Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:20

Кыргыз-тажик чек арасы: создуккан сүйлөшүү


Расмий Дүйшөмбү тажик-кыргыз чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болду деп билдирди. Тажик өкмөтүнө караштуу Жер жана геодезия комитетинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода бул тууралуу 17-июлда маалымат жыйында айтты. Кыргыз тарап коңшу мамлекет менен чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча жолугушуулар болуп жатканын бышыктаганы менен кандайдыр бир тил табышкан тилкелер тууралуу маалымат берген жок.

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтү кыргыз-тажик чек арасынын эң татаал тилкесинде турат. Мындан улам эки өлкөнүн жарандары ортосунда жаңжал, араздашуу тез-тез катталат.

Аталган айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова мындай жаңжалдардын далайына күбө болгон, атургай ушул жылдын башында жараат алып ооруканага да жатып чыккан. Өсөрова чек ара маселесинде жылыш жоктугун, ал оңой-олтоң чечилбесин айтууда.

Ворух анклавы
Ворух анклавы

- Чек ара маселеси мүмкүн башка райондордо, башка айылдарда чечилип жатышы мүмкүн. Мисалы Баткен районунун Сох анклавында тосмолор тосулуп жатат дейт. Мүмкүн жылыш деп ошолорду айткандыр. Бирок мына биздин Ак-Сайдын маселеси оңой менен чечилбейт. Себеби биз чек арада эмес, анклав өңдүү жерде турабыз. Бул оңой менен чечилбейт. Бул эки президенттин сүйлөшүүсү, алмашуу жолу менен чечилиши мүмкүн. Бизде жолдун бул бети кыргыз, экинчи жагы тажик, ушундай да.

17-июлда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Жер жана геодезия боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Ражаббой Ахмадзода Кыргызстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү тууралуу учкай маалымат берди. Ушул жылдын башынан берки сүйлөшүүлөр майнаптуу болду деп ишендирди:

- 2017-жылдын алгачкы алты айында коңшу Кыргызстан жана Өзбекстан менен делимитация жана демаркация маселелери боюнча сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болду. Кыргызстан менен чек аранын 519 чакырымын толук тактап, тиешелүү келишимге кол коюлду. Документке өкмөттөр аралык комиссиянын төрагалары кол койду. Эми ага эки өлкөнүн президенттери кол коюшу керек.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков "Азаттыкка" комментарий берип жатып чек ара боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын иши өз нугунда жүрүп жатканын айтты. Бирок кайсы бир тилке тууралуу орток пикир табылган учурлар болгонун маалымдаган жок:

- Жолугушуулар маал-маалы менен болуп жатат. Президенттин чек араны бүтүрөлү деген ойлору бар. Жумушчу топтор изилдеп, өз жумуштарын кылып жатат. Азыр эми кандайдыр бир сандарды, маалыматтарды айта албайм го. Бирок жылыштар бар. Тактала элек жерлер боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат. Эң негизги нерсе алар тараптан дагы чек араны бүтүрүү керек деген жакшы ой айтылып жатат.

Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгып жатат деген маалыматтан күмөн санап жатат. Анын баамында, айрыкча соңку кездери кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери кыйла солгундап кетти:

- Бул бир аз чындыкка дал келбеген маалымат. Анткени 519 чакырым жердин такталып, бекитилгенине бир канча жыл болуп калды. Андан сырткары 2014-2015-жылдары дагы 60 чакырым жер такталган. Жумушчу топтор аны макулдашкандан кийин делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссия аны бекитиши керек болчу. Тилекке каршы, 2016-2017-жылдары булар бир дагы маселени караган жок. Анан алар кайсы прогресс тууралуу айтып жатканын мен билбейм. Мен жакында эле биздин чек ара боюнча өкүлүбүзгө жолукканда бул маселеге кызыкканмын. Ал "тилекке каршы, акыркы мезгилде Тажикстан менен чек ара боюнча жылыш болбой жатат" деген. Өкмөт 2016-жыл боюнча парламентте отчет бербедиби. Ошол жерде дагы "өткөн жылы 519 жерди карап бекитип чыктык" деп жазып коюшуптур. Бирок ал жерде кызыгып, тактап, суроо берген, сураган эч ким болгон жок. Мен вице-премьер-министр кызматына 2014-жылы апрель айында келдим. Ал 519 чакырым жер мен келгенге чейин эле такталып бекитилген.

Биз дагы 1926-жылга чейин Жерге-Тал, Мургаб райондору силерге эмес, бизге караган деп кыйытып айтканбыз. Ошондон кийин, 2015-жылдан бери бул маселени экинчи көтөрбөй калган болчубуз.
Абдрахман Маматалиев

Абдрахман Маматалиев чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү оор болгонун, бирок тараптар бара-бара ымала келип калышканын да кошумчалады.

- Биз иштеп турганда сүйлөшүүлөрдө тажик тарап ачык айтпаса дагы ошол Ворух анклавынын, Сүлүктү шаарынын айланасындагы жерлерди 1926-жылдарга чейин бизге караштуу болгон деп кыйытып айтып келишкен. Ачык айткан, доомат кылган учур болгон эмес. Бирок жолугушууларда ушундай сөздөрдүн четин чыгарып жүрүшчү. Анан биз дагы Москвага барып, архивдик материалдарды тапканбыз. Анан биз дагы 1926-жылга чейин Жерге-Тал, Мургаб райондору силерге эмес, бизге караган деп кыйытып айтканбыз. Ошондон кийин, 2015-жылдан бери бул маселени экинчи көтөрбөй калган болчубуз. Талаш-тартыш аяктап, тил табыша алчу, мындан ары жылыш болчу, алмаша турган жерлерди алмашчу деңгээлге жетип калган элек. Эң негизгиси - өкмөттөр аралык комиссияда ишеним пайда болгон болчу.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши чек ара маселесин былтыр жазында караган. Кеңештин катчысы Темир Жумакадыров анда делимитация жана демаркация иштери жаңы деңгээлге чыгарылат деп ишендирген.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстан чек араны жаңыча тактоону макулдашкан эле. Анда тараптар мындан ары эски карталарга таянбай, Алматы декларациясы боюнча иш алып барарын айтышкан. Бул декларацияда ар бир өлкө эгемендик алган мезгилдеги чек арасында кала берет деп жазылган. Андан сырткары эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү айрым бир талаштуу тилкелерди алмашуу жолу менен чечүүнү сүйлөшкөн болчу.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 900 чакырымдан ашат жана анын теңине жакыны талаштуу болуп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG