Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

"Байлар байлардай төлөсүн". Өкмөт электр тарифин өзгөртөбү?


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда колунда бар байларга электр энергиясынын тарифин көтөрүү керектигин айтты. Ал эми калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекеттен колдоо улана берерин билдирген.

"Байлар байлардай төлөйт"

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 22-декабрда энергетика кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып, электр энергиясынын тариф саясатын өзгөртүү зарыл экенин айтты.

“Биз капитализм куруп жатабыз. Мындан ары байлар байлардай төлөйт. Буларга тарифти салыштырмалуу тездик менен көтөрүш керек. Тоолуу жерлерге өзүнчө тариф кала берет".

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаровдун сөзүнө караганда, ушул тапта 112 миң үй-бүлө электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөп жатат. Ал эми ушундай эле муктаж болгон 200 миңдин тегерегинде үй-бүлө бар, өкмөт аларга бааны ылдыйлатпаса да, субсидия бергенге даяр экенин, буга өкмөттүн акчасы жетерин кошумчалады.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттаган 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болуп. Ал эми 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөй баштаган. Ошондой эле электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген эле.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев мындан ары Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турарын билдирген.

Тариф темасы элди түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бири болгондуктан өкмөт электр энергиясынын баасын жогорулатуудан ар дайым тайсалдап келе жатканы белгилүү.

Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Сулатаналиев тарифти көтөрүү үчүн элди бай-кедей кылып бөлбөй, башка жолду караштыруу керек дейт.

Мырзатай Султаналиев
Мырзатай Султаналиев

"Электр энергиянын өздүк наркын жабуу үчүн 1 кВт чыгарганга туура келген бааны коюу керек. Экинчиден бүгүнкү күндө 1 кВт саатын өздүк наркы 2,30 тыйын болуп жатат, бул жерде Бишкек менен Ош шаарларынын жылуулугу кошо олтурат. Ошон үчүн электр энергиясын чыгарган бааны өзүнчө туура кылып коюп, ошол тариф менен сатыш керек. Ал эми жылуулукту көбүрөөк дотация кыла турган болсо, аны өзүнчө эсептеш керек. Анан бай-кедей деп бөлсөк туура эмес туура эмес шартты түзүп алабыз".

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылы электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйын болгон. Ал эми сатылган орточо баасы 1 сом 52 тыйынды түзгөн. Башкача айтканда, электр энергиясынын өздүк наркы 42% гана жабылаары айтылган. Өкмөт калган чыгашаны толтуруу үчүн насыя алып келген.

"Көп колдонгондор көп төлөшү керек"

Тармактагы абал боюнча өз пикирин ачык айтып келе жаткан дагы бир талдоочу Расул Үмбөталиев электр тогун көп коромжу кылган абоненттерге бааны дагы көтөрүш керек деп эсептейт:

Расул Умбеталиев
Расул Умбеталиев

"700 кВт саат дегенди калтырыш керек, эмнеге дегенде пенсия, пособия алган карапайым адамдарга ылайыктуу. А менин сунушум: 2-3 миң кВт колдонгондор 2 сом 16 тыйындан төлөсүн, 3 миңден 5 миңге чейин 3 сомдон, 5 миңден 10 миңге чейин 5 сом төлөсүн. Ал эми 10 миңден ашкандар болсо 10-15 сомдон төлөшү керек. Ошол жерден билинип калат. Анткени 3-5 миң кВт колдонуучулар булар бай адамдар. Неге дегенде алар үйүнө от жакпайт, керек болсо мончону электр энергиясы менен жылытат".

Ал эми Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Мирлан Самыйкожо электр энергиясын көп колдонгон абоненттердин тарифин көтөрүп, бирок элге туура түшүндүрүү керек дейт.

Мирлан Самыкойжо
Мирлан Самыкойжо

"Эгерде ким канча көп колдонсо, завод, фабрика же ишканасы болобу күнүмдүк керектөөгө колдонгон абоненттерибиздин сырткары кошумча кошулгандарга иштегенине жараша кошулса болот. Ал эми жалпы тарифти кымбаттатуу элге түйшүк болуп калат. Болгону бул нерселерди сен көп колдоносуң же бай-кедей дебей, элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек".

Кыргызстан боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жалпы саны 1 млн 524 миң 317 абонентти түзөт. Анын 93% (1 419 734 абонент) калк керектөөчүлөрү, калган 7% (104 583 абонент) өндүрүштүк керектөөчүлөр (завод, фабрика, ишканалар) колдонот.

Өндүрүлгөн энергиянын 7 млрд кВт/с калк керектөөчүлөр, дагы 4 млрд кВт/с көбүрөөк светти өндүрүштүк абоненттер колдонот.

Энергетикадагы тартыштык

2023-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,2 млрд кВт/саат көлөмдү түздү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда Бишкекте өткөн атайын басма сөз жыйынында билдирген.

Кыргызстандагы гидроэлектр станциялар 14 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Өлкөдө жалпы керектөө бул жылы 17,2 млрд кВт/саатты түзүшү мүмкүн. Ошондо электр энергиясындагы тартыштыкты өкмөт Түркмөнстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан алынган электр энергиясы менен толтурула турганын белгилеген.

Кыргызстандын энергетика тармагында быйыл августтан тартып үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилген.

"Электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында президент энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизген. Негизги максат – электр станцияларын курууну тездетүү жана электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, өлкөбүздү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана 2026-жылы электр энергиясын ашыкча жана экспортко жеткирүү. 2031-жылга чейин 10 жылдын ичинде 3,8 миң мегаваттка чейин кошумча кубаттуулуктарды ишке киргизебиз", - деди Акылбек Жапаров.

Расмий маалыматка караганда, 2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 74,9 миллиард сом бөлүнөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин быйыл март айында жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маегинде энергетика тармагына алынган карыздардын соңку суммасы 137 млрд 87 миллион сом экенин билдирген. Бул каражатка электр энергиясына карызды жабуудан сырткары өлкөдөгү энергетикалык объектилер курулуп, айрымдары оңдолгон.

XS
SM
MD
LG