Буга чейин БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү Текебаевдин тест тапшыруусуна каршы чечим кабыл алган эле. Бирок буга карабай "Кыргызтест" борборунун кызматкери абакка кирип, саясатчыдан тест алганы белгилүү болду.
УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен тест тапшырганы 17-август кечке маал белгилүү болду. Анын адвокаты Искен Афиджановдун айтымында, бул күнү эч бир эскертүүсүз эле "Кыргызтест" борборунун башчысы Батма Топоева-Ставинская Текебаевдин камерасына киргизилип, сынак алган:
- Бейшембиде түштөн кийин камерасына "Кыргызтесттин" кызматкери киргизилиптир. Мындан соң эки саат бою Текебаев сынактын суроолоруна жооп бериптир. Ошондон кийин ал кагаздарды алып, конвертке салып кетиптир. Башкача айтканда, эч бир эскертүүсүз эле, алдын-ала маалымат бербестен, күтүүсүз келип эле сынак алып кетишиптир.
Текебаевдин тест тапшырары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын кабары жок экени белгилүү болду. Боршайкомдун мүчөлөрү алгач таң калышып, мындай болушу мүмкүн эмес экенин айтышты.
Маселен, БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, шайлоо органында бул маселе каралган да, талкууланган да эмес. Бирок бул маалыматты кийинчерээк "Кыргызтест" борборунан ырасташып, сынак жыйынтыгында Текебаев 93 балл алып, мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификатка ээ болгонун билдирди.
Өмүрбек Текебаев кармалып турган камерасына кирип чыккан "Кыргызтест" борборунун жетекчиси Батма Топоева-Ставинскаянын айтымында, "Ата Мекендин" лидери сынакты компьютер аркылуу эмес, кагаз жүзүндө тапшырды жана ал жободо көрсөтүлгөн талапка ылайык ишке ашты. Бирок кайсы органдын көрсөтмөсүнүн жана кандай негизде Текебаевге уруксат берилип, уюштурулганы тууралуу суроолорго "Кыргызстесттин" өкүлү жооп бере алган жок:
- Мен өзүмдүн жеке ыктыярым менен ал жакка барган жокмун. Ал жакка барып, тест алып келиш үчүн гана бул ишти аткардым. Компьютер менен эмес, бланк боюнча тест тапшырды. Бул нерсе биздин жободо көрсөтүлгөн. БШК менен макулдашчу башкалар. Мен аткаруучу гана адаммын. Ошол ишимди так аткардым деп ойлойм.
Ал эми президенттикке талапкер болууну көздөгөндөрдү тил сынагынан өткөрүү боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы Абдылдажан Акматалиев Текебаев тестти Мамлекеттик тил комиссиясы түзгөн графиктин негизинде тапшырганын айтуу менен чектелди.
"УКМК менен такташтык"
Мамлекеттик тил комиссиясы алгач бул маселени комментарийлөөдөн баш тарткан. Кийин расмий жоопту даярдаган соң байланышууга мүмкүн болду.
Комиссиянын жетекчиси Назаркул Ишекеевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Текебаевден тергөө абагында тест алуу чечимин Мамлекеттик тил комиссиясы кабыл алган жана УКМК менен бирге ишке ашырылды:
- Тизмеге ылайык, алгач Өмүрбек Текебаев тесттен өтүү графигине 26-июлга киргизилген. Бирок Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбеков 25-июлда атайын кат менен кайрылган. Ал киши кайрылуусунда Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтин тесттен өтүү графигин белгисиз мөөнөткө жылдырууну суранган. Буга байланыштуу тестирлөө белгисиз мөөнөткө коюлган. Андан кийин 11-августта Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жана УКМКга Текебаевди убактылуу кармоочу жайдан тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тестирлөөнү өткөрүү жерин аныктоого укуктуубуз. Ошондуктан УКМК менен айрым жагдайларды, мисалы, компьютерди киргизүү, интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелерин такташтык. Ушундан кийин Текебаевдин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн бланктык тестирлөө тандалып алынды.
Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго биринчилерден болуп арызын жазган.
Талапкер деген макам кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, аны тастыктап, 1 миллион сом күрөө койгондорго берилет. Ал эми Текебаевдин мамлекеттик тил сынагынан тест тапшыруусу 26-июлдан бери кеңири талкууга түшүп, бул боюнча талаш Жогорку Сотко чейин жеткен. Саясатчынын талапкерлери ачкачылык жарыялап, сынак тапшырууга уруксат берүүнү талап кылышкан. Бирок буга карабай Борбордук шайлоо комиссиясы саясатчыга тест тапшырууга каршы чечим кабыл алган эле. Ал аралыкта Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаевге өкүм чыгарды.
Мына ушундай жагдайда аны абактын ичинде тест сынагынан өткөрүү көптөгөн жоромолдорго жол ачты.
Текебаевдин адвокаттары бийлик сот чечими чыкканга чейин атайлап күтүп, эми "кожо көзүнө" тапшырууга уруксат берди деген пикирди айтышууда. Коомдук ишмер Эдил Байсалов бийликти мындай кадамга эл аралык коомчулуктун басымы түрттү деген пикирде:
- Мен бир себеп көрүп турам. Бул эл аралык коомчулуктун, Европа Биримдигинин жашыруун болсо да кийлигишүүсү болду. Президент Атамбаев Брюссель, Париж, Берлинге барганда "менин саясий мурасым - таза шайлоону өткөрүү болот" деп убада кылып келген. Ошондуктан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жалпак тил менен түшүндүрүштү. Силер Текебаевди мыйзамсыз түрдө лингвистикалык сынакка катыштырбасаңар биз 15-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деген соң Ак үйдөн, президенттик аппараттан көрсөтмө берилип, сынак уюштурулду деп ойлойм.
Талапка жооп бербеген кол тамгалар
Ошентип Өмүрбек Текебаев тил сынагын тапшырды. Бирок 16-августта Борбордук шайлоо комиссиясы көпчүлүк добуш менен Өмүрбек Текебаев тапшырган 30 миңден ашуун адамдын колу коюлган тизмени жараксыз деп тапты. Алар кол тамга топтоого каражаты көрсөтүлгөн эмес деген жүйө келтирген.
БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдун "Азаттыкка" билдиришинче, Текебаевдин шайлоо штабы бул талаптарга дыкаат мамиле кылышы керек болчу:
- Кол чогултуудагы кеткен чыгымдарды шайлоо фонддун каражатынан каржыланган эмес. Ошондуктан чогултулган колдор жараксыз деп табылды.
Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары бул жүйөнү мыйзамсыз деп санап, бут тосуу катары сыпаттоодо.
Саясатчынын адвокаты Канатбек Азиз кол чогултууда бардык талаптар аткарылганын, ошондуктан БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылууга камданып жатышканын билдирди.
Коррупция, алдамчылык доосу коюлган Өмүрбек Текебаев февраль айынан бери УКМКда камакта.
16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутатты жана аны менен кошо айыпталып жаткан мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Партиялаштары, тарапкерлери сот өкүмүн адилетсиз деп баалап, аларды толук актоону талап кылышууда.