Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Таласка ким жетекчи болот?


Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орду бир айдан ашуун убакыттан бери бош турат. Мурунку өкүл Дайыр Кенекеев 25-октябрда вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орду бош турганына бир айдан ашты. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 4-декабрда өкмөттүн облустагы өкүлү дайындалышы мүмкүн экенин "Азаттыкка" билдирди.

- Таласка талапкерлердин бардыгы каралып, такталып, сапталып калгандыгы жөнүндө толук кабарым бар. Менимче бүгүн өкмөт башчынын буйругу ачыкка чыгышы керек. Кийинки жумада, дүйшөмбү күнү түштөн кийин жаңы губернатор жалпы жамаатка тааныштырыла тургандыгы жөнүндө менде маалымат бар.

Ал эми айрым карапайым тургундар облус жетекчилигинин бар-жогу менен эч кимдин деле иши болбогонун айтып, бул орунга кимдир бирөө дайындалса деле чоң өзгөрүүлөрдү күтпөй турганын белгилешет. Алар өз арабасын өзү тартып көнгөн эл менен жергиликтүү бийликтин ортосунда тыгыз деле байланыш жок деген пикирде.

Жумадил Мамеков: Аким, губернатор дегенди түшүнбөйбүз, айыл өкмөтүнөн башкасын тааныбайбыз, чынын айтканда. Биз өзүбүз менен өзүбүз элебиз.

Нурлан Шүкүев: Телевизордон кечээ жакында Таластын губернаторунун орду бош турат дегенди угуп, ошондон улам билип калдык. Бул жерде көпчүлүк адамдар өздөрү эле аракет кылып жатышат. Губернатордун бар-жогу айырмасы деле жок бизге.

Акылбек Мойдунов: Губернатор али шайлана элек болсо керек. Эми атайын ким болот деп күтүп жаткан деле жокпуз. Бир жетекчи керек дечи. Таласты оңдоп-түзөгөнгө...

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду

Кыргыз өкмөтүндө орун которуштуруулар болуп жатат. Президент бир апта мурун мактаган өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев реалдуу сектор боюнча вице-премьерлик кызматка сунушталды.

Талас облустук акимчиликтин аппарат жетекчиси Замир Качканаков өкмөттүн Таластагы өкүлчүлүгүндө иш өз нугунда эле жүрүп жатканын айтты. Анткен менен администрациянын басма сөз катчысы Бакай Абдымалик өкүлдүн кийлигишүүсү талап кылынган маселе болуп эле жатканын белгилеп, алардын бир нечесин санап да берди.

- Алыс кетпей эле шаардын инфраструктурасын жакшыртууда, айылдарды жарыктандырууда, Талас-Тараз-Суусамыр жолун көзөмөлдөөдө чоң ролу бар болчу. Чек ара маселесин чечүүгө жакындан жардам берип келген. Жетекчи деген жетекчи экен. Албетте анын жогу сезилип жатат.

Таласта бир айдан ашуун убакыттан бери өкүлдүн жоктугун айрыкча айыл өкмөттөр сезип жатканын билдиришти. Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Жамалбек Орозбаев буларды айтты:

- Губернаторго көбүнчө биз жалпы долбоорлор, инвесторлор менен жолугушуу маселеси боюнча кайрылып турчубуз. Бүгүнкү күндө ушул маселе чечилбей турат. Өкмөттүн кабыл алынган стратегиясына канализация, таза суу, ирригация системасы кирген. Бүгүнкү күндө ошону ишке ашырууда инвесторлор менен жолугушуулар аз болуп жатат.

Бул боюнча өкмөттөн азырынча комментарий боло элек. Талас облусунун мурдагы жетекчиси Дайыр Кенекеев облусту бир жылдан ашык башкарган. Ал 25-октябрда вице-премьер-министр болуп дайындалып, учурда өкмөт башчынын реалдуу сектор боюнча орун басарлык кызматынын аткарууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG