Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:22

Ижарадан тутанган жер талаш


Таш-Көмүр шаары
Таш-Көмүр шаары

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында мурунку көмүр базанын үч гектарга жакын жери үчүн эки ишкана соттошууда.

Советтер союзу ураганда имараттары менен менчиктештирилип кеткен бул жерди азыр “Кара-Алтын” менен “Ак-марал” ишканалары талашып, бир канча жылдан бери соттошуп жатат. “Кара-Алтындын” жетекчиси Таш-Көмүр шаардык мэриясын "менчикке болгон укукту бузган, “Ак-маралдын” таламын талашып жатат" деп айыптоодо. Мэр бул дооматты четке кагып жатат.

Таш-Көмүр шаарындагы Советтер союзунун тушунда "Жаңы-Жол" деп аталган райондор аралык көмүр базасы 1994-жылы “Кара-Алтын” ачык акционердик коому болуп түзүлгөн. Ошол убакта ишкананын 49 пайыз акциясы Мамлекеттик мүлк фондунун колунда, калган 51 пайызы ишкананын эмгек жамаатына бөлүштүрүлгөн. Бул ишкана 1996-жылы толук менчиктештирилген. Аны Жоробек Токоев 150 миң сомго сатып алган экен. Ал шаардык мэрия менчик ээсин тактабай туруп бул жерди ижарага берип салган деп айыптоодо:

- Мен ага чейин сегиз жыл ошол ишкананын директору болуп жүргөм. Аны менчиктештирүү болуп атканда аукциондон сатып алгам. Болгон документтерин алгам. 2001-жылы ал ишкананы бирөөгө 15 жылга ижарага берип коюптур. Мен аларга барып жерибизди сурасам бербей жатат. Үч-төрт жылдан бери соттошуп акырына чыкпайбыз. Эми болсо бербейбиз деп жатат. Ага Таш-Көмүр мэриясы көмөктөшүүдө. Бул жерге мэриянын эч тиешеси жок. Жер эбак эле алардын балансынан чыгып кеткен.

Таш-Көмүр шаары
Таш-Көмүр шаары

Биз “Ак-марал” ишканасынын өкүлдөрү менен байланыша алган жокпуз. Бирок аларды колдоп жатат деген мэр Бекболот Миңбаевдин Мамлекеттик мүлк фондуна “Кара-Алтын” ишканасын "Таш-Көмүрдөгү жерге тиешеси жок" деп таап берүү тууралуу жазган каты менен тааныштык. Ал катта мэр мурунку көмүр базанын жери кароосуз калганын, аны “Ак-марал” ишканасы алып бузулган имараттарды кайра калыбына келтирип, баш-аягы үч миллион сомдон ашык каражат жумшаганын, салык төлөп келгенин жазган. Миңбаев “Азаттыкка” комментарий берип жатып чырдашкан тараптардын бирөөсүн колдоп жатат деген дооматты четке какты:

- Баары эле кожоюн боло береби? Өздөрү Аксыда турат экен. Таш-Көмүрдүн жерин биздики деп жатышат. Эч болбосо сот чечип берсин, мыйзамдуу кылып. Мен эч кимдин таламын талашкан жокмун, мен мыйзамдын таламын талашып жатам. Мен аларды көргөн да эмесмин. Тааныбайм. Эки тарап тең бизге кат жазат, эми анын мыйзамдуулугун сот чечет. Бир канча жыл таштап койгон экен. Анан “Ак-марал” ишканасы алып куруптур. Бирок мен эки жакты тең тааныбайм, эч кандай кызыкчылыгым жок.

Таш-Көмүр
Таш-Көмүр

“Ак-марал” ишканасына мурунку көмүр базаны жери менен кошо мындан 16 жыл мурун ошол кездеги Таш-Көмүрдүн мэри Маматназар Жакыпбаев берген. Жакыпбаевдин айтымында, ээсиз калган, банкрот болгон мүлктөрдү өткөрүп берүү тууралуу өкмөттүн 2000-жылдагы программасынын негизинде жер ижарага берилген:

- Аны биз убактылуу пайдаланып, элге пайда келтирсин деп бергенбиз. Менчиктештирип алсын, бузуп-талкалап өз кызыкчылыгына жумшасын деген эмеспиз. Мурдагы союздан калган завод-фабрика жана ошол ишканалардан калган мүлктөр элге пайда алып келсин деп өкмөттүн токтому чыккан. Биз ошол өкмөттүн токтомунун негизинде бергенбиз. Мыйзам боюнча ижаранын мөөнөтү бүткөндөн кийин кыргызча айтканда “ээси келсе, бээсин бериши” керек.

Өкмөттүн бул токтому 2005-жылы жокко чыгарылган. Анда ижарага деген жерлер 10 жылга чейин гана берилет деп жазылган. Ал эми “Ак-маралдын” 15 жылдык ижара мөөнөтү ушул жылдын август айында бүтмөкчү. Тараптардын арызын ушул тушта Жалал-Абад облусундагы райондор аралык сот териштирип жатат.

XS
SM
MD
LG