Жефф Лили өзү жазган жаңы китепти тааныштырууда. АКШ Конгрессинин китепканасы. 18.4.18.
Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана америкалык изилдөөчү Жефф Лили жазган жаңы китепке арналган жыйындар ушул жумада Вашингтондо Ачык коом институту, "Эркин Европа/Азаттык" радиосу тарабынан уюштурулду. Иш-чаралардын акыркысы 18-апрелде АКШ Конгрессинин китепканасында өттү.
"Тоолор кулаганда: "кансыз согуш" жараткан эки армандуу тагдырдын акыбети" деген китептин жазылып калышына дал ушул Конгресстин китепканасында мындан он жыл илгери Айтматовдун 80 жылдыгына арналган үч күндүк форум түрткү болгон экен. Ал жыйынга америкалык изилдөөчү Жефф Лили да катышкан. Окумуштуу тоолук элдин кулк-мүнөзүн, жашоо мыйзамдары менен табигый философиясын баяндаган атактуу кыргыз жазуучусуна, анын тогуз жашында атасынан айрылып, ошол бойдон ал кандай шартта, кайда көмүлгөнүн билбей 53 жыл арманда өткөн тагдырына кызыгып калат.
Китеп тоталитардык бийликтин курмандыгы болгон жаш кыргыз жетекчиси Төрөкул Айтматовдун улуу баласы Чыңгыз Москвадагы темир жол вокзалында кучакташып коштошуп аткан ата-энесин терезеден карап туруп, жүрөгү жамандыкты сезгенин, ичиндеги кайгысын жашыра албай вагондогу текчеге ары карап жатып алып далайга чейин өксүп ыйлаганын баяндоодон башталат.
Автор Вашингтондогу Конгресстин китепканасында китеп тууралуу айтып берип жатат.
Чыгарма ХХ кылымдын эң трагедиялуу окуяларын эки кыргыздын тагдыры аркылуу чагылдырат. Чыңгыз Айтматов өзүнөн кийинки үч кичинекей бир тууганы, апасы Нагима болуп Таластагы Шекер айылына келип жашап, согуш жылдары бели ката элек өспүрүм айылдагы элге кат-кабар, "кара кагаз" таратып өмүр менен өлүмдүн баасын жаштайынан билип калганы, атасы Төрөкул Айтмат уулу гана эмес, анын бир тууган иниси, аталаш туугандары да сталиндик репрессиянын айынан дайынсыз жок болгону окурманды ошол кылычы жалаңдаган кандуу жылдарга кайтарып барат.
"Айтматов үчүн Кыргызстанды бир көрүүгө зар болгондор бар"

Мисалы, мен үчүн согуштан кийин илим-билимге умтулган Айтматовдор кийин кандай адам болуп чыкканы, Чыңгыздын чыгармалары бат эле Москвада окурмандардын сүймөнчүгүнө айланып, сатыкка түшөөр замат таланып кетип турганы, ошол эле убакта ал кездеги кыргыз совет жетекчилери эл аралык кадыр-баркка бөлөнгөн жердешинин китептерин бастырбай, оюндарын театрларда койдурбай бут тоскону жаңы маалымат болду.
Китептин экинчи каарманы - биз иштеген "Азаттык" радиосунун эң алгачкы кыргыз тилдүү кабарчысы, ыраматылык Азамат Алтай. Экинчи дүйнөлүк согушта көргөн азап-тозогу, фашисттердин концлагерине түшүп, андан качып чыгып беларус, француз партизандарынын катарында урушкан күндөрү ардагер журналисттин өз өмүр баянын жазган китебине негизделип баяндалат.
Ал көлөмдүү китепти өз акчасына орусча котортуп окуп чыккан Жефф Лили андан тышкары он чакты өлкөнү кыдырып, Айтматов менен Алтайды таанып билген 40-50дөй киши менен маектешип маалымат топтойт. Экөө тууралуу китепканаларда, архивдерде болгон материал-документтерди казып изилдеп, көлөмдүү чыгарманы жазууга он жылдай өмүрүн арнайт.
Азамат Алтайдын согуштан кийин Европада калуу тууралуу чечими оңойго турбаганы, мекенине кайтып барса немистердин туткунунда көргөн тозогу үчүн кайрадан түрмө күтүп турганын түшүнгөндө айласыз бозгундун тагдырын тандаганы ХХ кылымдагы кайгылуу окуяларды кайра бир сыйра эске салат.
"Азаттыктын" журналисттери менен. Оңдон солго: Азамат Алтай, Аким Өзгөн (туруп турат), Чыңгыз Айтматов, Майра Жакып келини (Бактыгүл), Мария Айтматова, Төлөмүш Жакып уулу. Мүнхен. 1988.
Батышта жашап калса да, жалаң кыргыз элинин, ага коңшулаш элдердин жашоо-турмушун, тарыхын, маданиятын изилдеген алты миңдей китептерди, басылмаларды чогултуп, бул чөлкөмгө кызыккан европалык, америкалык атактуу изилдөөчүлөргө чоң жардамы тийген.
Элин, жерин сагынып, атасы, жакын туугандары түшүнөн кетпей жашаган Азамат Алтай мекенине 55 жылдан кийин, 1995-жылы гана кайтып барууга мүмкүнчүлүк алган. Ал элине чыккынчылык кылбаганы, бир да күн немистер тарапта урушуп, аскердик антын бузбаганы Москвадагы, башка жерлердеги архивдик документтер аркылуу текшерилген соң, 1994-жылы Кыргызстандын Жогорку соту ага каршы ачылган ишти жаап, толук актаган чечимин чыгарган. Ошондо гана туулган жерин, элин көрүүгө мыйзамдуу укук алган Алтайдын тагдыры англис тилдүү китепте кеңири чагылдырылат.
Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматов.
АКШ Конгрессинин китепканасынын бөлүм башчысы, он жыл илгери Айтматовдун 80 жылдыгына арналган форумду да уюштурган Мэри-Жэйн Диб эки кыргыз инсанына арналган китеп "өткөн кылымдын татаал тарыхын таасын баяндаган чыгарма экенин, Айтматовдун тамыры өз элине, жерине байланганы менен анын жазгандары, айткандары жалпы адамзатты таасирлентчү универсалдуу баяндарга, ойлорго айланганын" белгиледи.
Конгресстеги он жыл мурунку жыйынды, бу жолку иш-чараны да уюштурууга Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жигердүү катышты. Элчи Кадыр Токтогулов Жефф Лилинин англисче жазылган китеби сөзсүз кыргызча которулушу керектигин, эки кыргыз инсандын тагдыры бардык кыргызстандыктарга сабак боло турган терең мааниси бар чыгармага айланганын айтып өттү.
АКШ Конгрессинин китепканасынын бөлүм башчысы Мэри-Жэйн Диб, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов, китептин автору, америкалык изилдөөчү Жефф Лили жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын башчысы Венера Жуматаева.
Жефф Лили китептин бет ачарында Айтматов менен Алтайдын сейрек сүрөттөрүн, видеотасмаларын да көргөзүп, темир көшөгөнүн эки тарабында жашаган бул эки кыргыз СССР маалында бир нече ирет жолугушуп, кийин да эгемендик жылдары байланышы, дос-туугандык мамилеси үзүлбөгөнүн сүрөттөрдүн коштоосунда айтып берди.
1975-жылы Чыңгыз Айтматов Нью-Йоркко барганда ал жерде жашаган Азамат Алтай атактуу жердешине телефондон байланышып, аздан соң ага учурашканы мейманканага барат. Айтматов мейманкананын кире беришинде күтүп турган Алтайды көздөй басып келатканда жолун тороп чыккан КГБ офицерлеринин эскертүүсүнө кол шилтеп, "тийбегиле, бул менин кишилерим, бизди жөн койгула" деп Азамат Алтайды ийнинен кучактап бөлмөсүнө киргизип кеткенин айтып атып, Жефф Лилинин добушу мукактанып, андан ары сүйлөй албай өйдө карап тунжурап туруп калды.
Китептин бет ачарына келген бир нече киши да көз жашын аарчып отурганын байкадым. Саясий идеология, миллиондогон калктын жүрөгүнүн үшүн алган катаал бийлик, кырчылдаша эрегишкен эки башка системанын эрежелерин четке кагып, адамгерчилик, тууганчылык алардан жогору тураарын ушул эки кыргыздын мамилеси далилдегенсиди.
Экөөнү бириктирген - атадан ажыраткан армандуу тагдыр, тоо койнунда өткөн бала чагы, элинин эркиндиги, улуттук өзгөчөлүк, маданият, тилин сактап калуу санаасы, тарыхый калыстыкты орнотууга болгон үмүт, умтулуу болгону Жефф Лилинин китебине арналган жыйындарда көп айтылды. "Өткөн кылымдын кайгылуу тарыхын камтыгын Айтматов менен Алтайдын тагдырынан сабак алабызбы?" деген суроо улам кайталанып жатты.
Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматов тууралуу видео баян (англис тилинде).
1/25Каракол калаасынын интеллигенция өкүлдөрү, жетекчилери, жаштары менен карылары 1995-жылдын 12-сентябрь күнү даңктуу уулун кучак жайып тосуп алды.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
2/25Бул жолугушууда Азамат Алтайдын дарегине татыктуу мактоолор, калоо-тилектер, орошон ойлор айтылды. Азамат Алтай да элдин алдына чыгып сүйлөп, суроолорго жооп берди.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
3/25Азамат Алтай менен жолугушууга келген аксакал жердеши.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
4/25Караколдогу Касымалы Жантөшов атындагы драма театрындагы бул жолугушууда облус жетекчиси Жумагул Сааданбеков, шаар башчысы Асылгүл Абдрахманова, Университеттин ректору Жолдош Жусаев жана башка коомчулуктун өкүлдөрү Азамат Алтайды чын жүрөктөн куттукташып, анын басып өткөн, күрөшкө толгон даңктуу жолуна татыктуу баа беришип, узун өмүр каалашты.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
5/25Жолугушууда аны жазуучу жана драматург Бексултан Жакиев коштоп жүрдү.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
6/25

7/25Шаар жетекчилиги Азамат Алтайга калпак кийгизип, чапан жаап, байбичеңизге ала барыңыз деп элечек да белек кылып жатышат.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
8/25Бексултан Жакиев, Азамат Алтай жана башкалар.

9/25Кыргыз Эл жазуучусу Зуура Сооронбаева өзүнүн “Чоочун киши” романын тартуулап Азамат Алтайга чың ден-соолук, узун өмүр каалады.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
10/25Бексултан Жакиев, Азамат Алтай жана Зуура Сооронбаева.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
11/25

12/25Азамат Алтайга таазим кылып, урмат көрсөтүп жаткан жигит.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
13/25Төкмө акын Майра Керим кызы сахнада 55 жылдан кийин мекенине келген Азамат Алтайдын урматына ырдап жатат.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
14/25Азамат Алтай жана Майра Керим кызы.

15/25Бексултан Жакиев, Азамат Алтай жана Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Жумагул Сааданбеков.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
16/25Азамат Алтай менен Бексултан Жакиев.

17/25Жолугушууга келген эл.

18/25Салтанаттуу жолугушуудан кийин Каракол шаарынын тургундарынын атынан Азамат Алтайга сур кашка жорго ат жабдыгы менен тартууланды.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
19/25Азамат Алтай менен Жумагул Сааданбеков (ортодо).
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
20/25Сур кашка жорго жана жылкы жандуу кыргыз баласы Азамат Алтай.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
21/25Жолугушууга келген эл.

22/25Азамат Алтай журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
23/251920-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда туулган Азамат Алтай 1940-жылы аскерге кеткен. Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган. Азамат Алтай 1953-жылы баш кеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
24/25Азамат Алтай кийин АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзүп, ал 1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
25/25Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында оорунун айынан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан.
"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.
Артка
Алдыга
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.