Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Чек ара соодасы: кардар качырган текшерүүлөр


"Баяман баатыр" базарына келген өзбекстандык ишкер. Кадамжай району, сентябрь, 2013.
"Баяман баатыр" базарына келген өзбекстандык ишкер. Кадамжай району, сентябрь, 2013.

Баткендик ишкерлер коопсуздук шылтоосу менен чек ара соодасына бут тосулуп жатканына нааразы.

Облустун чек аралаш аймактарында соода-сатык маанилүү орунду ээлейт. Анткени аймакта өндүрүш ишканалары аз, көпчүлүк аймактар чек арага жакын жайгашкандыктан бул жаатта алектенгендер арбын.

Бирок чек ара соодасы туруктуу киреше алып келет деп айтуу кыйын. Чек аралар бирде жабылып, бирде ачылып, кээ бирде күч кызматтарынын атайын иш-чаралары менен текшерүү күчөп турат. Мындай көрүнүштөр чек арадагы соодага таасирин тийгизбей койбойт. Ал гана эмес коопсуздук чараларына шылтоолоп, күч кызматынын өкүлдөрү да соодагерлерден анча-мынча акча өөнөп турары да сөз болуп келет.

Өзбекстан менен чек арадагы “Баяман баатыр” дүң базарынын кожоюну Умсунай Эркинбаева иши жылбай жатканын кошуна өлкөлөрдөн келген кардарларды ар тараптан кысмакка алуулардан көрөт:

- Орган кызматкерлери ары өтсө да, бери өтсө да ар нерсени шылтоолоп, базарга кирип акча өндүрүүнүн жолун кылышат. Биздин кардарлар негизинен Өзбекстан менен Тажикстандан келишет. Ар бир келген чоң унаадан мынча, кичине машинага мынча деп эле турушса кантип иш алга жылат? Элге да, мамлекетке да пайда алып келип турган мындай соода жайларын колдоого алуунун ордуна ушинтип күч кызматтары бут тосуп жатса кантип иш болсун?

Чек араны кесип өтүүнүн, кошуна өлкө аймагында жүрүүнүн шарттары оорлогону эки тараптын элине тең бирдей түйшүк. Айрыкча соодадагылар насыя менен иштешет. Мындайда кардардын тынымсыз болуп турганы жакшы.

Соода-сатык иштери менен шугулданган Рахима аттуу ишкер айым да четтен келгендерге жасалган мамилеге ыраазы эмес:

- Тез-тез эле келип текшере беришет. Кардарларыбыз качып жашынып калышат. Кээде өзүбүз ортого түшүп, аларга тийбегиле биздин кардарлар деп турабыз. Антпесек соода болбой жатат. Келген кардарларды эле ушинтип кодулай беришсе иш алга жылбайт да.

Баткен облусуна жакынкы кошуна өлкөлөрдөн жылына бир жарым миңдей киши келип иштеп кетет. Анын басымдуу бөлүгү мыйзамсыз, атайын уруксаты жок иштешет. Кээ бир учурларда өз өлкөсүндө мыйзамсыз аракеттери үчүн издөөгө алынгандары да болот.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбеков милиция үчүн эң башкысы мыйзамдуулук жана коопсуздук экенин айтат:

- Мыйзамдуу иш жүргүзгөн соодагерге, же ишкерге милиция тоскооол болбойт эч качан. Эгер ошентип акча талап кылса, же кодуласа, укутарын бузса анда тим койбош керек. Ким, кайсыл кызматкер? Башкармалыкка же прокуратурага кайрылышсын. Эгер алар мыйзам бузушса алар да мыйзам алдында жооп бериши керек. Биз аймакка мыйзамсыз келип ишмердик жүргүзгөндөрдү текшерип турабыз. Тажикстандан, Өзбекстан сыяктуу жакынкы өлкөлөрдөн биздин облуска келип иш кылгандар арбын. Айрыкча Халмион айыл округ аймагында 2 базар бар. Ошол жерде мыйзамсыз келип иш кылган жарандар көп. Кытайдан келишет. Аларды биз текшерип, жүрүм-турумун, уруксат кагаздарын карайбыз. Атайын иш-чаралар өтүп турат.

Милициянын мыйзамдан сырт жасаган аракеттерин ачыктоо үчүн атайын түз байланыштар уюштурулуп, коомдук көзөмөл тууралуу айтылып эле келет. Бирок чакан ишкердик жүргүзгөндөр, соодагерлер күч кызматтарынын үстүнөн көп эле арыздана беришпейт.

XS
SM
MD
LG