азия" музыкалык фестивалынын соңун утурлай мамлекеттик катчы Марат Иманкулов тапшырды.
Дүйнөдө кино көрөрмандар түштүк кореялык “Кальмар оюндары” тасмасынын үчүнчү сезону тууралуу кызуу сөз кылып жаткан чакта, кыргызстандык белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасы Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” аталды.
Кыргыз стендаптын өкүлдөрү Европанын шаарларын кыдырып, эки аптадан бери концерт коюп жатышат. Стендап куудулдары концерттеринде коомдогу көйгөйлөр, саясат, социалдык темадагы тамашага басым жасап келишет. "Азаттык" аларды Прагага болгон сапарында маекке тартты.
Бишкектеги Улуттук филармонияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли тартууланып жатат. Бул долбоор жаш муунга улуттук өнөрдү, баалуулуктарды даңазалоо максатында уюштурулган.
Кыргызстан соңку жылдары улуттук көк бөрү оюнун эл аралык аренага алып чыгуу аракетин көрүп келүүдө.
Дүйшеев аталган чыгармада өзүнүн басып өткөн жолун баяндаган. Бирок адабиятчылар ар бир кыргыз “Агындылардан” өзүн табарын айтышат.
Кыргыз улуттук драма театрында үч күн катары менен режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Эне” спектакли коюлду. Чыгармада оорулуу эненин тагдыры менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктардын урашы, балачакта жүрөгүнө так болуп калган психологиялык травманын салдары жана кыргыз аялдарынын оор тагдыры көтөрүлгөн.
Калыс Жумадил "Көчөдөгү кагаздар" деген долбоор баштап, социалдык тармактан көптөгөн көрүүчү топтой баштады. Ал ак кагазга эки сап ырларды жазып, аларды шаар көчөлөрүнөн видеого түшүрүп, контент жасайт. Калыс жаштар арасында поэзияны кеңири жайылтуу үчүн ушундай заманбап ыкмалар керек деп эсептейт.
Дагы жүктөңүз