Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Москванын вируска каршы даярдыгы


Москва, 6-март, 2020-жыл.
Москва, 6-март, 2020-жыл.

Москвада коронавирустан улам жогорку даярдыктагы режим киргизилди.

Чет мамлекеттерден кайткан москвалыктар кайсы өлкөдө, канча убакыт болгону тууралуу жергиликтүү бийликке кабарлап, вирустун белгилери байкалса ооруканага барбастан, дарыгерлер менен байланышып, үй шартында изоляциялык режимди сакташы керек.

Кытайда, Түштүк Кореяда, Италияда, Иранда, Испанияда, Германияда жана Францияда болгон жарандар өз эрки менен эки жумалык карантинге алынышы шарт.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин «күчөтүлгөн даярдык режими» тууралуу буйрук чыгарды. Ага ылайык, вирус тез жайылып жаткан өлкөгө барып келген жарандар сапары тууралуу бийликке сөзсүз билдириши керек жана 14 күн карантинде жатышы зарыл. Ошондой эле ишкана-мекемелерде кызматкерлердин дене табын маал-маалы менен өлчөп туруу да каралган.

Москвада соода түйүнүндө иштеген Мунира буларды айтты:

«Борбор жакта метрого кирип баратканда атайын кызматкерлер турат, айрымдарды текшерип жатканын көрдүм. Дене табы жогору болсо, же суроолор болсо консультация берип жатышат. Метро, автобусту атайын каражаттар менен жууп, тазалап жатканын да көрдүм. Европада азиялыктардан чочулап, качып жатканын социалдык тармактардан көрүп жатам. Бул жакта андай жок. Кечээ «өзгөчө режим» киргизгенин окудум. Буга чейин жумуш берүүчү «ооруп калсаңар ишке чыкпай койсоңор болот» деген».


Ал эми таксиде иштеген Ильяс оператор компаниядан атайын эскертүү берилгенин айтты.

«Оператордон билдирүү келди. "Автоунаанын ичин тазалап, колуңарды тез-тез жууп, беткап кийгиле" дешти. Машинеге түшкөн эки-үч киши мектепте балдардын дене табын текшерип, кошумча чаралар көрүлүп жатканын айтышты».

Москва бийлиги эл көп чогулган соода түйүндөрүндө, кафелерде тазалыкты сактап, метро, автобус, троллейбустарды күнүнө эки-үч жолу дезинфекциялап турууга чакырган.

Москвадагы «Ваш доктор А» клиникасынын башчысы, дарыгер Кубанычбек Алибеков коомдук жайларда иштеген мигранттар мындай абалда жеке тазалыкка өзгөчө көңүл бурушу керектигин эскертти.

«Кол алышып, учурашпай койсок деле болот. Коомдук жерде, метродо жүргөндө самынсыз спрейлерди колдонушу керек. Колду болушунча таза жууп туруш керек. Башка адамдар менен батирде чогуу жашаганда идиш-аякты өзүнчө кармап, жеке гигиенаны сакташы керек. Ызы-чуу кылып, "коронавирустан кырылып калабыз" дегенге да болбойт. Коронавирус - пневмониянын бир түрү. Ден соолугу, иммунитети начар адамдар, улгайган адамдар, өпкөсү ооругандар, чылым чеккендер жабыркашы мүмкүн. Ошон үчүн жабык бөлмөдө көпчүлүк менен көпкө отурбай, тез-тез желдетип, таза абада көбүрөөк жүрүүгө аракет кылыш керек. Шаан-шөөкөттү да токтото туруш керек».

Расмий эсеп боюнча, Орусияда 750 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Алардын жарымынан көбү Москвада жашайт.


Январдын аягында Тюмень облусу менен Байкал крайында коронавирус менен Кытайдын эки жараны катталган. Андан соң «Даймонд Принсесс» лайнеринен үч орусиялык Казанга эвакуацияланган. Марттын башында Санкт-Петербургда окуган италиялык студентте вирус аныкталып, ал жашаган жатакана карантинге алынган.

«Дарыгерлерди коргоо лигасы» коомдук уюмунун башчысы Семен Гальперин Орусияда зарыл чаралар көрүлүп, жапырт текшерүүлөр жүргүзүлбөгөндүктөн анык абал тууралуу маалымат жок деп сындагандардын бири:

«Мындай сандар жок. Массалык түрдө текшерүү болгон жок. Ошон үчүн чынында бизде канча адам коронавирус жуктурганын билбейбиз. Коронавирусту башка респиратордук инфекциялардан ажырата да албайбыз. Ошондуктан вирус Орусияда кандай жайылганын айтуу оор».

Дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 100 миңден ашты. Иранда 6-мартта бул ооруну жуктуруп алган миңден ашуун адам катталды. Вирус дүйнө жүзү боюнча 3400дөй адамдын өмүрүн жалмады. Илдеттен 55 миңге чукул киши айыгып чыкты.

АКШнын Калифорния штатында эки жүргүнчү вирус жуктуруп алганы белгилүү болгондон кийин «Grand Princess» саякат кемеси карантинге алынган. Алар кемеге Сан-Францискодон 21-февралда түшкөнү белгилүү болгон. Саламаттыгы начар, өнөкөт оорусу бар 71 жаштагы жүргүнчү каза болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG