Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Эр-Рияддагы жыйынды бойкоттогондор көбөйдү


Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман.
Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман.

Саудиялык журналист Жамал Хашоггинин дайынсыз жоголушунан улам Эр-Риядда кийинки аптада өтө турган ири инвестициялык конференцияга катышуудан баш тарткандардын катары калыңдады.

2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна кирген боюнча дайынсыз жоголгон журналист Жамал Хашоггинин кайгылуу тагдыры тууралуу азырынча расмий маалымат айтыла элек.

Түркиялык тергөөчүлөр бейшембиде дипломатиялык миссияга таандык машинелерди, консулдуктун имаратынын айланасындагы бакты тинтип чыгышты. Бир нече күн мурун болгон тинтүү маалында ДНК жана башка үлгүлөр алынган эле. Бейшембиде консулдун резиденциясында да тинтүү жүргүзүлдү. Консул Мухаммад ал-Отаиби өзү 16-октябрда Түркиядан учуп кеткени белгилүү болду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул аптада Хашоггинин маселеси боюнча Сауд Арабиясы менен Түркияга барып, сауд падышасы Салман, анын мураскери Мухаммед бин Салман жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Америкалык башкы дипломат Саудияга өз иликтөөсүн жыйынтыкташ үчүн убакыт берилиши керек деген пикирин бейшемби күнү Вашингтондо билдирди:

Майк Помпео сауд падышасы Салман менен. Эр-Рияд шаары, 16-октябрь, 2018-жыл.
Майк Помпео сауд падышасы Салман менен. Эр-Рияд шаары, 16-октябрь, 2018-жыл.

- Алар Хашоггинин жоголушу олуттуу маселе экенин түшүнүп турушканын мага так айтышты. "Хашогги боюнча толук жана кылдат иликтөө жүргүзөбүз" деп ишендиришти. Бул ишти өз убагында аткарышаарын, тыянак ачык-айкын болоорун билдиришти. Мен аларга бир нече күн убакыт беришибиз керек болорун, биз да окуянын айланасындагы фактыларды толук түшүнүшүбүз зарыл экенин бүгүн эртең менен президент Трампка айттым.

Түрк коопсуздук кызматындагы булактар Хашогги Саудиянын консулдугунда кыйноого кабылганын жана өлтүрүлгөнүн далилдеген аудио бар экенин билдирүүдө. Түркиянын өкмөтчүл гезиттери "Хашоггини Саудиядан келген баш кесерлер өлтүрүшкөнүн, денеси мүчөлөнгөнүн” жазып жатышат.

Бирок Сауд Арабиясынын падышалыгы "Хашогги бийликтин буйругу менен өлтүрүлүшү мүмкүн" деген жоромолдорду караманча четке кагып жатат. Апта башында президент Трамп сауд падышасы Салман менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал "Хашоггинин дайынсыз жоголушуна бийликтин тиешеси жок" деп ишендирүүгө аракет кылганын айткан.

Дайынсыз жоголгон журналист Жамал Хашогги.
Дайынсыз жоголгон журналист Жамал Хашогги.

Андан мурда CNN Сауд Арабиясы журналист Хашогги консулдуктагы “туура эмес нукка бурулган сурак учурунда өлтүрүлгөн” деген версияны айтышы мүмкүн экенин кабарлаган.

Кантсе да сынчыл көз караштагы журналисттин дайынсыз жоголушу Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын дүйнөгө социалдык-экономикалык реформалардай көрүнгөн аракеттерине көлөкө түшүргөндөй болду.

Британиялык миллиарддер Ричард Брансон, UBER компаниясынын жана “JPMorgan Chase” инвестициялык банкынын жетекчилери 23-25-октябрда Эр-Риядда өтө турган “Келектеги инвестиция демилгелери” аттуу конференцияга катышуудан баш тартышты.

Аларды улай Эл аралык Валюта Фондунун жетекчиси Кристин Лагард, Британиянын соода министри Лиам Фокс, АКШнын финансы министри Стивен Мнучин, Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр да эл аралык ири иш-чарага катышпай турганын билдиришти.

Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр.
Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр.

- Менин Эр-Рияддагы инвестициялык конференцияга барышыма шарттар туура келбей калды. Мен саудиялык кызматташыма кечээ чалып, ага катышпай турганымды айттым. Азыр бул маселеде чындыктын ачыкка чыкканы маанилүү болуп турат, - деди француз министри Ле Мэр.

Кезинде Саудиянын бийлик өкүлдөрү менен жакын мамиледе болгон журналист Жамал Хашогги бир жылдай убакыттан бери АКШда жашап жүргөн. Ал “The Washington Post” гезитине макалаларды жазып, анда Сауд Арабиясынын падышалыгын сындап, реформа керек экенин белгилеп келген.

Аталган басылма шаршемби күнү Хашоггинин акыркы макаласын жарыялады. Анда журналист араб дүйнөсүндө сөз эркиндигин камсыз кылууга чакырган.

Хашогги Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында барган. Сыртта күтүп калган болочок жубайы Хашоггини андан кийин көргөн эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG