Ысык-Көл: эс алуу мезгил солгун
Туристтик сезондун расмий ачылганы эки айга чамалап калса да, Ысык-Көлгө эс алуу үчүн келген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин карааны калыңдай элек. Ушундан улам быйылкы туризм сезону күткөндөй киреше бербей калабы деп кооптонгондор көп. Туристтер агымынын көбөйбөй турушун ар кандай себептерге байлаган жергиликтүүлөр көл жээги эми кызый баштайт деп жатышат.