Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Жайыттар өзгөчө мамилени талап кылат


Мал жайлоого көчүп, жайлоо кызып турган кезде жайыт пайдалануу маселеси да күчөдү.

Ушул темага арналган "Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков, Суусамыр өрөөнүндөгү бийик тоолуу жайыттарды башкаруу долбоорунун менеджери Байбек Усубалиев, АРИСтин айыл чарбасын инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү долбоорунун координатору Кубанычбек Исмаилов катышты.

“Азаттык”: "Жайыттар жөнүндө" мыйзам кандай иштеп жатат? Анткени бүгүнкү күнгө чейин үч жыл мурун түзүлгөн Жайыт комитеттери жакшы иштей албай жатат деген пикирлер арбын.

Эсенгул Исаков: Чынында жайыт боюнча маселе көп. "Жайыттар жөнүндө" мыйзам 2009-жылы кабыл алынган, мына андан бери үч жыл өттү.

Бул мыйзамдын тегерегинде көйгөйлүү маселелер көп айтылгандыктан, 2011-жылы мен демилге көтөрүп, мыйзамга өзгөртүү киргизгенбиз. Өзгөртүүнүн бирден бир негизи – Жайыт комитеттеринин иштөө тартибине ылайык жергиликтүү айыл кеңешинин төрагасы комитеттин жетекчиси болот.

Андан тышкары жайыт комитеттери элге өздөрүнүн кеңешинин алдында отчет берип туруш керек: канча акча чогулду, чогулган акча кайда, канча жумшалды.

Салык кодексинин негизинде жайыттардан 1 гектарына орто эсеп менен 10 сом 70 тыйындан салык жумшалат. Ал эми жайыт пайдалануучулардын мал башынан алынган акчалар жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Кубанычбек Исмаилов: Жайыт комитеттери АРИС менен кошо аракеттерди көрүп жатышат, жолдор салынып, көпүрөлөр курулуп атыптыр. Мыйзам боюнча Жайыт комитеттери – коомдук уюм, комитет айыл жериндеги жайыт пайдалануучулардын чогулушунда шайланат. Эгер комитет жакшы иштебей атса, ошол эле эл кайра шайлап, жакшы иштей турган адамды коюп алышса болот.

Байбек Усубалиев: Жайыт комитети кереги жок, аны айыл өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү керек деген талаптарды мен туура эмес деп айтат элем. Анткени жыйырма жылга жакын жайыттар айыл өкмөттүн, райондун, облустун карамагында болуп келген, бирок абал жакшырып кеткен эмес.

Мисалы, биз Суусамыр айыл өкмөтүн алсак, аталган айыл өкмөткө ижарадан 20 миң сом гана түшчү экен, өткөн жылы жалаң жайыт пайдалануучулардан мал башынан алынган каражаттан 500 миң сом түштү.

Суусамыр жайытын пайдалануучу 80 жайыт комитети бар, биз мына ушулардын баарына иш план иштеп чыгып, бардык жайыттарга инвентаризация жүргүздүк. Иш планда кайсы жайыт кайсы мезгилден тартып пайдаланылышы керек - мына ушулар да толук көрсөтүлгөн.

Ошол 80 жайыт комитетинин демилгеси менен биринчилерден болуп, Жайыт пайдалануучулардын ассоциациясын түздүк. Аталган ассоциация ар бир жайыт комитетинин кызыкчылыгын эске алат, жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууда, жол, көпүрөлөрдү биргелешип оңдоо, үчүнчүдөн, жайыттардын чек арасын аныктоо жана башка талаш маселелерди чогуу чечет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG