Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Суталиновдун соту дагы созулчудай


Мурат Суталинов Бишкек шаардык сотундагы отурумда. 9-апрель, 2019-жыл.
Мурат Суталинов Бишкек шаардык сотундагы отурумда. 9-апрель, 2019-жыл.

Апрель окуясы боюнча соттолгон УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту кийинкиге калтырды. Буга күбөлөрдүн биринин келбей калганы себеп болду.

Суталиновдун жакындары муну ишти атайылап создуктуруу катары баалап, оорулуу адамдын түрмөдө отурганын кыйноого теңешти. Ал арада апрель окуясынын катышуучулары 2010-жылкы окуяга тиешеси бар кишини камактан чыгарбаш керек экенин эскертишти.

Тогуз күбө суралган отурум

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду боштондукка чыгаруу-чыгарбоо маселесин караган Бишкек шаардык сотунун 9-апрелдеги отурумунда видео тартууга уруксат берилген жок.

Бишкек шаардык соту.
Бишкек шаардык соту.

Адвокаттар өтүнүчтөрүн келтиришкенден кийин тогуз күбө суралды. Алардын дээрлик баары ар кайсы мекемеде иштеген дарыгерлер, Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү болду.

Маселен, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) медициналык бөлүмүнүн башчысы Назгүл Солтобекова Мурат Суталиновдун абалы тууралуу буга чейин чыккан комиссиянын бүтүмүн бышыктай турганын айтты.

«Суталиновдун оорусу 2012-жылы башталган. Ал бир нече жолу стационардык дарылануудан өтүп, тиешелүү терапия алды. 2018-жылдын 13-апрелинен баштап оң жак бөйрөгү төртүнчү даражадагы өсмө (рак) катары борбордук ооруканада каттоого алынган. Бул дарттан айыкса болоруна медицина эч кандай кепилдик бербейт. Анткени баары организмден көз каранды. Эгер паллиативдик-симптоматиялык дарылануудан үзгүлтүксүз өтүп турса дарттын өөрчүшү гана токтошу мүмкүн. Бирок оорунун айыгышынан үмүт аз», - деди ал.

Мурат Суталинов тарапкерлери. Бишкек шаардык сотунун ичи.
Мурат Суталинов тарапкерлери. Бишкек шаардык сотунун ичи.

​Борбордук оорукананын башчысы Фархад Атаходжаев да 2012-жылы Мурат Суталиновго өсмө (рак) диагнозу коюлгандан кийин анын сол бөйрөгү алынып салынганын, кийин дарт оң бөйрөгүн каптаганын белгиледи. Улуттук онкология жана гемотология борборунун дарыгери Турусбек Абдылдаев бул дартты камакта жатып дарылоо мүмкүн эмес экенин билдирсе, Суталиновго операция жасаган хирург Асанбек Токтомушев анын диагнозун ушуну менен төртүнчү жолу ырастап жатканын айтты.

Дарыгерлерге суроону адвокаттар менен прокурор берип, соттордон дээрлик суроо болгон жок. Соңунда гана отурумга төрагалык кылып жаткан судья Адис Момуналиев күбөлөрдүн бири эмнеге келбей калганын сурады. Прокурор ал чакырылбай калганын айткандан кийин сотту жылдыруу жөнүндө чечимди жарыялады.

Адис Момуналиев.
Адис Момуналиев.

«Кеңешүүдөн кийин дарыгер Усупбаевди да сураш керек деп чечтик. Келерки отурумду 15-апрелге калтырабыз. Мамлекеттик айыптоочулар, ошол күнгө күбөнүн келишин камсыз кылгыла»,-деди ал.

Мындан кийин сот залындагы Суталиновдун тарапкерлери бир сыйра кыйкырып нааразылык билдиришти. Анын жубайы Гүлнара Суталинова оорулуу адамдын ишин кароону созуу адамгерчиликке жатпаган мамиле деп баалады.

Адвокат Тимур Карабаев да иш атайылап создуктурулуп жатат деп эсептей турганын кошумчалады:

«Соттун жылышынын себеби формалдуу болуп калды. «Бир экспертти сураш керек» дейт, ал эксперт мурдагы отурумдарда суралган. Анын көрсөтмөлөрү иштин материалында турат. Бүгүн комиссиянын тогуз мүчөсү өздөрүнүн бүтүмдөрүн бышыктап беришти, ошонун негизинде чечим чыгара берсе болмок. Ага карабай ишти жылдырып, Мурат Суталиновду катаал шартта кармоонун улантылышын камсыз кылып берип жатат. Тынымсыз химиялык терапиядан өтүп жаткан адам үчүн абакта отуруу кыйноо болуп саналат. Ошондуктан биз соттун бул чечимине катуу нааразы болдук. Билбейм, балким сотторго кимдир-бирөө менен кеңешүү үчүн же бул иш боюнча кандай чечим кабыл алышын ойлонуу үчүн убакыт керек окшойт».

Cуталиновдун соту бир аптага жылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Маалым болгондой, буга чейин Мурат Суталиновдун адвокаттары жана ЖАМК атайын медициналык комиссиянын бүтүмүнө таянып, аны абактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылган. Дарыгерлердин тыянагында атайын кызматтын мурдагы башчысы өсмө илдетине чалдыкканы, паллиативдик жардамга муктаж экени, темир тор артында мындай жардамды алууга мүмкүн эмес экендиги белгиленген.

15-февралда Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Суталиновду оорусуна байланыштуу эркиндикке чыгаруу маселесин карап, аны түрмөдө калтырган чечим чыгарган. Мурдагы чекисттин жактоочулары бул чечимди жокко чыгаруу боюнча өтүнүч менен Бишкек шаардык сотуна 25-февралда кайрылган.

Ал арада бир катар депутаттар да, акыйкатчы Токон Мамытов да Жогорку сотко, Бишкек шаардык сотунун төрагаларына кайрылып, Суталиновдун ишин калыс кароо менен аны түрмөдөн бошотууга чакырышты.

Мурдагы вице-премьер-министр, экс-депутат Кубанычбек Исабеков да ушул ойлорго кошулат.

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

«Мурат Суталиновдун өлүгүн түрмөдөн алып чыкканда кимге пайда? – деди ал. - Бул киши ушул акыбалы менен коомчулукка кандай коркунуч туудура алат? Сөөгү менен эле териси калган турбайбы. Аялы жанында болбосо дааратканага да бара албай калыптыр. Эң жаманы - ушундай нерселер менен бүгүн аскер адамдарынын аброю түшүп жатат. Эгер ал өз милдетин аткарса, мекенди коргосо, кайра аны соттоп жатса, кайсы милиция, кайсы коопсуздук кызматкери эми иштегиси келет? Ал кимди коргойт? Эгер ушундай күн түшсө алар бүт милдетин аткаруудан баш тартат. Бүгүнкү бийликти, азыркы «Ак үйдү» бирөө басып алам десе да укук коргоо кызматкерлери бүт качып жөнөйт. Бул өтө жаман прецедент».

«​Суталинов эле эмес, апрелчилер да ооруп жатышат»​

Бирок ошол эле кезде 2010-жылкы Апрель окуясынын катышуучулары УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду эркиндикке чыгарууга караманча каршы. Алар бийликти жана сотторду кандуу окуялар үчүн айыпталган кишиге боштондук бербөөгө чакырышууда.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев буларга токтолду.

Амантур Жамгырчиев
Амантур Жамгырчиев

«Мурат Суталинов кылган иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жазасын мыйзамдуу өтөп жатат. Ооба, адамгерчилик, гумандуулук керек дейли, ал ооруп жатат дейли. Бирок ошол убакта 87 адам каза болду, андан бери дагы 53 үй-бүлө атасыз, баласыз калды. Апрель окуясында жабыр тарткан 68 жараныбыз өмүр бою майыптуулугу бекитилди, азыр Суталиновдон кем эмес азап тартып, ооруп жаткандары да көп. Ок тийген жерлери өсмөгө айланып, «эртең өлүп калышы мүмкүн» деп төшөктө жаткандары да бир топ. Мунун баарын кайда катабыз? Ошондуктан биз анын жазасын толук өтөшүн талап кылабыз. Биздин уюмдун мүчөлөрү атайын чогулуп, бул боюнча позициябызды такташып алдык. Биз Суталиновдун бошотулушуна каршыбыз. Бийлик тескерисинче, апрель окуясына айыптуу башка кишилерди, ошол эле Бакиевдерди алып келип, жазага тартсын. Биз ошону талап кылабыз».

Мурдагы бийлик учурунда алгач ички иштер министри болуп, кийин УКМКны жетектеген Мурат Суталинов 2010-жылы 7-апрелде тынч жарандарга ок атууга тиешеси бар деп 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал апрель окуяларынан соң алгач өлкөдөн чыгып кетип, 2011-жылы декабрда соттук отурумга өзү келген. Мындан кийин Суталинов үй камагына чыгарылып, сот өкүмүнөн кийин гана камакка алынган.

Учурдагы иште анык актоо тууралуу сөз жок. Бирок аны дартына байланыштуу эркиндикке чыгаруу да жакын арада бүтчүдөй эмес. Серепчи Мухаммет Сабиров өз ою менен бөлүштү.

Мухаммет Сабиров.
Мухаммет Сабиров.

«Азыр соттор кандай чечим чыгарса да, ал чечим бийликтин тапшырмасы менен кабыл алынгандай бааланып жатпайбы. Ошондуктан сот Мурат Суталиновду бошотуп жиберсе бийлик апрелчилердин сынына кабылат, бошотпосо анын жакындары бийликке нааразы болот. Кыскасы Суталиновдун тегерегиндеги азыркы жагдай «өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат» дегендей болуп жатат. Мурдараак экс-министр Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши токтотулганына апрель окуясынын катышуучулары нааразылык билдирип, президент ага карата ишти кайра жандандырууну тапшырган эмес беле. Менимче Суталиновдун иши да ошол сыяктуу асылган абалда, дагы көпкө созулушу мүмкүн».

Апрель окуясы боюнча соттук жараян 2010-жылдын ноябрында башталып, дээрлик төрт жыл жүрдү. Анын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Алардын ичинен Темирбаев, Дунганов, Суталинов жазасын өтөп жатышат. Бир тобу сыртынан соттолсо, алды мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду. Акталгандары да бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG