Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Бишкек-Москва: Коргонуу боюнча жаңы келишим эмнени көздөйт?


Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 2023-жыл, 12-октябрь. Бишкек
Садыр Жапаров жана Владимир Путин. 2023-жыл, 12-октябрь. Бишкек

12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Путиндин сапары Орусия болуп көрбөгөндөй санкцияларга кабылып, Батыш менен мамилеси курчуп турган учурга туш келди.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан бери Владимир Путин Кыргызстанга экинчи жолу келип отурат. Былтыр декабрда Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына катышкан.

Орус маалымат каражаттары Путин быйыл алгачкы жолу расмий сапар менен чет өлкөгө чыгып жатканына көңүл бурушууда.

Гаага сотунун ордери, Рим статуту

Бул жолу орус президенти Эл аралык кылмыш соту аны камакка алууга ордер бергенден кийин келди. Быйыл мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди кармоого ордер берген. Мындай чечимге Москванын украиналык балдарды өлкөсүнөн мыйзамсыз чыгарып кеткени себеп болгон. Бирок Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна кошулган эмес.

Ушундай кырдаалда орус лидеринин Бишкек сапарынын маанисине эксперттер ар кандай баа берүүдө. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Александр Кулинин пикирин уксак.

"Мен бул сапар оюндун эрежесин өзгөртөт деп ойлобойм. Путин бардык жолугушууларда Орусия аймакта эң маанилүү оюнчу экенин көрсөтүп, Москва Борбор Азиядагы коопсуздукка келгенде өнөктөш жана анын кепилдиги деп баса белгилейт. Путин Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин башка өлкөлөр менен да алака-катышы бардыгын түшүнөт. Бирок эң маанилүү чечимдерди кабыл алардан мурун чөлкөмдөгү бардык өлкөлөр оболу Москва менен кеңешүү керектигин түшүнөрүнө ишенгиси келет", - деди Кули.

Путиндин сапарынын жүрүшүндө алты документке кол коюлду. Алар билим берүү, юстиция, биологиялык коопсуздук сактоодогу кызматташтык деп аталат.

Жолугушууда Садыр Жапаров менен Владимир Путин эки өлкө ортосундагы алака бардык тармакта өнүгүп жатканына көңүл бурушту. Былтыр эки мамлекеттин товар алмашуусу 37% өсүп, 3,4 миллиард долларга жеткенин мисал келтиришти.

Садыр Жапаров келерки жылдарда бул санды 5 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып жатканын айтты.

"Биз өз ара кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү боюнча алган багытыбыздын өзгөрбөстүгүн ырастадык. Муну кол коюлган эки тараптуу документтер тастыктап турат. Ортодогу соода жүгүртүү көлөмү эки өлкөнүн потенциалына дал келбей турганы боюнча орток пикирге келдик. Мындан улам, биз соода жүгүртүү көлөмүн мындан да жогорулатуу боюнча чара көрүүнү жана өз ара сооданы 5 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү амбициялуу деңгээлге жеткирүүнү макулдаштык", - деди Жапаров.

Санкция жана согушту токтотууну талап кылган пикет

Анткен менен АКШ, Евробиримдик баштаган Батыш өлкөлөрү кыргыз-орус товар жүгүртүүсүнүн көбөйүшү Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу эмеспи деп тынчсызданып келет.

Буга чейин аталган өлкөлөрдүн чабармандары Бишкекке келип, кыргыз бийлиги санкциялык режимди сактабаса, анын кесепеттери кандай болорун эскерткен.

Путиндин сапары учурунда Бишкекте Украинадагы согушту токтотуу талабы менен пикет өттү. “Тунук-Улук” эл аралык кайрымдуулук фондунун жетекчиси Бакыт Ордобаев өзү жалгыз Максим Горький атындагы бакчага Путинди Украинадагы согушун токтотууга чакырган пикет уюштурганын, бирок милиция кызматкерлери аны кармап кетип, кайра бошотконун билдирди.

Украинага согуш ачкандан кийин Батыштын санкцияларына туш болуп, эл аралык коомчулуктун жектөөсүнө кабылган Орусия Борбор Азиядагы өнөктөштөрү, анын ичинде Кыргызстанга көңүл бурууну күчөткөндөй. Эң ириде гуманитардык жана идеологиялык багытка өзгөчө басым жасай баштаган сыяктуу. Бул жолу орус бийлиги эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого кошкон салымы үчүн деп Садыр Жапаровго "Ардак" орденин ыйгарды.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев сыйлык тууралуу төмөнкүдөй комментарий берди:

"Орусия тараптын президент Жапаровду сыйлоо чечими эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынды. Атап айтканда, акыркы эки жарым жылда Кыргызстанда бажылык башкарууну жакшыртуу, бажы органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык элементтерди жоюу боюнча бир катар маанилүү чаралар көрүлгөнүн белгилей кетүү керек", - деди ал.

Коргонуу боюнча жаңы келишим

Путиндин бул жолку сапары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммити жана Канттагы Орусиянын аскер базасынын ачылганынын 20 жылдыгына туш келди. Сапардын жүрүшүндө ал Канттагы базага барары кабарланган, бирок ал жакка барган жок. Иш-чара "Ала-Арча" резиденциясынын аймагында өттү.

Путиндин сапарын утурлай Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жана Орусиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү тууралуу келишимди дароо бир окууда жактырып, президент ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Анын алкагында, Канттагы авиабазанын жанына абадан коргонуу компоненттерин да жайгаштырууга 5 гектар жер берилгени белгилүү болду. Путин аскер база жөнүндө мындай ой айтты:

"Коопсуздук жаатында Кант шаарындагы Орусиянын аскер базасынын оң ролун белгилеп, эки тараптуу форматта жана эл аралык уюмдардын алкагында эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизаттары менен курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, киберкоопсуздукка жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөштө кызматташууну чыңдоого токтолдук", - деди ал.

Канттагы база Орусиянын Кыргызстандагы ири аскердик обьектилеринин бири. Ал 2003-жылы "Манас" аэропортунда АКШнын аскер базасы ачылгандан кийин түзүлгөн.

АКШнын аскер базасы өлкөдөн 2013-жылы чыгарылган. Ал эми Орусиянын "Канттагы" авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт иштеп жатат.

Акыркы жолу 2019-жылы Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү базасынын аянты 58,3 гектарга кеңейтилген.

Кыргызстандын жана Орусиянын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен аймактык системасын түзүү келишимине кол коюлушу менен Канттагы авиабазанын жанына абадан коргонуу компоненттерин да жайгаштырууга жол ачылды.

Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов 11-октябрда парламентте туруп, бул келишим расмий Бишкектин "кызыкчылыгына төп келерин" билдирди:

"Бул документтин алкагында Орусия Кант шаарынын аймагындагы орусиялык авиациялык базанын районунда абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн жайгаштырууну пландаштырууда. Бул максатта Кыргызстандын Коргоо министрлиги Орусиянын Коргоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык Канттагы авиабазага жанаша жайгашкан аянты 5 гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Абадан кол салуудан коргонуу бөлүкчөлөрүн башкарууну кыргыз тарап жүргүзөт, ал эми күнүмдүк ишинде каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо орусиялык тараптын карамагында болот", - деди ал.

Иш жүзүндө абадан коргонуу жаатында Кыргызстан менен Орусиянын келишими буга чейин эле бар болчу. Болгону ал көп тараптуу деп саналчу. Тагыраагы 1995-жылы 10-февралда КМШга мүчө 12 мамлекеттин лидерлери бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу макулдашууга кол койгон.

Келишимде эмне камтылган?

Анын ичинде Орусия менен Кыргызстандан сырткары Азербайжан, Молдова, Армения, Беларус, Тажикстан, Грузия, Түркмөнстан, Грузия, Казакстан, Өзбекстан жана Украина да бар эле. Бирок Украина менен Түркмөнстан КМШнын негизги жобосун кабыл алган эмес, Грузия болсо Орусия менен согушкандан кийин уюмдан чыгып кеткен.

Ошол себептүү Орусия ар кайсы багыттагы документтерди өнөктөш өлкөлөр менен аймактык уюмдардан сырткары, эки тараптуу негизде да түзө баштаган. Маселен, абадан коргонуу системасын түзүү макулдашуусун 2009-жылы Беларус, 2014-жылы Казакстан, 2016-жылы Армения, 2021-жылы Тажикстан менен түздү.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жаңы келишимдин мазмунун карап, анын маани-маңызын так түшүнүүгө кеңеш берет.

“Абадан жалпы коргонуу боюнча келишимдер бар болчу. Кыргызстан Кытай менен гана чек араны кайтарат. Ооганстан жактан коркунуч келе турган болсо Тажикстан, Өзбекстан бар. Азыр Кытай менен мамилебиз жакшы. Маани бере турчу нерсе, азыр ар кандай учуучу аппараттар пайда болууда. Ошол келишимдин мазмунун карашыбыз керек. Сөз кандай объектилер жөнүндө болуп жатат, ошого көңүл буруу зарыл”, - деди.


Быйыл биринчи жолу чет элге сапарга чыккан Владимир Путин 12-октябрда Бишкекке түнөйт. Жума күнү КМШнын саммитине катышат.

Бул иш-чараларга байланыштуу Бишкекке коопсуздук чаралары күчөтүлүп, айрым көчөлөрдөгү кыймылдарга өзгөртүү киргизилди. Ушул эки күндө борбор калаадагы мектеп, жогорку окуу жайлардын баары онлайн режимге өтүп, бала бакчалар иштеген жок.

Путиндин сапарын утурлай өткөн жыйын

Путиндин сапарын утурлай 11-октябрда Жалал-Абад шаарында кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтык тууралуу жыйын өтүп, анда эки өлкө президенттери онлайн катышып сөз сүйлөштү.

Орус президенти анда Евразия экономикалык биримдиги баштаган уюмдардын пайдасы Кыргызстанга сезиле баштаганына токтолду.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан орусиялык ишкерлер үчүн ишенимдүү өнөктөш боло аларын айтты. Ал Кыргызстан менен Орусиянын облустары энергетика, тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба, кен байлыктар, өнөр жай жана туризм тармагында кызматташса болорун белгиледи.

Сапардын максаты кандай?

Адистер кыргыз-орус экономикалык алакасынын өсүшүн обьективдүү көрүнүш катары эсептешет. Украинага басып киргенден кийин Батыштын катаал санкциясына туш болгон Москва өзү менен жакын мамиледеги мамлекеттер менен байланыштарды чыңдап, айрым учурда аны колдонууга аракет кылууда.

Эл аралык саясат боюнча эксперт Эдил Осмонбетов Путиндин Кыргызстандагы сапарынын геосаясий маанисине токтолду.

Эдил Осмонбетов.
Эдил Осмонбетов.

“Орусия бүгүн санкцияда, эл аралык изоляцияда болгондуктан, көп мамлекетке бара албайт. Орусия "бизде дагы тышкы саясат бар, жакшы мамиледеги өнөктөш өлкөлөр бар" дегенди көрсөткүсү келип жатат. Батыш мамлекеттери, Кытай, Орусиянын геосаясий атаандашуусу бар экени түшүнүктүү. Экинчиси, Борбор Азия Ооганстанга жакын. Ооганстанда террористтик топтор күч алса, Борбор Азиянын өзүнө, Батышка дагы жаман. Үчүнчүсү, гоесаясий атаандашуу болгондон кийин ар бир ири мамлекет өзүнүн саясатын, долбоорун киргизгиси келет”, - деди Осмонбетов. Ал Орусия Борбор Азияны соода-экономикалык багытта дагы колдонгусу келерин белгилейт.

Санаага салган санкциялар

Анткен менен АКШ, Евробиримдик баштаган Батыш өлкөлөрү Кыргызстанды Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшпөөгө чакырып келет.

Буга чейин аталган өлкөлөрдүн чабармандары Бишкекке келип, кыргыз бийлигине санкциялык режимди сактабаса, анын кесепеттери кандай болорун эскерткен. Батыштын Кыргызстан аркылуу согушка керектеле турган микросхемалар, технологиялык жабдыктар экспорттолгон жокпу деген чочулоосу бар.

Расмий Бишкек санкциялык тизмеге кирген товарлардын экспорттолуп жатканын четке кагууда. Өткөн айда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Берлинде берген маегинде да муну белгилеген болчу.

Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

“Мен эч кандай санкцияларды бузбаганыбызды жана бузбай турганыбызды ырастай алам. Биз Батыштагы өнөктөштөрүбүз менен болгон келишимдерди аткарабыз. Эки тараптуу Кытай, Орусия же КМШнын башка өлкөлөрү менен соода жүргүзүүгө эч ким тыюу сала албайт. Кыргыз өкмөтүнүн мүчөсү катары мен расмий түрдө айта алам, биз эч кандай санкцияларды бузган жокпуз”.

Батыштын санкцияларды бузбоо талабы боюнча кыргыз өкмөтү айрым чечимдерди кабыл алгандай. Өткөн аптада Улуттук банк өлкөдөгү бардык банктарды эл аралык санкцияларды сактоого чакырды. Санкциялар жаатында кыргыз бийлигинин позициясында өзгөрүүлөр бар экенин батыштык айрым жетекчилер белгилешүүдө.

Өткөн апта соңунда Бишкекке сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм “Азаттык” менен маегинде санкцияларды сактоо жаатында кошумча чаралар көрүлгөнүн билдирди.

“Биз Орусияга салынган санкциялардын бардык мамлекеттерде так аткарылышын көзөмөлдөп турабыз. Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу башка өлкөлөр санкцияларды кыйгап өтүп, орус армиясына жардам беришине тоскоол болушубуз керек. Биз колдо бар маалыматтарды Борбор Азия өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен, анын ичинен Кыргызстан менен да бөлүшүп турабыз. Бул маселе боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен сүйлөшүүдө жакшы жыйынтыктар бар. Ушул жылы Кыргызстанга АКШнын Каржы министрлигинен жана Коммерция департаментинен эки делегация келип, санкциялар тууралуу маселени талкуулап кетти. Кыргызстандын кызмат адамдары ишканалардын Орусияга салынган санкцияларды так сактоосу үчүн кошумча чараларды көрүп жатканы колдоого аларлык”, - деди.

Орусия таасирин күчөтүп жатабы?

Украинага согуш ачкандан кийин Батыштын санкцияларына туш болуп, эл аралык коомчулуктун жектөөсүнө кабылган Орусия Борбор Азиядагы өнөктөштөрү, анын ичинде Кыргызстанга көңүл бурууну күчөткөндөй. Эң ириде гуманитардык жана идеологиялык багытка өзгөчө басым жасай баштады. Алсак, соңку учурда 120 орусиялык мугалим Кыргызстанга жөнөтүлүп, Москва мамлекеттик университетинин филиалы Ош жана Каракол шаарларына ачылганы жатат. Мындан сырткары орус тилдүү 11 мектеп өлкөнүн бардык аймактарында курулат.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Москва башында турган аймактык бирикмелер "Орусиянын таасирин күчөтүү үчүн түзүлгөнүн" белгилейт.

“ЖККУ, КМШ жана ЕАЭБ – бул саясий уюмдар. Булар Орусиянын таасирин күчөтүү үчүн түзүлгөн. Иштебей жатканынын себеби дагы ошол. ЖККУну көрүп жатасыңар, ага Тажикстан, Кыргызстан дагы нааразы болуп жатат. Армения такыр эле чыгып кеткиси бар. Стратегиялык өнөктөшпүз, стратегиялык биримдиктебиз деген чоң терминдерди колдонуп жүрөбүз. Орусия деген өзөктүк куралы бар мамлекет. Орусиянын эски куралдарын алып жүргөн биз кандай стратегиялык өнөктөш боло алабыз? КМШ жыйынында “кызматташтыкты өзгөртөлү, башка кылалы” деген сөздөр айтылганы менен бул уюм деле Орусияга эле керек”, - деди Молдалиев.

Акыркы бир жылда эле Кыргызстанда расмий макамы бар орус тили боюнча ар кандай талкуулар орун алды. Бишкектин кыргыз тилин өркүндөтүү боюнча демилгелерин орус бийлигинин бийик сересинде отургандар сындады.

Канттагы авиабаза. Архивдик сүрөт.
Канттагы авиабаза. Архивдик сүрөт.

Миграция, согушка тартылган кыргызстандыктар

Ушу тапта миллиондой кыргызстандык Орусияда миграцияда жүрөт. Соңку кезде мигранттарды текшерүү күч алганы, согушка тарткан учурлар көбөйгөнү айтылууда. Буга байланыштуу Бишкек мигранттар маселесин такай көтөрүп келет.

Эксперттердин айтымында, Орусиядан миңдеген мигрант чыгып кетүүдө. Расмий маалыматка караганда, быйылкы жылдын алгачкы алты айында Орусияга акча табууга барган мигранттардын саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсе азайган.

Эл аралык маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Кыргызстан социалдык-экономикалык жактан Орусиядан көз каранды экенин белгилеп, тил саясаты сыяктуу улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен Кремлдин дагы көңүлүн тапканы туура болот деген пикирде.

“Кыргызстандын сырткы саясаттагы кыялы, каалоосунун жогору экени стратегиялык жактан туура. Бирок реалдуулукту дагы эске алышыбыз керек. Кыргызстан күйүүчү май, мигранттар же коопсуздугу жагынан Орусияга көз каранды экенибизди ачык айтышыбыз керек. Кыргызстан негизги ток этер маселеде өзүнүн позициясын бир мамлекет эмес, регион катары көрсөтсө жеңишибиз болот”, - деди эксперт.

Кыргызстан тышкы мамиледе көп вектордуу саясат жүргүзүүнү көздөйт. Расмий Бишкек Орусия менен КМШ, ЖККУ, Кытай менен болсо ШКУ, “Бир алкак, бир жол" стратегиясы, ал эми Европа Биримдиги менен жалпы кызматташтык, БУУнун алкагындагы конвенциялар, Түркия менен Түрк мамлекеттери уюму аркылуу кызматташып, өз ара милдеттерди алган.

"Кыргызстан бир өлкөнүн көзүн карабашы керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:21 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG