Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Сууга чөккөн жоокердин табышмактуу өлүмү


Маркум Мирлан Доолбек уулу.
Маркум Мирлан Доолбек уулу.

Таш-Көмүрдө сууга чөгүп каза болгон жоокердин жакындары анын өлүмүнө кайдыгерлик себеп болгонун айтышууда. Нарын дарыясында сууга чөккөн кишини издөө иштерине тартылган маркум аскер 13-августта жоголуп, бир күндөн кийин сөөгү дарыядан табылган. Аскердик бөлүктүн командирлери жоокер өз алдынча чөмүлүп жаткан учурда сууга чөккөнүн айтып жатышат.

Нарын дарыясына чөгүп каза болгон жоокер Мирлан Доолбек уулунун жакындары анын өлүмүндө табышмактуу жагдайлар бар деп эсептешет. Маркумдун апасы Нуржамал Батыралиева уулу сууда сүзгөндү билерин айтып, анын чөгүп кетиши мүмкүн эмес деген ойдо.

- Балам сууда сүзгөндү жакшы билчү. Жаштайынан машыгып, бул тоолорго бутуна баллон байлап секирип чыгып, колуна таш кармап эртең менен чуркайт эле. Чымыр денелүү, бою 185 сантиметрден ашкан бала кантип эле өзү сууга чөгүп кетсин? Мен буга ишене албайм. Суудан чыгарган соң оозу-мурдунан кан агып, денеси шишик алган эмес экен. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз.

21 жаштагы Мирлан 2017-жылдын күз айларында аскердик кызмат өтөөгө өз каалоосу менен барып, ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы №82212 аскер бөлүгүндөгү куткаруу отрядында кызмат өтөп жаткан. Аны менен бирге 4 аскер жана командири 13-августта Нарын дарыясына чөгүп кеткен адамды издөөдө суучулдарга көмөк көрсөтүү иштерине тартылган. Анын кандай шартта каза болгонун туугандарына эч ким билдирген эмес.

Нуржамал Батыралиева.
Нуржамал Батыралиева.

- Баламды издеп жатканын биз башка туугандарыбыздан билдик. 13-августта сууга чөксө, биз 14-августта угуп, туугандар ошол жакка барышкан. Командирлери алгач "уулуңар качып кетиптир" деп айткан. "Кийимдери суунун жээгинде жатса, жылаңач качып кетмек беле?" деп айтса, тамашалап "кыздарга кеткен окшойт" деп айтышкан. Анан туугандар ошол жерде дароо Таш-Көмүр шаардык милиция бөлүмүнө телефон чалышкан. Алар "бизге кабар болгон эмес" деп ӨКМге чалышса, "сууга чөккөн адам боюнча кабар келип түшкөн эмес" деп жооп беришкен. Агамдар "ӨКМдин кызматкерлери менен командирлерин сабап салабыз" деп атайылап милицияга чалган учурда гана алар жетип келишкен. Ошентип уулумдун сууга чөккөнүн алар жашырып турушту. Бул жерде командирлердин жана аскердик бөлүктүн жетекчилигинин кайдыгер мамилеси өлүмгө себепкер болду,- деди маркум аскердин апасы Нуржамал Батыралиева.

Таш-Көмүр шаарындагы издөө куткаруу отрядында кызмат өтөгөн Мирлан Доолбек уулу башка жоокерлер менен бирге 7-11-август күндөрү Таластагы өрт каптаган аймактарды өчүрүү иштерине катышкан. 12-августта жоокер бөлүккө келип, эртеси сууга жоголгон адамды издөө иштерине тартылган. Отряддын командиринин милдетин аткаруучу Элдияр Кудабаев мындай маалымат берди:

Элдияр Кудабаев.
Элдияр Кудабаев.

- Аскердик бөлүктүн төрт жоокери аларга топ башчылык кылган майор Асанбаев Алмаз менен бирге суучулдарга көмөк көрсөтүү максатында келишкен. 13-августта куткаруу иштери аяктап, артка кетип жатканда жоокерлер "сууга чөмүлүп алалы" деп уруксат сурашкан. Андан соң жоокерлер Нарын дарыясына чөмүлүшкөн. Кечки саат 6 чамасында Мирлан Доолбек уулун суудан же кургактан таба албай калышып, өз алдынча издешкен. Анан дароо мага байланышып, биз да келип издөө иштерин алып барганбыз. Аны менен бирге жүргөн жоокерлер да кайда чөккөнүн билбей калышканын айтып жатышат. Азыр ага жоопкерчиликти топ башчы экөөбүз алып жатабыз.

Бир күндөн соң, 14-августта жээктен 17 метр аралыктагы суу алдынан табылган Мирландын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда аскер прокуратурасы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Прокуратура бул багытта азырынча маалымат берген жок. Доолбек уулу каза болгон Нарын дарыясынын жээктерин көрүп чыккан тууганы Чынарбек Керимбеков мындай деди:

Чынарбек Керимбеков.
Чынарбек Керимбеков.

- Сууда төрт аскер сүзгөн. Экөө алдында, бирөө ортодо болгон. Алардын айтымында, Мирлан артынан келе жатып эле жок болуп кеткен. Ушул жерде эс алып жаткан үч маршрутка толо эл да баланын чөккөнүн көрбөптүр. Акыры адам сууга чөгүп баратса кыйкырып жардам сурайт же кол булгалайт го! Алар өз алдынча издешип, эч кимге айтышкан эмес. Биз да бир күндөн соң башка бирөөлөрдөн уктук. Бизге табышмактуу болгону - эмнеге алар жаап-жашырды? Командирлери баш болуп жооп беришсин!

Мирлан Аксы районунун Сыны айылындагы беш бир туугандын эң кенжеси болчу. Атасы 2009-жылы 47 жашында каза болуп, оор шартта чоңойгон. Ош шаарындагы коллеждин бухгалтердик кесибин аяктап, учурда бажы адистиги боюнча 3-курстун студенти да болчу. Аскердик кызматка барганга чейин райондук курама команданын катарында волейбол ойночу.

"Балам чөгүп өлмөк эмес..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы бул аскер бөлүгүндө ушул жылдын июнь айында катардагы жоокерлерди сабаган прапорщик камакка алынган.

10-июнда таңга жуук 19-20 жаштагы 24 катардагы жоокерди прапорщик ойготуп алып уруп-сабаганы аныкталган. Анын айынан тогуз баланын ээги жарылганы кабарланган. Сабаган жоокерлер арыз жазуудан баш тартышкан. Бирок окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG