Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Өнөр адамдары табият кучагына багыт алды


Ысык-Көл боюнда өнөрлөрдүн көчмө лагери ачылды. Ош шаарындагы "Саймалуу таш" маданий борборунун жетекчиси, сүрөтчү Арстанбек Мырзаев "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Ысык-Көл боюнда ачылган өнөрлөрдүн көчмө лагерине кимдер катышууда, анын максаты эмне?

Арстанбек Мырзаев: Көчмө лагерге сүрөтчү, дизайнер, архитектор жана культурологдор катышууда.

Адам баласы дайыма өзүнүн түпкү тамырына, үрп-адат, салт-санаасын сактап калууга умтулат экен. Көчмө лагерь чыгармачылык сапар болот. Илгери да сүрөтчүлөр чогулуп, ушундай иш-чараларды өткөрүп, тажрыйба алмашып турушчу.

Азыр да Тажикстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Швейцариядан, Германиядан, Түркиядан, Франциядан сүрөтчү, дизайнерлер келишиптир. Биз алар менен бирге көчмө легерде иштеп, бир долбоорду ишке ашырганы жатабыз. Жыйынтыгында бир аптадан кийин Бишкекте көргөзмө ачабыз.

Сөзсүз эле карандаш, май бойок менен кагазга сүрөт тартып эмес, дарактын дүмүрүнөн же таштан бир нерсе жасайбыз. Жаратылыштан алынган буюмдар болот. Балким гүлдөрдөн бир нерсе жасайбыз.

“Азаттык”: Бул иш-чарага канча киши катышып жатасыздар? Көчмө лагерь деп атпайбы, Ысык-Көлдөн да башка жакка көчөсүздөрбү?

Арстанбек Мырзаев: Бардыгы болуп 50-60 киши бар. Алардын басымдуу бөлүгү сүрөтчүлөр. Алардын жарымынан көбү кыргызстандыктар. Бул долбоор абдан кымбат болгондуктан Ысык-Көлдөн башка жакка көчпөйбүз.

Азыркы өнүгүп-өсүп жаткан компьютерлешүү, өнүгүп кеткен психологиядан, чоң мегаполис шаарлардан жаратылышка барып, тоонун арасындагы элге барып, көргөзмөлөрдү да шаардагы музейлерде өткөрбөй, элге барып уюштуруп келели деген да максат болууда. Аны менен бирге элдин да көйгөйүн, айтып-дегенин угуп, пикир алышып, аны өз эмгегибизде чагылдыралы деп жатабыз.
XS
SM
MD
LG