Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Молдокматов: кендеги чыр - бийликтин шалаакылыгы


Жеңиш Молдокматов
Жеңиш Молдокматов

5-августта Нарындын Солтон-Сары кенинде кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда кайрадан чыр чыкты. “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов бул үчүн өкмөттү сындады.

«Азаттык»: Солтон-Сарыдагы абалдан кабарыңыз бар. Кытайлык ишкана менен жергиликтүү элдин ортосунда кайрадан чыр чыкты. Эмне үчүн бийлик кендеги чырдын алдын албай жатат?

Жеңиш Молдокматов: Солтон-Сарыда 2013-жылы да ушул компаниянын ишине нааразычылык болгон. 2013-2014-жылдары бул ишкананын лицензиясы кайтарылган. Бирок ар кандай себептер менен соттон утуп алып, калыбына келтириптир.

Жакында эле Нарын облусунун башчысы менен өкмөттөн Кубатбек Боронов эл менен жолугуп келген. Бирок жашоочуларга толук маалымат жеткирилген эмес. Эл ошол учурда эле “кайнап” турган. Ага кошумча жакында эле “отуз кытай үч кыргызды сабап койду” деген маалымат тарады. Ошол кабар бул чырга түркү болду.

Мунун баарын токтото турган өкмөт болчу. Абалды жөнгө салып, тескеп турушу керек эле. Солтон-Сарыда гана чыр чыккан жок. Эл жөн эле көтөрүлбөйт. Өкмөт түшүндүрүү иштерин жасабагандыктан бул чыр чыгууда.

«Азаттык»: Ушундай чыр Чаткалда, Тогуз-Тородо болгон. Анда ишкананын имаратын өрттөп салышкан. Эмнеге кен чыккан жердеги жашоочулар инвесторду иштетпей жатышат?

Жеңиш Молдокматов: Кыргызстанда чейрек кылымдан бери кен байлыктарын иштетүү боюнча концепция жок. Башкача айтканда, саясий-экономикалык программа болушу керек. Антпесе башаламандык улана берет.

Экинчиден, Геология агенттиги инвестордун колуна лицензияны карматып, “жергиликтүү эл менен өзүң чечип ал” деп коёт. Бул аябай туура эмес саясат. Инвестор ал аймактын жашоочуларынын кулк мүнөзүн билбейт. Элди көндүрүүгө айылдан бир-эки тааныш таап, аларга акча берип, кенди иштете баштайт.

Үчүнчүдөн, 27 жылдан бери канча инвестор келди. Айрыкча алтындан түшкөн кирешенин пайдасын жергиликтүү тургундар көрбөй жатат. Ал акча кайда кетип жатканы белгисиз. Коррупциянын айынан эл нааразы, бийликке ишенбейт. Ошентип, инвесторго шарт түзүлбөйт.

«Азаттык»: Ушундай окуялар инвесторду үркүтөт эмеспи. Кенди иштетип, жакшы пайда таап жаткан өлкөлөр бар. Мындай абалда экономика эмне болот?

Жеңиш Молдокматов: Мамлекеттин экономикасы инвестициянын күчү менен кармалып турат. Өткөн жылы сырттан келген инвесторлордун саны 35% азайып кетти дейт. Бул экономика үчүн өтө чоң сокку болот. Алдыдагы жылы бюджет таңкыстыгы пайда болгону турат.

«Азаттык»: Эл арасында кен чыккан аймактарда атайын кызыкдар күчтөр, криминал аралашып, инвесторго басып жасайт деген кеп бар. Акыркы окуяда бул көрүнүш байкалган жокпу?

Жеңиш Молдокматов: Кыргызстан боюнча алсак, кен чыккан айрым жерлерде криминал аралашат. Аябай көп лицензиялар колдон-колго өткөн, 300 сомдон сатылган. Ал эми Солтон-Сарыда криминал аралашты деп айта албайм. Бул жергиликтүү бийликтин эле шалаакылыгы. Эгерде кырдаал жөнгө салынбаса, ар кандай күчтөр абалдан пайдаланып, элди курал кылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG