Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Кытай армиясындагы тазалоо: Тогуз генерал кызматтан айдалды


Кытай армиясынын жоокерлери
Кытай армиясынын жоокерлери

Кытай армиясынын жетекчилигинде тазалоо жүрүүдө. Үстүбүздөгү аптада тогуз генерал кызматынан алынды жана Коммунисттик партиянын катарынан чыгарылды. Коргоо министрлиги алар паракорлукка шектелип жатканын билдирди.

Партиянын пленумунда экономикалык өнүгүү планы бекитилди жана Борбордук комитеттин жаңы мүчөлөрү шайланды.

23-октябрда Кытай Эл республикасынын Борбордук аскердик кеңешинин экинчи орун басары болуп Чжан Шэнмин дайындалды. Муну менен ал жогорку аскердик органдын төрагасы, президент Си Цзинпин жана анын орун басары Чжан Юсядан кийинки үчүнчү киши болуп калды.

67 жаштагы генералдын кызматка дайындалганы тууралуу партиянын Борбордук комитетинин пленумунун жыйынтыгында жарыяланды.

Буга чейин кеңештин коррупцияга каршы бөлүмүнүн жетекчи орун басары болуп иштеген генерал 47 жылдан бери армияда кызмат өтөп келатат.

Өткөн жумада жогорку аскерлер арасында тазалоо жүрүп, 9 генерал куралдуу күчтөрдүн жана Коммунисттик партиянын катарынан чыгарылган.

Эң таасирдүүсү - Хэ Вэйдун Борбордук аскердик кеңешинин биринчи орун басары болчу. Генерал марттан бери эл алдына чыкпай калганда анын үстүнөн иш козголгон болушу мүмкүн деген жоромолдор айтыла баштаган. Хэ Вэйдун Коммунисттик партиянын Саясий бюросунун мүчөсү болгондуктан тергөөгө алынган партиянын жогорку органындагы алгачкы киши болуп калды.

Кытайдын Коргоо министрлиги тогуз киши партиянын тартибин олуттуу бузган жана кызматынан кыянат пайдаланып оор финансылык кылмыштарга барган деп шектелгенин билдирди. Маалыматка караганда, жогорку аскерлер эми сот жообуна тартылмакчы.

“Аларды жазалоо партия менен армиянын паракорлукка каршы өнөктүгүндөгү чоң жетишкендик болот”, - деп белгиледи министрлик.

Си Цзинпин бийликте турган 10 жылдан ашык убакыттан бери партияны паракорлуктан тазаларын айтып келатат.

Алсак, мурдагы коргоо министрлери Вэй Фэнхэ жана Ли Шанфу кызматынан алынган. 2023-жылы тышкы иштер министри Цин Ган көпкө көрүнбөй калган. Анын ордун басат деген Лю Цзяньчао июндан бери эл алдына чыга элек. Wall Street Journal ал кармалган болушу мүмкүн деп жазган.

Аналитиктер бул жолку тазалоонун саясий жүйөсү да болушу ыктымал деп боолголошот. Эмне дегенде мындай кадам өлкөнүн экономикалык өнүгүү планы талкууланган партиянын пленуму алдында жасалды.

"Си Цзинпин стабилдүү жана кырдаалды көзөмөлдөп турат деп айтсак да, маанилүү суроолор ачык бойдон кала берүүдө. Ал чындап эле Кытайдын армиясындагы системанын бардык чечүүчү элементтерин контролдойбу? Ал жакта нормалдуу эмес көрүнүштөр болгон. Мисалы, үстүбүздөгү жылы узакка чейин Бээжин гарнизонунун командачысы дайындалбай келди. Акыркы жолу мындай окуя 1961-1962-жылдары болгон", - деп айтты Жэймстаун фондунун Кытай боюнча программасынын изилдөөчүсү Питер Мэттис.

Партиянын пленуму бейшембиде аяктады. Борбордук комитет өлкөнүн өнүгүү багыттарын аныктаган беш жылдык планды бекитти.

Стратегиялык документте АКШ менен атаандаштык өскөн кезде илимий-технологиялык базаны өнүктүрүү, жашыл экономикага өтүү, коргонуу тармагын модернизациялоо, геосаясий олку-солку заманда азайган экспорттук кирешенин ордун толтуруу үчүн ички керектөөгө шарт түзүү каралган.

Кытайдын Улуттук өнүгүү жана реформа кеңешинин төрагасы Чжен Шанья аны мындайча түшүндүрдү:

"Кытайдын экономикасы реалдуу секторго таянып келген жана өсүштү камсыздоо үчүн мындан ары да таянат. Пленумда берилген сунуштар модернизацияланган өнөр жай системасын түзүүнү жана реалдуу экономиканын пайдубалын бекемдөөнү максат кылат."

АКШ президенти Дональд Трамп кызматка келгенден бери Кытайдан ташылып кирүүчү товарларга тарифтерди көтөрүп келатат.

Кошуна өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан Кытайдагы саясий-экономиклык окуяларга жакындан байкоо саларын Рейтер агенттиги менен маегинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айткан:

"Он төртүнчү беш жылдык өтө кыйын болду. Биз Кытайдын кыйынчылыктардан ашып өтүү, сырткы чакырыктарга натыйжалуу ыңгайлашуу жана тоскоолдуктарга карабай экономикалык өсүшкө жетүү жөндөмүнө суктанабыз. Бүгүнкү Кытай дүйнөлүк экономиканын кыймылдаткыч күчү, локомотиви. Он төртүнчү беш жылдыктын максаттарына жеткен дос мамиледеги кошунабыз үчүн кубанып, алар менен сыймыктанабыз".

Кыргызстандын тышкы соодасында эң башкы өнөктөш болгон Кытайга дүйнө менен жалпы соода алакасынын 35% туура келет. Бээжиндин эсебинде, 2024-жылы Кытай–Кыргызстан соодасынын көлөмү 22,7 млрд доллар болгон. Кыргыз статистикасы бул санды 5,6 млрд доллар деп көрсөтөт. Анын 98% Кытайдан келген импорт болуп эсептелет.

Шерине

XS
SM
MD
LG