Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

Саудия дооматтарга жооп кайтарды


Саудиянын Стамбулдагы консулдугу. 13-октябрь, 2018-жыл.
Саудиянын Стамбулдагы консулдугу. 13-октябрь, 2018-жыл.

Расмий Эр-Рияд эгер журналист Жамал Хашоггинин жоголушуна байланыштуу Сауд Арабиясына санкция салынса, ага жооп кайтарыларын эскертти. Андан мурда АКШ, Британия сыяктуу бир катар өлкөлөрдо Саудияга чара көрүүгө чакыргандар болгон.

Журналист Хашоггинин дайынсыз жоголушу боюнча бир катар өлкөлөрдүн эскертүүлөрүнө расмий Эр-Рияд жекшемби күнү кескин жооп кайтарды. Сауд Арабия “опузанын” баарын четке кагаарын жана падышалыкка каршы кандайдыр бир санкциялар киргизиле турган болсо, аларга андан да кубаттуу чаралар менен жооп кылаарын SPA мамлекеттик жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

- Сауд падышалыгы бардык опузаларды жана экономикалык санкция салуу, саясий кысым көрсөтүү же жалган айыптарды кайталоо жолу менен коштолгон аракеттерди толугу менен четке кагаарын баса белгилейт, - деп айтылат сауд бийлигинин билдирүүсүндө.

Чара көрүү жөнүндө чакырыкттар күчөдү

Дээрлик бир жыл мурда АКШга чыгып кетип, “Вашингтон пост” гезитиндеги макалаларында сауд монархиясын сындап келген журналист Жамал Хашогги 2-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбул шаарындагы консулдугуна кирип кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Түркиянын расмий өкүлдөрү Саудиядан атайын келген тыңчылар Хашоггинин көзүн тазалап коюшкан деп ишенишет.

Саудиянын Стамбулдагы консулдугунун алдындагы нааразылык акциясы. 5-октябрь 2018-жыл.
Саудиянын Стамбулдагы консулдугунун алдындагы нааразылык акциясы. 5-октябрь 2018-жыл.

Америкалык сенаторлордун арасында Сауд Арабиясына чара көрүү тууралуу чакырыктар күчөй баштады. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Хашоггинин жоголушу үчүн Саудиянын өкмөтү жоопкер болсо, ал “катаал жазага” кабылат деп убада берди. Бирок Трамп Сауд Арабиясына курал-жарак сатууну токтотуп коюу менен Америка өзүн гана жазалай тургандыгын да эскертти.

Британиянын, Франциянын, Германиянын тышкы иштер министрлери 14-октябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө саудиялык журналисттин жоголушу боюнча “ишенимдүү иликтөө” жүргүзүүгө, маселеге олутуу мамиле кылууга чакырышты.

- Эч кимибиз чынында эмне болгонун билбейбиз. Бирок биз ар кыл кабарларды угуп, катуу тынчсызданып турабыз. Сауд Арабиясы гана окуянын чын-бышыгын билүүгө жардам бере алат. Андыктан мындан кийинки жагдай Сауд Арабиясына көз каранды болот, - деди Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант.

Түрк медиасы далил бар экенин кабарлап жатат

Өткөн аптада түрк басылмалары көзөмөл камераларынан алынган видео тасмаларга таянып, Хашогги жоголгон күнү Саудиядан эки чартердик учак менен 15 киши келип, алардын айрымдары консулдукка кирип чыгышканын, кайра ошол эле күнү Эр-Риядга учуп кетишкенин жазышкан. Атын атагысы келбеген коопсуздук кызматкерлери Хашогги консулдукка киргенден кийин бир сааттын ичинде өлтүрүлүп, сөөгү электр араасы менен мүчөлөнгөнүн да айтып беришкен. Расмий Эр-Рияд мындай дооматтарды четке кагып жатат.

Хашогги консулдукка кирип бара жаткан учур.
Хашогги консулдукка кирип бара жаткан учур.

Хашогги түрк жараны Хатиже Жеңгизге үйлөнүш үчүн документтерин тууралоо максатында Сауд Арабиясынын консулдугуна келген. Аны болочок жубайы имараттын сыртында күтүп калган.

Эки күн мурда Түркиянын “Сабах” гезити укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме кылып, Хашоггинин кыйноого кабылганын жана өлтүрүлгөнүн далидеген аудио бар экенин кабарлады. Басылманын маалыматы боюнча, үндү Хашоггинин колундагы "Apple-Watch" же "акылдуу саат" жазып калып, журналист консулдукка кирер алдында Хатиже Жеңгизге калтырып кеткен телефонуна жиберген. Бирок муну көз каранды эмес булактар ырасташа элек. Айрым технология адистери да бул маалыматтан күмөн санап турушат.

Сауд бийлиги Хашогги консулдуктан чыкканын билдиргени менен ага далилдерди көрсөтө элек. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу саудиялыктар "иликтөөгө жардамдашабыз" деген убадасын да аткара элек экенин өткөн аптанын соңунда айтты:

- Өзгөчө Түркиянын Башкы прокуратурасына жана адистерге консулдукка кирүүгө уруксат берүү маселесинде Сауд Арабиясы биз менен кызматташуусу керек. Журналист кайда жоголду? Башкы консулдукта! Бардык жагдайды ачыкка чыгарууга жардам бере турган андай кызматташтыкты көрө элекпиз. Аны көргүбүз келет.

Инвесторлор чоочулап турат

Жекшемби күнү Саудиянын падышасы Салман түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга телефон чалганы белгилүү болду. Саудиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, телефондук сүйлөшүүдө падыша Салман Эр-Рияд менен Анкаранын ортосундагы бекем кызматташтыкка эч ким шек келтире албай турганын белгилеген.

Түрк тарап кабарлагандай, бул сүйлөшүүдө президент Эрдоган менен падыша Салман журналист Жамал Хашоггинин маселесин талкуулашып, бирдиктүү жумушчу топ түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешкен.

Саудиянын мураскер ханзадасы Мохаммед бин Салман.
Саудиянын мураскер ханзадасы Мохаммед бин Салман.

Сауд Арабиясы дооматтарды канчалык четке какпасын, журналист Хашоггинин жоголушу мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүү жана инвестиция тартуу аракетине таасирин тийгизип жаткандай.

Дүйнөдөгү бир катар белгилүү бизнесмендер жана медиа каражаттары кийинки аптада Эр-Риядда өтө турган “Келектеги инвестиция демилгелери” аттуу конференцияга катышуудан баш тартышты. Алардын арасында миллиарддер Ричард Брансон, “UBER” компаниясынын жана “JPMorgan Chase” инвестициялык банкынын жетекчилери бар. Жекшемби күнү Саудиянын биржасында да төмөндөө байкалды.

Журналист Хашогги кийинки кездерде Сауд Арабиясынын Йемендеги аскердик операцияларын, Канада менен дипломатиялык араздашууну, аял укук коргоочуларынын камакка алынышын кескин сындап жүргөн.

Кезинде Саудиянын падышалык үй-бүлөсүнө жакын журналист катары да мүнөздөлгөн Хашогги жакын достору камакка алынып, “Аль-Хаят” гезитиндеги рубрикасы токтотулгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG