"Азаттыктын" бүгүнкү апта темасында аймактарда ишкердик менен алектенген аялдар тууралуу кеп кылабыз. Алардын иш тажрыйбасына, экономикага кошуп жаткан салымына жана түйшүгүнө аймактардагы кабарчыларыбыз кызыгып көрдү.
Адатта аял ишкерлер десе кийим тигүүчү цехи бар же ашкана, ресторан иштеткен, болбосо уз айымдарды элестетебиз.
Биздин каарманыбыз – өзгөндүк Зайнапхан Базарбаева асыл тукум жылкыларды багат, гисар породасындагы койлорду көбөйтүп, заманбап касапкананы иштетет. Өзгөндүк өзгөчө ишкер айым тууралуу радио баянда.
Жалал-Абад шаарынын 54 жаштагы тургуну Салима Молдомусаева - акыркы он жылдан бери курулуш тармагында иштеп келе жаткан ишкер аялдардын бири. Экономист кесибин куруучулукка өзгөткөн аял өзү жетектеген курулуш компаниясы аркылуу мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык имараттарды куруу менен алектенет.
Аймактарда, айрыкча калкы аз чакан шаарларда жеке ишкерлик кылуу үчүн изденүү, тынымсыз мээнет зарыл. Жылына 1,5 сомдон ашык казынага каражат төлөп, өз турмушун да оңдоп жаткан баткендик Улукбүбү Амирова улам жаңы жолдорду изденип жаны тыным албайт. Бир эле учурда батир, ашкана, аймактагы жалгыз менчик радиону иштетип келет.
Нарын Мамлекеттик университетинде окуган үч студент кыз биригип чакан бизнес ачты. Азыр алардын колунан кондитердик азыктар жана торттун түрү чыгып жатат. Студенттердин мындан аркы аракети, ишкерлик кылуу машакаты тууралуу радио репортаждан уга аласыз.
Ысык-Көл облусунун тургуну Күлүйпа Жүзүмалиева аймакта деле ишкердикти өнүктүрүп, экономикага олуттуу салым кошсо боло тургандыгын далилдей алган тажрыйбалуу ишкер айымдардын бири. Ал башкарган сүт азыктарын иштетүүчү “Ак жалга” ишканасы бүгүн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө жана алыскы чет мамлекеттерге сүт азыктарын экспорттоп жатат.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
-
Медербек Ниязалиев
"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Руслан Калматов
"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
-
Жеңиш Айдаров
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Бактыгүл Чыныбаева
“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.