Кыргызстанда цивилизацияга үндөш туризмди кантип өнүктүрөбүз? Келечектүү деп артыкчылык берилген бул тармак эмне үчүн аксап жатат? Өкмөттүк багыт менен туристтик жеке кызмат көрсөтүү эмне үчүн бир нукка түшө албай жатат?
"Арай көз чарай" талкуусуна экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев, Туроператорлор ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Талант Токталиев, Маданият жана маалымат министрлигинин Туризм департаментинин башчысы Азамат Жамангулов жана чет өлкөлүк туристтерге кызмат көрсөткөн гид-котормочу Зарина Макен катышты.
“Азаттык”: Зарина айым, сиз Францияда билим алып, Кыргызстанда чет өлкөлүк туристтерге гид-котормочу болуп жүргөн адам катары баа берсеңиз, Кыргызстанды туристтик өлкөгө айландыра алабызбы? Чет элдиктерди Кыргызстан кантип кызыктырышы керек жана дүйнөдө туристтер эң көп барган Франциядан кандай үлгү алышы керек?
Зарина Макен: Франция дүйнө жүзү боюнча эң популярдуу багыт деп аталат. Ошон үчүн жылына 80 миллиондон ашык турист келет. Франция туристтерге эң көп кызматтарды сунуштайт. Тамак-аш жана модалуу кийимдер саякаты өтө жогору турат.
Андан тышкары Франциянын дүйнөлүк туризмде ээлеп алган орду бар. Мисалы, АКШдан келген туристтер Францияга баргандан кийин сөзсүз түрдө үйлөнүшүм керек же сүйлөшүп жүргөн кызыма үйлөнүү сунушун жасашым керек деп барышат. Анткени ал жер ушундай романтикалуу атакка ээ. Андан тышкары туристтерди атактуу акындардын поэзиясы менен бай маданияты тартып турат.
Кыргызстан Франция сыяктуу өз ордун табууга аракет жасашы керек. Мисалы, акыркы 10 жылдан бери Францияда экотуризмди келечектүү багыт деп аныкташып, аны өнүктүрүп жатышат. Эң узун 800 чакырымдык веложол ушул өлкөдө салынган. Беш жылдыздуу мейманканаларды салбай, айылдык туризмди өнүктүрөбүз деп, туристтерди жөнөкөй, бирок ыңгайлуу үйлөргө жайгаштырып жатышат.
“Азаттык”: Данияр мырза, кечээ өткөн “Туристтик тармактын проблемалары менен келечеги жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу жыйында экономика министри Арзыбек Кожошев туризм Ички дүң продукциянын 4-4.5 үлүшүн түзүп жатат, бирок чыныгы үлүшү андан көп деп билдирди. Андан көп экендигин кандай сандар аныктайт? Мисалы, ушул жылы канча турист келди жана экономикага андан канча пайда түштү?
Данияр Иманалиев: Туризм экономикадагы мультипликатору эң жогору тармак. Анткени, бир гана туристти тейлөөгө бери дегенде 30 чакты тармак катышат. Мисалы, 2015-жылдын ичинде туризмден алынган пайданын көлөмү 19-20 млрд. сомду түзгөн. Чек ара кызматы түзгөн эсеп боюнча жылына 3-4 миллион турист келди деген маалыматтар бар. Бирок бул жерде чек арага жакын жердеги соода менен алектенген адамдардын кирип чыгышы да катталгандыгын эске сала кетишибиз керек.
Ал эми быйылкы жылдын тогуз айынын ичинде мейманканалар жана башка тейлөө тармагындагы кызмат көрсөтүүнүн көлөмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 9.5 пайызга өстү.
“Азаттык”: Талант мырза, туризмди өнүктүрүүнүн эл аралык деңгээлде таанылган үч фактору – сапат, коопсуздук, уюштуруу. Буга карабастан эле Кыргызстанда туристтик кызмат көрсөткөн жеке менчик тармак өзүнөн-өзү өнүгүп жатат, бирок жогорудагы факторлорду камсыз кылууну талап кылган жалпы мамлекеттик багыт жок болуп жатат. Себеби эмнеде?
Талант Токталиев: Биз негизинен жеке тармак катары пайда табууга кызыкдарбыз. Демек мамлекеттик жана жеке тармактын кызматташуусун жөнгө салуу керек.
Туризмди өнүктүрүүгө беш фактор өтө катуу таасир этет. Алар: туроператорлор, авиакомпаниялар, Тышкы иштер министрлиги, туризм департаменти жана ММКнын ишмердиги.
Кыргызстандагы 50дөн ашык туроператор биригип, Туризм ассоциациясын түздүк. Анткени, биз чет өлкөлөргө чыгып, өз жерибизди өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешибиз керек. Жакында биз Индия, Кытайдагы туроператорлор менен эки жолу кеңешме өткөрдүк. Алардын авиакомпаниялары биздин туроператорлор менен иштешүүгө өздөрү кызыкдар болуп жатат. Андан тышкары туроператорлору менен кызматташканы жатабыз. Алардын саны 70тен кем болбойт жана алардын ар биринин 400дөн кем эмес мүчөлөрү бар экен.
Туризмге виза маселеси да башкы тоскоолдук болуп жатат. Виза берүүнүн мөөнөтүн 14 күн эле кылса жетиштүү болот жана ага жеке тармактын өкүлдөрү жоопкер болуш керек. Андан тышкары өзүн-өзү жөнгө салган юридикалык мекеме керек болуп жатат. Мисалы, азыр туризм менен кыймылсыз мүлк менен иш жүргүзгөн компаниялар дагы алектенип жатышат. Бирок, алар салык жана башка төлөмдөрдү төлөгөн жери жок жана жалпы имиджди көтөрүү саясатына кызыгышпайт.
“Азаттык”: Азамат мырза, Кыргызстандагы эң көйгөйлүү көрүнүш инфраструктуранын начардыгы ээ, башка кооз сөздөрдү айтпай эле коелу, мисалы кайсы регионду албайлы жолдордун жээгинде же башка жайларда даараткана деген жок. Эң ириде ушул маселе качан чечилет? Мисалы, быйыл мынча даараткананын мынча жерге куралы деген конкреттүү пландар барбы?
Азамат Жамангулов: Даараткананы мамлекет тез эле салып кое алат, бирок аны башкаруу чоң көйгөй болууда. Мисалы, Суусамырга бир даараткана сала турган болсок ал бир айдан кийин кандай абалга келээри белгилүү. Жергиликтүү бийликтин аларды көзөмөлдөөгө кудурети жетпейт.
Азыр биз кемпинг системасын киргизели деген чечимге келип жатабыз. Туристтер көп бара турган аймактарда 30-50 сотиктей жер тандалат, анан ал жерде туристтик маалыматтык борборлор түзүлөт. Борбордо эс алуучу чакан жай, жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн буюмдары сатылчу дүкөн, кафе жана чакан мейманканалар болот.
Андан тышкары ошол жерден чыгарылган экологиялык таза азык-түлүктөр коюлат. Азыр ушундай борборлорду жайгаштырчу жерлерди бөлүштүрүү долбоору даярдалып жатат. Эгер ушундай борборлор түзүлсө аны башкарууну жеке тармак өз колуна алат деген үмүт бар.