Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Журналисттин камалышынын чоо-жайы


Турсунбек Бейшенбеков.
Турсунбек Бейшенбеков.

Chyndyk.kg ​сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков эки айга үй камагына алынды. Ал 20-январда Аскер прокуратурасына суракка чакырылган соң кармалган. Бейшенбеков өзүнүн суракка чакырылып, кармалышын журналисттик ишмердигине байланыштырып жатат.

Эки айга үй камагына алынган Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбековдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, анын бөгөт чарасы 20-январда кечинде каралган.

- Эки айга үй камагына алындым. Баары мыйзам чегинде болду. Мыйзам иштесе акталам. Мага коюлган айыптарга макул эмесмин.

Журналист сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкатка кол коюп бергенин айтып, башка маалымат бере албай турганын билдирди.

Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова журналист эки берене боюнча суралып жатканын билдирди:

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Курсан Асановго байланыштуу 320-берене («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыштын катышуучусу катары өтүп жатат. Ал 344-берене менен да суралып жатат. Экинчи берененин мааниси «Кайсы бир аткаминер жөнүндө чындыкка дал келбеген маалымат таратуу» деп чечмеленет.

Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына алгач 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан. Ал эми 20-январда Аскер прокуратурасына экинчи ирет сурак бергени чакырылып, андан ары 48 саатка убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Аскер прокуратурасы журналисттердин акыркы сурактары боюнча маалымат бере элек.

Журналист ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу суракка алынганы кабарланууда. Асановдун ишин да Аскер прокуратурасы тергеп жатканы маалым. Журналист Тынчтык Алтымышев бул окуяларга өз баасын берди:

Тынчтык Алтымышев.
Тынчтык Алтымышев.

- Бул бир чети күлкү келерлик, бир жагынан бүгүнкү бийликтин тушундагы журналистиканын кадыр-баркына доо кетире турган кейиштүү окуя. Турсунбек Бейшенбеков - болгону бир сайттын редактору. Менинче, ал кайсы бир кылмыш ишине шектүү болуп жаткан Курсан Асановго жолугуп маектешсе керек. Анан башкы күнөөкөр Курсан Асанов үй камагында жатса, ал менен жөн гана сүйлөшүп койгон Бейшенбековдун 48 саатка камалышы - өзүм билемдик жана мыйзамды одоно бузуу. Мен Турсунбекти жакшы тааныйм жана анын жазгандарын окуп эле жүрөм. Бейшенбеков Курсан Асанов менен сүйлөшкөнүнөн кандайдыр бир мамлекеттик сырды ачыкка чыгарып жибергенин көргөн жокмун. Муну Курсан Асановдун тарапташтарын моралдык жактан сындыруу деп эсептейм. «Мына, Курсан Асановду ким колдой турган болсо, көрөр күнүңөр ушу» деп күчкө салуу аракети катары баалайм.

Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Буга чейин «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев да Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берип чыккан.

«Азия Ньюс» гезитине макалалары жарыяланып келаткан журналист Динар Турдугулова Сартбаев гезитке вице-премьер-министр Жеңиш Разаков боюнча чыккан макалага байланыштуу суракка чакырылганын жарыялаган. Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп гезитти былтыр август айында 10 млн. сомго сотко берген. Сот бул ишти карап, редакцияны Разаковго 1 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Негизи вице-премьер Жеңиш Разаков менен «Азия Ньюс» гезитинин ортосундагы пикир келишпестик бир жылдан бери уланып келет.

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Айрымдар Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбековдун кармалышын да Жеңиш Разаковдун ишине байланыштырган. Бирок Разаков аны четке какты:

- «Азия Ньюс»​ гезитинине байланыштуу арызды мен өзүм жазгам. Ошол арыздын негизинде иш каралып жатат. Ал эми Курсан Асанов менен чатагым жок.

Ал эми журналист Бейшенбековдун 48 саатка кармалып, андан ары камакка алынышы кыргыз өкмөтү БУУда «Кыргызстанда сөз эркиндиги бар» деп билдирүү жасаган күнгө туш келди. Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңешке кыргыз делегациясын жетектеп барган тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өлкөдөгү сөз эркиндигине сыймыктанарын билдирген:

Нуран Ниязалиев.
Нуран Ниязалиев.

- Кыргызстандагы плюрализм жана сөз эркиндиги - эгемендик жылдары жетишкен өлкөнүн өзгөчө сыймыгы. Кыргызстандагы сөз эркиндиги жана медиа каражаттары эч бир тоскоолдуксуз өнүгүп жатканын өзгөчө белгилеп коюш керек. Алардын катталышына жана иштешине эч кандай тоскоолдук жана кандайдыр бир мамлекеттик цензура жок. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун 2019-жылдын апрелиндеги рейтинги боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 83-орунда турат. Өз рейтингин 15 баскычка жакшырткан.

Кыргызстан Журналисттер союзунун төрөгасы Абдыкадыр Султанбаев айрыкча журналисттер жаңылыштыкка жол бербеши керек деп эсептейт.

Абдыкадыр Султанбаев.
Абдыкадыр Султанбаев.

- Журналисттер менен кандай гана факт болбосун укук коргоо органдары тарабынан таза жана калыс чечилишин күтөбүз, - деди ал. - Дегеле журналисттерге карата кандай гана жагдай жаралбасын, башка журналисттерге сабак болушу керек. Ошондуктан журналисттер маалымат берүүдө анын тактыгына, чындыгына жете турган болсо мындай кырдаал эч качан жаралбайт.

Кыргызстан 2019-жылы «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун рейтингинде дүйнөдө 180 өлкөнүн ичинен 83-орунду ээлеген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG