Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

Каргаша ден соолукка сокку урду


Өзгөндө жер көчкүдөгү жоготуулардан улам жүздөн ашык адам оор стресске кабылды. Он чакты адам таптакыр эс-учун жоготуп, ооруканага түштү.

Аюу айылындагы издөө иштерине байланыштуу дарыгерлер жеринде да тургундарга көмөк көрсөтүүдө. 24 адамдын өмүрүн алган кырсыкта жабыркагандардын саламаттыгы адистерди түйшөлтүүдө.

Нурила Көчкөнова көчкү түшкөнүн өз көзү менен көрүп, качып чыккандардын бири. Аюу айылындагы алардын үйү да жарым-жартылай топурак алдында калыптыр. Ал дагы эсин жоготуп, ооруканага түшкөн:

- Таңга маал, сыртка чыгып, дөң тарапты карасам эле, эки жарака кетип калыптыр. Күйөөмө барып, көчкү жарылып калганын, өз көзүм менен көргөнүмдү айттым. Аңгыча эле жарака кеткен жердин бир тарабы көчүп, агып түштү. Биринчиси жөн эле акты, экинчи кеткенде дүркүрөп келди... Мен анын шамалына эле жыгылып калдым. Күйөөм болсо, үйгө кирип кыздарыбызды алып чыкты. Биз качып бараттык, бизден 20 метрдей ары жакта эле көчкү жүрүп жатты. Бир убакта кайнимдердин үйүн таптакыр басып калды. Андан аркысы эмне болгонун билбейм. Мен эс-учумду жоготуп коюптурмун.

Азыр Нурила Көчкөнованын абалы дурус. Күйөөсү, үч кызы аман калганын билип, аз-аздан өзүнө келип жатат. Аны менен кошо кырсык орун алган жерден дагы сегиз адам Өзгөн райондук аймактык ооруканасына түшкөн.

"Менин башымдагы кырсык эч кимге келбесин"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

Мында жаткандардын дагы бири Кундуз Коргонбаева жакындарын жоготконун угуп, эстен танган экен:

- Биз бери көчкү болгон жерден ылдый жашайбыз. Көчкү түштү дегенде эле жетип барсам, бир тууган эки инимдин үйүн толук басып калыптыр. Ары-бери карасак, үйлөрү, үй-бүлөсү түп-орду менен жок. Каңырыгым түтөп, боздоп ыйлап эле жатып калдым. Анан кан басымым көтөрүлүп кетип, эс-учумдан танып калыпмын. Ооруканага ким алып келгенин деле билбейм, тез жардам кызматы алып келген окшойт. Эми эле эсиме келдим. Дары-дармек менен өзүм келип жатам. Бирок дарыгерлер баары бир мени кое бербей жатышат.

Дарыгерлердин айтымында, ооруканада жаткандардын төртөө жакшы болуп, чыгып кетишкен. Бирөө азыр да реанимацияда жатат. Өзгөн аймактык ооруканасынын дарыгери Азиза Турсунова буларга токтолду:

- Төртөөнүн абалы толук калыбына келди, аларды ооруканадан чыгардык. Азыр дагы үч кишинин абалы бир топ жакшырып, туруктуу болуп калды. Бир гана аял киши азыр реанимацияда жатат. Бирок ал деле келгендегиге караганда жакшы, азыр тамак ичип, сүйлөп калды.

Жер көчкү орун алган Аюу айылында да учурда дарыгерлер тынымсыз иштеп жатышат. Алар жакындарын жоготкон жарандардын ден соолугун карап, аларга ар кандай жардамдарды көрсөтүүдө.

Зергер айылдык аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Диля Таныкулова мындай деди:

- Бул жерде үч күндөн бери жыйырмадай дарыгер күнү-түнү иштеп, күзөтүп жатабыз. Жакындарын жоготкондор стресс абалында бизге кайрылып жатышат. Кырсык орун алгандын эртеси, ишемби-жекшемби күндөрү күнүнө 100дөн адамга биринчи медициналык жардам көрсөттүк. Бүгүн болсо 60тан ашуун адамды көрүп, жардам бердик. Көбүнүн кан басымы көтөрүлүп, стресс болуп жатат. Бир эже инсульт алды. Бир сыйра дарыланып, абалы азыр туруктуу. Андай өтө кыйналып калгандарды райондук ооруканага жөнөтүп жатабыз. Азырынча бизге дары-дармектер жетиштүү.

Аюу айылындагы көчкү апаатында топурак астында калган 24 кишинин ичинен азырынча үч адамдын гана сөөгү табылды. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 300дөй кызматкери жана эки-үч техника издөө иштерин улантууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгын ыкчам бөлүмүнүн башчысы Куштарбек Абылов буларды билдирди:

- Башында белгилүү болгондой эле, бул көчкү аябай чоң. Бийиктиги 10 метрдин тегерегинде болуп жатат. Ошол себептүү үйлөр кайсы жерде калды, адамдар кайсы жерде болушу мүмкүн, аныктап, таап чыгуу кыйын болуп жатат. Кээ бир үйлөрдү бир тараптан, экинчи тарапка сүрүп коюшу мүмкүн. Кээ бир үйлөр ошол турган ордуна түз кетпей, бир капталга ооп кетиши мүмкүн. Кыскасы кыйыныраак болуп жатат. Бирок ошого карабай жабыр тарткандар үйлөрдү көргөзүп берүүдө, биз ошол жерлерди чукуп жатабыз. Издөө иштери улантылат.

29-апрелде эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калган. Жер көчкү алдында калган 24 адамдын, тогузу балдар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG