Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Сыйлык-наамдардын көбүн жоюуга мезгил келди


Төш белгилер.
Төш белгилер.

Бир топтон бери маданият тармагынын өкүлдөрүнүн ызы-чуулары коомчулуктун көңүл чордонунда. Ток этери, тер төккөн адал эмгексиз эле, эчен жылдап иштеп убакыт коротпой эле тезирээк акча табуу, бат эле кызматка жетүү боюнча ырчы жаштардын аракеттерин коомчулук жакшы кабыл албады.

Ушул чырдын аркасы менен тил уккан ырчы бир кезде алган сыйлыгын тапшырам десе, аны колдоп кошо тапшырабыз дегендер да болду. “Сыйлыктын баркын билбегендер тапшыра берсин” деп аларды жактырбагандар бир топ.

Сыйлык, наамдар дагы башка сый ургалдар СССРден калган, союз небак жок болсо да адамдардын оюнан кетпеген, көксөткөн бир ит жандуу кубулуш окшойбу. Ошо эсесер учурунда сыйлык, наамдар адабият, маданият жаатындагы саясатты жөнгө салуучу рычаг болгонун биздин муун билип калдык. Мындан тышкары жакшы калем акы, бекер үй-жай, дача, чет мамлекеттерге сапарларга кошулуу жана башка сый ургалдар да чыгармачыл адамдарды пайдалануунун, башкаруунун куралы болуп келгени, бул курал абдан майнаптуу болгону эч кимге жашыруун эмес.

Эми азыркы учурда абал кандай? Кыргызстанда отуз жылда көп эле нерселер өзгөрдү, бирок мамлекеттик сыйлык, наам жаатында саясат эч өзгөргөн жок. Буга кошул-ташыл, көптөгөн коомдук уюмдар кодурадай болгон өз сыйлык – наамдарын туш келди чыгарып таратып жатып, Кыргызстанда сыйлык, наам албаган адамдар саналуу эле калды окшойт.

Коомчулуктун бир катмары "сыйлык, наамдар татыктууларга берилбей жатат" деп нааразы болсо, дагы бир катмары "мындай наам, сыйлыктарды жоюп салуу керек" деген пикирди айтып жүрүшөт.

Мен дагы мамлекеттик сыйлык, наамдарды жоюп эле салыш керек деген ойдомун. Эгер такыр жоюуга мүмкүн болбосо абдан маанилүүлөрүн гана калтырып, аларга татыктуу болуунун талаптарын жогорулатып, азыркы мезгилге шайкеш келе тургандай жаңыланууларды кошуу зарыл.

Сыйлык, наамдарды чыныгы татыктуулар алса жалпы эл колдоп, сыймыктанарын көрүп жүрөбүз. Ал эми татыксыздар ар кандай жолдор менен догурунуп жүрүп алган сыйлык, наамды алган ээсинин эле өзүн баалоо сезими көтөрүлүп, ыраазы болбосо, көпчүлүк эч кандай реакция кылбайт. Ушундан улам сыйлык, наам дегендер акыркы кезде айрым адамдардын өксүк комплексин толтуруп жаткандай эле таасир калтырчу болду.

Чындыгында таланттуу адамдар сыйлык, наам куубайт, алар болгону жан дүйнөсүнүн муктаждыгын канааттандырыш үчүн жакшы чыгармаларды жаратат эмеспи. Чыгарманын жакшы же жаман экенин элдин кабыл алуусунан, чыгарманы баалоону билген кесипкөй адамдардын баалаганынан, көпчүлүктүн ошол чыгармага болгон суроо-талабынан байкаса болот.

Ушул жерден арадан жүздөгөн жыл өтсө да ооздон түшпөгөн ырлар, окурман журтунун сүйүүсүнө арзыган китептер, зал толтура эл топтогон музыкалык чыгармалар, дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган эл бир көрүүгө куштар болгон мыкты сүрөттөр бар экенин эске сала кетким келет. Алардын авторлорунун бардыгы эле мамлекеттен сыйлык алышкан эмес.

Кыргызстанда болсо акыркы кезде бир жерде эки-үч жыл иштегендер сыйлыкка татыктуу экендигин жар салып, эмнеге бербейсиңер деп ар кайсы жерге даттанып, таарынып жүргөндөр да бар.

Чыныгы сыйлык, чыныгы баалоо көрүүчүлөр батпай аншлаг менен өткөн жеке концерт, дүкөндөргө түшөрү менен окурмандар талап кеткен китептер деп ойлойм. Кээде бирөөлөр менен сүйлөшүп калганда “беш китеп жазып чыгарып салдым” дегенди угуп, оозум жабылбай таң калам. Мындай карасаң, китебинин каны жерге тамбай өтүп жаткан атактуу жазуучу деле эмес.

Негизи кыргыздар бардык иштин маани-маңызын кетире берип, чыныгы эмгекти, анык талантты тааныбай калабызбы деп ойлойм. Ушундан улам сыйлык, наамдардын да баркы жок, эмгеги өтпөй алгандар “тапшырып салабыз” дегенинен байкалып тургандай.

Коомдук уюмдар толтурган өксүк комплекси

Мамлекеттин атынан берилчү сыйлыктар аз келгенсип, азыр ар бир министрлик, мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик кызматтар өз мекемелеринин сыйлыктарын уюштуруп алышкан.

Мисалы, менде да бир топ министрликтердин Ардак грамоталары бар. Алардын кандай жагдайда тапшырылганынан улам, гезитте башкы редактор болуп турган кезде министрликтердин ЖМК менен жакшы мамиледе болуу ниети менен берилген деп түшүнөм.

Грамоталардын баары бир жерде чаң басып үйүлүп турат. Айрыкча Ички иштер министрлиги сыйлыкка келгенде дегеле аянбайт, булар өздөрүнүн медалын да чыгарышкан. 7-ноябрь басма сөз күнүндө мындай медалдарды журналисттерге аянбай тагышат, менде да бар.

Ар бири өзү каалагандай жасаган орден, медалдарды коомдук уюмдар да өз максатына жараша чыгарып, өздөрүнө жаккан адамдарга таратып жатканын социалдык тармактарга жайнап чыккан кубанычтуу сүрөттөрдөн, кабарлардан көрүп жатабыз. Алышсын мейли, ич күйдүлүк жок. Бирок чын эле эмгек бааланып жатабы же, айрымдардын сый-урматка болгон өксүк комплексин кээ бир шылуундар ушинтип толтуруп жатабы деген ой кетет.

Себеби, кээ бир коомдук уюмдар өз медалы менен сыйлаганы үчүн кандайдыр бир сумма алышарын, атургай “Жылдын мыктысы” дегенди алыш үчүн акча сурашарын да айтып жүргөндөр бар. Ал эми адамдын табияты ушундай экен, мактануу же ким экендигин көрсөтүү үчүн акча берип, сыйлык алгандан да кайра тартпайт тура.

Бир жолу кошунабыздыкына бир буюм сурап кире калдым. Кошуна эже алыскы бир райондо ортодон жогору кызматта иштечү. Эже агыл-төгүл болуп конок тосуп жатыптыр. Жайнаган столдо бир атактуу ырчы айым отурган экен. Кошуна эже ага жаңы эле өзүнүн коомдук фондунун атынан бир медаль тапшырыптыр. Анысын айтып бүтүп эле кызына “алып келчи” деп көз ымдады. Кызы ары жактан бир кичине кутуча алып келди. Эже эмнегедир мени мактай баштаган, анан кутучадан бир медалды алып күтпөгөн жерден мага тагып салса болобу! Эмне кыларды билбей “эже, жөн эле коюңуз” десем уккудай эмес. Такыр баш тартсам тигилердин көзүнчө шагы сынып калгыдай, айла жок тагынып калдым.

Үйгө келип негедир көңүл кирдеди, ушинтип алган медалдын сыйы болобу?

Дагы бир жолу республикалык аялдар уюмун түзүп алып жетектеп жүргөн белгилүү бир аялдын жардамчысы чалды. “Сиз жакшы түстүү сүрөтүңүздү, анан өмүр баяныңызды жазып, анан жети миң сом кошуп алып келип бересизби?” “Аларды эмне кыласыңар?” “Сиз билесиз да, биз “Кыргызстандын атактуу аялдары” деген китепти чыгарабыз. Ошого сизди кошот элек”. “Чоң рахмат, мени ал китепке кошпой эле койгула, акчам да жок”. Тигиндей аталыштагы китептерди көрүп жүргөм. Кандай жол менен чыгарын билгенден кийин карагым да келбей калды.

Буларды мисал келтирүү менен эмне айтмакчымын? Менимче, айрым коомдук уюмдар “асылзат”, “даанышман”, “акылман” деген сыяктуу жана башка аталыштардагы орден – медалдарды чыгарып алып, акчалуу, бирок өзүн баалоо жагынан өксүк комплекси барлардын сыйлыкка болгон эңсөөсүн канааттандырууда.

Ал эми мамлекеттик сыйлыктардын дагы сыйы, сыймыгы мурдагыдай болбой калгандыктан, жогоруда айтылгандардан анчалык айырмасы болбой бара жатат. Демек, аларды заман талабына ылайык кайра кароого небак мезгил жетти.

Аскер Сакыбаева, журналист

Автордун көз карашы "Азаттыктын" пикирин чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG