Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Ток урган жоокер колунан айрылды


Жабыркаган жоокер Руслан Сапарбаев. Сүрөттү жарыялоого анын жеңеси Гүлмира Кашкараева уруксат берди.
Жабыркаган жоокер Руслан Сапарбаев. Сүрөттү жарыялоого анын жеңеси Гүлмира Кашкараева уруксат берди.

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер кезмет учурунда токко урунду. Кырсыктан улам оор жаракат алып, күйүп калган жигиттин оң колу кесилди. Ушул тапта дарыгерлер анын сол колун сактап калууга аракет кылып жатышат.

Кезмет учурунда жоокер аскердик бөлүктүн жанындагы эски лампа заводунда токко урунганын анын жакын туугандары “Азаттыкка” билдиришти. Ооруканада жаткан Руслан Сапарбаевдин апасы Венера Сейталиеванын айтымында, уулу ал жерде ток бар экенин билген эмес.

- Окуя 8-августта эртең менен саат алты жарымда болгон. Жазуусу жок, кулпусу жок бир щит бар экен. Ошол жакта бир чымчыктын уясы бар экен. Балам ошол жерден жумуртканы алып, кайра коем дегенде 6000 вольттук электр менен ток урат. Анан эки колу жабыркап, бир колу кесилди, экинчи колу белгисиз болуп турат.

Жабырлануучу оболу Жалал-Абаддагы ооруканага жеткирилип, андан кийин Ошко которулган. Андан соң 10-августта жоокер Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жөнөтүлгөн. Аскердин жеңеси Гүлмира Кашкараева кайнисине тийиштүү көңүл бөлүнбөй жатат деп эсептеп, анын экинчи колу үчүн кабатырланып жатканын билдирди.

- Же профессор алып келишпейт же доктор алып келишпейт. Башка өлкөдөн болсо да профессорлорду алып келиш керек да! Бул аскер болгондон кийин мамлекет өзү умтулуш керек да. Каралбай эле жатат. Мен жекшемби күнү барсам күнү-түнү тамчылатма эле куюп жатышыптыр. Эми аларга колун алып салуу оңой да.

№4 оорукананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин жоокердин ден соолугу медиктердин көзөмөлүндө турганын, азырынча анын экинчи колу туурасында чечим чыга элек экенин билдирди:

- 17-августта операция болуп, оң колун кесип салууга туура келди. Азыр абалы оор, бирок туруктуу. Температурасы улам-улам 38 градуска көтөрүлүп жатат. Ошондой эле анын төш сөөгү да оор жаракат алган. Азырынча сол колу көзөмөл астында, кесип салууга көрсөтмө бериле элек. Ампутация болобу же жокпу, так айтууга мүмкүн эмес.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул окуяны аскер бөлүгүндөгү дагы бир чоң трагедия деп эсептейт. Ал мындай кырсыкка аскер бөлүгүндөгү командирдин шалаакы мамилеси себеп болушу мүмкүн экенин билдирди:

- Аскердин ар бир кадамы командирдин көрсөтмөсү, уруксаты менен болушу керек. Щитти ачканга ким уруксат берди, ошол жакка ким жөнөттү? Ал өзүнчө эч кимдин уруксаты жок барган болсо, ал щит каерде болгон, эмне себептен барды? Бул жерде аябай көп суроолор туулуп жатат. Буга аскер бөлүгүнүн командири түздөн-түз жоопкерчиликтүү. Бирөөнүн 18, 19, 20 жаштагы баласын мамлекет алып кетип, аны кызмат өтөтүп жаткандан кийин мамлекет түздөн-түз анын жоопкерчилигин алыш керек. Бул жерде мамлекеттин жоопкерчилигинин жоктугу.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жоокердин ал лампа заводуна кандайча барганы, кандай жагдайда токко урунганы тууралуу так маалымат бере элек. Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева эс алуу күндөрү аяктаган соң - 22-августта окуя боюнча түшүндүрмө берилерин айтты. “Азаттык” окуянын чоо-жайы тууралуу Башкы штабдын түшүндүрмөсүнө орун берүүгө даяр.

22 жаштагы Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Ал быйыл жазында Майлуу-Сууга аскерге кызмат кылууга кеткен болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG