Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Парламент уран казууну тыйган токтом чыгарды


Бишкекте уран казууга каршы өткөн акциялардын бири.
Бишкекте уран казууга каршы өткөн акциялардын бири.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды.

Буга адамдар Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенинин иштетилишине каршы тынымсыз митингдерди өткөрүп, уран казууга тыюу салуу боюнча койгон катуу талаптары себеп болду.

Парламенттин жыйынында Кыргызстанда уран кенин чалгындоого баш-аягы 18 лицензия берилгени да айтылды. Анын ичинен төртөө биосфералык аймак деп эсептелген Ысык-Көл облусуна таандык.

Өлкө аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу боюнча токтомду Жогорку Кеңеште 90 депутат бир добуштан колдоду. Муну парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков "саясий чечим" катары баалады.

Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

«Урматтуу депутаттар, парламент саясий чечим кабыл алды. Кыргызстандын бардык аймактарында уранды иштетүүгө, чалгындоого тыюу салынат. Токтом долбоорунун негизги максаты ушундай болду».

Токтомдо Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого уруксат алган «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы мыйзамдарды сактап-сактабаганын текшерүү, иондоштурулган нурлануучу булактарга инвентаризациялоо жүргүзүү талаптары коюлду.

Андан тышкары депутаттар буга чейин уран кенин чалгындоого лицензия алган ишканалардын ишин текшерүүнү, Кыргызстанда уран казылган аймактардагы уулуу калдыктарды иштетип, аларды алып чыгып кетүүгө уруксат берүүнү сунушташты.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети айтылгандардын баарын калыпка салып, токтомду толуктап иштеп чыгууну мойнуна алды.

Жогорку Кеңештин 2-майдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселелер жана калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу чаралары боюнча жалпы маалымат берди.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Кыргызстандын аймагында 92 кен жана радиациялык калдыктар бар. Анын ичинен 60 объект Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында турат. Андан тышкары азыркы учурда Кара-Балтада, Орловкада иштеп жаткан ишканалардыкы да бар».

Бороновдун маалыматына караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көзөмөлдөп турган кен калдыктарын сактоочу жайлардагы калдыктардын көлөмү 11,9 млн. куб метрди түзөт.

Өкмөттүн Кыргызстандын аймагындагы кендер жана кен калдыктары, алардын калкка тийгизген таасири тууралуу маалымат беришине Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол кенинин айланасындагы чыр себеп болду. Акыркы апталарда эле Ысык-Көлдө жана Бишкекте Кызыл-Омполдо уран чалгындоого каршы бир катар митингдер өттү.

Караколдук активисттер уран казууга каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

Элдин каршылыгынан улам өкмөт 22-апрелде Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын ишин убактылуу, кийин 25-апрелде толук токтоткон. Боронов 25-апрелде Тоңдо жергиликтүү эл менен жолугушууда «Кыргызстандагы ЮрАзияга» берилген лицензия кайтарылып алынганын билдирген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов компаниянын лицензиясы тууралуу буларды айтты:

Эмил Осмонбетов.
Эмил Осмонбетов.

«Элдин талабынын негизинде ишкананын лицензиясы токтотулду. Бул боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» да бизге кат менен кайрылды. Ал эми компания бизди сотко берери тууралуу уга элекмин».

«Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы болсо геологиялык чалгындоо иштерине эле 271 миллион сом коротконун билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров Кызыл-Омпол боюнча бийлик кетирген бир катар кемчиликтерди санады.

«Өкмөт уран чалгындоого лицензияны берип жатканда ойлонушу керек болчу. Экинчи маселе - жакында эки президенттин (ред: Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин) катышуусунда меморандумга кол коюлду. Мында да ойлонушу керек эле. Үчүнчүдөн, качан эл көтөрүлүп чыкканда ишти токтотуп, комиссия түзүп, «эми иликтейли» дегениңер туура эмес болуп калды. Ошондуктан эл ишенбей, кайра-кайра митингге чыгып жатат».

Жыйында Кыргызстанда уран кенин чалгындоого баш-аягы 18 лицензия берилгени белгилүү болду. Өкмөттүн маалыматы боюнча тогуз лицензия жалаң уранды жана калган тогузу уран менен кошо башка да металлдарды чалгындоого берилген. Анын ичинен төртөө биосфералык аймак деп эсептелген Ысык-Көл облусуна таандык. Депутат Чыныбай Турсунбеков ушундан улам өкмөттү мыйзамдарды көзгө илбей жатат деп сындады.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

«Биз Ысык-Көлдү коргошубуз керек, «Ысык-Көл биосфералык аймак» деп мыйзам кабыл алдык. Бирок болбой эле уран чалгындоого лицензия берип жатабыз. Кенедей чуу чыкса, Ысык-Көлдөгү туризмге доо кетет. Мунун өзү эле бул маселе боюнча өкмөттүн позициясы бекем эмес экенин көрсөтүп турат».

Ал эми Кубатбек Боронов Кыргызстанда уранды иштетүүгө бир да лицензия берилбегенин, компаниялар болгону чалгындоого гана уруксат алышканын айтты. Ал мындан тышкары азыркы өкмөттүн тушунда уранга тиешелүү эч кандай лицензия берилбегенин кошумчалады.

Депутат Жанар Акаев уран кенине байланышкан маселе саясатташып кеткенине көңүл бурду.

«Бул - карапайым элдин, жергиликтүүлөрдүн, экологиянын, саламаттыктын маселеси. Ушул маселе чыккандан кийин көбүнчө саясий өңүткө бургандар пайда болду. Ошол жерде жүргөн кишилерди карагыла. Активисттер чыкса чыгаттыр. Бирок өкмөт саясий күчтөр уранды өз кызыкчылыгына пайдаланып кеткенге маалыматтык жактан утулуп жатат. Биз элдин бардык талаптарын колдошубуз керек», - деди Акаев.

Ал арада социалдык тармактардын колдонуучулары ушул күнгө чейин уран маселеси тууралуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирбей жатканына нааразы болуп, «Президент, үн кат!» («Президент, не молчи!» - ред.) акциясын башташты.

Ал эми депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков Кыргызстанда уран казууга түбөлүк тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат.

Парламент уран казууну тыйган токтом чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG