Серепчилер бул көйгөлөр борбордогу ирригация саясатынын начардыгынан улам келип чыкканын ырасташууда. Ошол эле учурда Бишкек шаар бийлиги таза сууга бааны жогорулатуу демилгесин көтөрүүдө.
Шаар тургуну Дария Кожогулова мэрияны айыптады:
«Арыктын баары бузулган да. Бирөөлөр дүкөн куруп алган, башкалары жолдон чыгып кеткен. Бишкек мэриясы биринчи кезекте арыктарды караса, суу маселеси чыкмак эмес».
Дария Кожогулова жай саратанда үйдөгү бакчасын таза суу менен сугарганга аргасыз экенин айтып, ошол эле учурда көчөдө суу тартыштыгынан улам куурап бараткан бактарга кейиди.
«Эгер акчага эсептей турган болсок, бул бактын ар бири миңдеген доллар турат. Аны өстүрүүгө кандай деген эмгек кетет! Алардын ар биринен канчалаган кычкылтек чыгып абаны тазалап жатат. Мэриянын эң биринчи милдети - сууну ар бир жашылчага жеткирүү. Мисалы, Жапонияда ар бир бакты бөпөлөп багат экен. Биз болсо жердин баарына таш төшөп койгонбуз. Шаарыбыз мончодой болуп ысып турат».
Дария бир кезде Бишкек шаарында ар бир даракты сугарган арыктар бүтүн болгонун, эгемендик алгандан бери ал система ар кайсы жерден буулуп, талкаланганын кеп кылып турду.
Мэрияга караштуу «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева Бишкек шаарында ирригация саясаты мыйзамсыз курулуштар түшө баштагандан тарта талкаланганын айтып, айрым мисалдарды келтирди.
«Мэрия ирригация саясатын жакшылап карап, жок жерлерге ирригация салып, бар жерлерди оңдош керек. Мисалы, бүгүн биз "Ата-Түрк" паркын карап чыктык. Ал жерде ирригация келатып эле ал жерге салынган эки үйдүн жанына келгенде андан ары өтө албай жок болуп кеткен. Ал жердеги Токтоналиев көчөсүнүн боюна көп кабаттуу үй салынып калбадыбы. Эми андан аркы бактар сугарылбай жатат. Аларга арыктарды жок кылганга ким уруксат берди?».
Бишкек жашылдандыруу чарбасына сугат иштери үчүн негизинен үч булактан суу алынат.
Алар: Ала-Арча суусу, Чыгыш чоң Чүй каналы жана Аламүдүн суусу. Бирок бийлик жыл башында эле быйыл бишкектиктер үчүн сугат суу тартыш болорун эскерткен.
Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Бишкек мэриясынын өкүлү Гуля Алмамбетова билдирди.
«Факт боюнча күнүнө 4.6 куб метр берилмек. Бирок биз учурда кээде 2.5, кээде 1.5 куб метр суу алып калып жатабыз. Бул абдан эле аз. Вице-мэр Ырысбек Сарпашев Чүй облусунун губернатору менен жолугушканга чейин суу сурап барды. Алар айыл чарба өсүмдүктөрүн приоритет кылып, аларды биринчи сугарып алалы деп коюшту».
Алмамбетова учурда мэрия кызматкерлери түнкү сугатка чыгып жатканын, шаар тургундарынан "Вотсап" аркылуу суу жетпей, же суу коромжу болуп жаткан жагдайларды маалымдап турууну суранышканын кыстарды.
Бишкек шаардык суу каналдын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиев жогорудагыдай себептерден улам учурда өзгөчө жер үйдө жашагандар таза сууну да бакчалары үчүн колдонуп, анын айынан жаңы конуштарга барган ичүүчү суунун басымы азайып, кээ бирде чыкпай калып жатат дейт.
«Бишкекте мындай көйгөй жайында гана чыгат. Бишкек суу канал башкармалыгында 300 скважина бар. Азыркы күндө алар толугу менен иштеп жатат. Алар чыгарып жаткан суунун көлөмү шаарга жетиштүү. Кышкысын ошол 300 скважинанын 210-220сы гана иштейт. Суунун көлөмү жетиштүү. Бирок өзгөчө жаңы конуштарда ирригациялык каналдар каралбай калган же толук бүткөн эмес. Ошондуктан алар бир-эки багы болсо да көбүнчө биздин сууну пайдаланат».
Сейдалиев Бишкек жылына 130-140 миллион литр таза суу ичерин, шаардыктар миң литр суу үчүн 5 сом 38 тыйын төлөшөрүн айтты. Адистин пикиринде Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча көйгөйлөр жашоочулар аны туура, ысырап кылбай колдонгондо, айрыкча жаңы конуштардагы ирригация саясаты ишке ашканда гана чечилет.
Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова шаар бийлиги жаңы конуштарда жөө жол менен кошо арыктарды жана агынды сууну кайра чыгаруучу системаны түзүүнү башкы милдет катары белгилегенин билдирди.
Бишкек шаар жетекчилиги жакында таза суу тарифтери жогорулатуу демилгесин көтөргөн. Алардын түшүндүргөнүнө караганда бүгүн миң литр суунун өз наркы 8 сом. Ал эми шаар тургундары 5 сом 38 тыйындан төлөп келет.