Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Кыздардын канатын кайрыбайлы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токиодо XXXII жайкы Олимпиада аяктап, эл аралык деңгээлде татыктуу күрөшкөн биздин айтылуу спортчуларыбыз кайтып келгенине аз убакыт болду. Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында күмүш медалдын ээси болгон атактуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованын эл алдындагы сөзүнөн кийин, социалдык тармактарда ага ар кандай кеңеш бергендер чыга баштады.

“Париж Олимпиадасына барбай эле кой, андан көрө турмушка чыгып бала-чакалуу бол. Антпесең убакыт өтүп кетет”, “Аялдын бактысы үй-бүлөдө, кеч калбай убагында турмушка чыгып ал”, “Жашың деле келип калды” деген кеңештерди баарыбыз эле соцтармактардан окуп жатабыз.

Биздин элибизге мүнөздүү нерсе, кимдин оюнда эмне болсо анысын жашырбай ачык айтканы. Экинчиси, бирөөнүн жеке турмушуна кийлигишүүнү эрөөн көрбөгөндүгү. Албетте, айтылуу балбан кызды жакшы көргөндүктөн улам тигиндей кеңеш берип жатканы түшүнүктүү. Бирок жеке жашоодогу чек кайда калды, айрыкча бир тармакта чоң ийгиликке жетишкен кыздарыбыздын жеке жашоосуна кийлигишүү канчалык орундуу?

Дүйнөлүк спортто ийгиликке жеткен кыздар жеке жашоону кандайча алып кетүүнү да ойлонушат, башка кыздарга караганда алардын эрки күчтүү. Керектүү адабияттарды, өзүн өнүктүрүү тууралуу да адабияттарды окуп жүрүшкөнүн бөркүмдөй эле көрөм.

Жогоруда келтирилгендей кеңештерди динге берилген аялдар айтып жатышканы да ойлондурат. Демек, алар "башка кыздар да биздей жашашы керек, биздин айтканыбыз гана туура" дегендиктен ойлорун ачык айтып жатышат. Адамдын жашоосундагы жеке чек арасын бузууну, жекече жашоонун купуялуулугун, кимдир бирөөнүн жашоосуна кийлигишүүнү тиги аялдар катардагы эле иш катары кабылдашканы өкүндүрөт.

Мындан улам адам үчүн эң баалуу нерсе, жеке жашоонун эркиндигине кол салып жатышканын алар билип туруп айтып жатышканы демек, өз тарабына тартуу аракети экенин билдирет. Ушундай ой айтуу менен Айсулуу Тыныбекованы кандайдыр бир чечим кабыл алууга мажбурлоо аракети жүрүп жатканы көрүнүп турат.

Ошол эле учурда заманбап көз караштагы адамдар динчил аялдарга татыктуу жооп беришип, жеке жашоонун кандай болуусу балбан кыздын өз эркинде экендигин таккесе жазып жатышат. Жеке жашоонун купуялуулугу, кимдин кандай жашоосу ар кимдин өз эркинде экендигин түшүнгөндөр да бар экендигине тобо дей турган учурга келгендейбиз.

Дегеле бой жеткен кыздарга “качан турмушка чыгасың”, “тезирээк турмушка чык, болбосо кара далы болуп эч ким карабай калат”, “эрте турмушка чыгып эрте төрөп түшкөн жакшы болот” дегендей кеп-кеңештер ыксыз көп айтылат. А бирок кыз буларды кандай кабыл алат? Балким, анын бул жашоодогу максаты такыр башкадыр деп аз эле адам ойлойт. Кыз бой жеткени менен эне болууга, үй-бүлө күтүүгө даярбы деген суроо чанда бир адамдын башына келет окшойт.

Анан калса биздин коомдо жашоодо бактылуу жашап өтүүнү, аялдык бакытты жалаң үй-бүлө куруу менен балалуу болууга байлагандар көпчүлүктү түзөт. Ошол эле учурда үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болгон аялдардын канчасы чындап бактылуу жашап жатышкандыгы чоң суроо.

Жакында чет өлкөдө окуган кызым келип калды. Жашы 25ке карады, ушул жашка келгиче “качан турмушка чыгасың?” деп сурай элекмин. Суроого акым да жок деп ойлойм. Анткени ал бой жеткен, акыл-эси толук, дүйнөнү менден башкача көрүп жаткан өзүнчө адам, демек өз көз карашы бар. Турмуш куруу, бала-чакалуу болууну да жеке өзү чечиш керек. Болгону ал менин кызым, бирок такыр башка адам. Энеси экендигимден пайдаланып, басым көрсөтүүгө акым жок. Эгер басым көрсөтсөм, анда экөөбүз бири-бирибизди түшүнүүдөн калабыз.

Дагы бир таанышымдын кызы чет өлкөдөгү окуусун аяктап Кыргызстанга келди. Адеп сагынычтар тарагандан кийин атасы “качан турмушка чыгасың, баланчанын кызы эчак эки балалуу болду” дегендей кеп баштаган экен, чет өлкөдө бир нече жыл жашап калган кызы “мен финансылык жактан эч кимге көз каранды болбогондой иштеп каражат топтоп, бала бакканга толук шартым болгондо турмушка чыгып балалуу болом. Өзүм араң жашап жүрсөм, балалуу болуп алып ал байкушту жакырчылыкта багамбы?” десе, атасы “ар бир адам өз ырыскысы менен жаралат, антпей турмуш кур” деген экен, кыз “мен антип жакыр адамдардын санын көбөйтө албайм!” деп, үч күндөн кийин келген жагына баса бериптир. Бул жерде көз караштардын, жашоо шарттын, билимдин кагылышуусу айгине болуп турат. Чындап келсе, кыздын айтканында акыйкат үлүшү арбын да.

Азыр жашоо эркин, адамдар билим алып, бул жашоодо өз жолун таап, өзүн өнүктүрүү, алдыга умтулуу канчалык маанилүү экендигин жаштарыбыз түшүнүп калышты. Айрыкча кыздардын эркин жашап, каалаган максатына жетип, жеке жашоосун каалаган мезгилде куруп жашоосу канчалык маанилүү экендигин көп эле ата-энелер түшүнбөйт. Баягы эле эскирген көз караштарды таңуулай берүү менен, жаштарды артка тартып жатканыбызды түшүнсөк болот эле.

Дүйнө өзгөрдү, жашоо да өзгөрдү. Күйөөгө тийүү же тийбей калуу азыр маселе эмес. Андан көрө жаратмандык иш кылып же өзүңдүн кыялыңды орундатып жашоо маселе. Ошон үчүн кыздардын кыялын кыркып, канатын кайрыбайлы.

Аскер Сакыбаева

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG