Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

УКМКга чакырткан "улут аралык кастык"


Темир Болотбек.
Темир Болотбек.

Атайын кызмат Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен кылмыш ишин козгоду.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары ал тууралуу "орус улутундагыларды "Фейсбук" социалдык түйүнүндө кемсинтти" деген мазмундагы макалаларды жазышкан эле.

Техника илимдеринин доктору, профессор Темир Болотбек мындай дооматтардын баарын четке кагып жатат.

Өткөн айда социалдык түйүндөрдө жалаң кыргызча сүйлөө тууралуу чакырык жарыяланган жана бул "улут аралык кастыкты козутуу" тууралуу талкууга жем таштаган. Былтыр УКМК ошол кездеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Ошто үгүт маалында сүйлөгөн сөзүндө "конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөгөн жана улут аралык кастыкты козгогон" деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

"Фейсбукта" мындан эки айдай мурун Кыргызстан эгемендик алганга чейинки заманда Бишкекте салынган имараттар боюнча талаш-талкуу болгон. Анда социалдык түйүндүн айрым колдонуучулары Советтер Союзунун тушунда курулган имараттарга суктанып, шаардын азыркы абалын, курулуштарды сынга алган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу, техника илимдеринин доктору Темир Болотбек аларды "совок" же тактап айтканда, Советтер Союзун эңсеген, ошол доорду самаган адамдар деп атап, "Рашага" көчүп кеткиле деген маанидеги сөздү жазган.

Темир Болотбек анын сөздөрүндө орус улутундагыларды жек көрүү жок экенин айтып жатат. Ал кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын 28-февралда кокусунан билгенин, январь айында адегенде ИИМге, андан көп өтпөй УКМКга барып күбө катары суракка чакырылганын айтып берди:

- Мага кылмыш иши козголгонун кечээ кечинде үйгө барганда "Фейсбуктан" көрдүм. Алар мени "суроолорго жооп бериңиз" деп чакырышкан. Суроолоруна жооп бергем. Алар "бул маалыматты жайбаңыз" деп айткан, эми менин жая турган деле эч нерсем жок, ошондуктан кол да коюп бергем. Буга чейин мени күбө катары чакырышкан. Эми "кылмыш иши козголду, сизди айыпкер катары чакырып жатабыз" десе, анда адвокат жалдаганга туура келет го?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Темир Болотбек тууралуу биринчилерден болуп "Vesti.kg" маалымат сайты сындап жазып чыккан. Анда окутуучу "белгилүү улутчул" деп аталган. Макаланын автору аны "Орусияны жана орус улутундагыларды кемсинткен, улутчул билдирүүлөрдү буга чейин дагы айтып келген" деп белгилеген жана буга байланыштуу УКМКга маалыматтык суроо-талап жөнөтүлгөнү кабарланган.

Аталган сайттын жетекчилиги бул макалаларга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты.

Темир Болотбек мындан үч-төрт жыл мурун "Кыргызстан Бажы биримдигине каршы" кыймылынын мүчөсү болгонун, анда орус улутун эмес, Орусиянын азыркы саясий системасын сынга алган пикирлерди жазганын айтты:

- Менин 2013-2014-жылдагы жазгандарым орус улутундагыларга кандайдыр бир шек келтирбейт. Ал Орусиядагы саясий системага багытталган. Мен "Кыргызстан Бажы биримдигине кирбеши керек" деген ойду жазгам. Себеби биз эгемендигибиздин кандайдыр бир пайызын жоготтук.

"Vesti.kg" маалымат сайтынын мурунку редактору Мария Озмитель Темир Болотбектин жазгандарына көптөн бери көз салып келет. Ал окутуучуну "улут аралык кастыкты козгоп жатат" деп эсептейт:

Мария Озмитель.
Мария Озмитель.

- Анын айткандары канчалык экстремисттик экенин тергөө аныктаса керек. Бирок мен ал туура эмес деп эсептейм. Анын көп билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козгойт. Анын бардык мамлекеттик башкаруудагы Орусияны же тактап айтканда падышалык башкаруудагы Орусияны да, Советтер Союзун да, азыркы кезин да жактырбаганы ачык көрүнүп турат. Анын орус улутундагыларды "тарыхый мекенине көчүп кетсин" деген чакырыгына жол берилбеши керек. Мен "ал "орустар жаман" деп айтты" деп так айта албайм. Бирок ал "орустар көчүп кетсин" деген талкууларды колдогон. Бул адам социалдык тармактарда кечээ же бүгүн эле пайда боло калган жок. Ал соңку үч-төрт жылдан бери "Фейсбукта" өтө жигердүү. Орустардын чөйрөсүндө ал чуулгандуу инсан катары белгилүү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул факты боюнча кылмыш иши январь айында эле козголгонун, учурда тергөө уланып жатканын маалымдады.

"Биздин мурас" фондунун жетекчиси, жарандык активист Чоробек Сааданбектин пикиринде, Темир Болотбек анын артынан сая түшкөн, атайын уюшулган топтун чабуулуна кабылды:

Чоробек Сааданбек.
Чоробек Сааданбек.

- Ал жерде сөз орустар тууралуу эмес, "совокту сүйгөндөр өздөрүнө жаккан өлкөгө кетип калбайбы" деп айтылган. Темир Болотбекке каршы кандайдыр уюшулган чабуул болуп жатат окшойт. Ал советтик доордон калган мурастарды жактырбаганын ачык айтканы үчүн ага каршы атайын чабуул жүргүзүлүп, анын жазгандарын атайын карап, аны тескери жакка оодарып, айтор ушундай аракеттер болуп жатат. Ал жерде атайын улут аралык каршылыкты козутууну көргөн жокмун. Анын постторун окудум. Эгер адам советтик архитектураны жактырбаса эле "эл душманы" болобу? Ошол эле учурда "азиаттарды жумушка албайбыз" деп ачык эле жазып, ачык эле кемсинтүү болуп жатпайбы? Ушул мазмундагы посттор толтура, бирок эмнегедир ага көңүл бурулбай жатат.

Өткөн айда социалдык тармактарда “орусча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп кайтаралы", “кыргызча сүйлөбөгөн сатуучулар менен соода кылбайлы" деген өңдүү чакырык чыккан. Айрым жарандар муну расмий деген макамга ээ орус тилин кемсинтүү катары кабыл алышкан. УКМК жалаң кыргызча сүйлөө чакырыгы териштирилип жатканын билдирген.

Былтыр ошол учурда Бишкектеги Медициналык академиянын окутуучусу болуп иштеген Таттыгүл Дооталиева "Фейсбукта" авиакырсыкта мерт болгондорду табалап, мазактады, "аймак аралык кастыкты козутту" деген сын-дооматка кабылган жана мунун айынан кызматынан бошотулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG