Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Өзбек чек арачылары Баткендин тургунун атып кетишти (видео, фото)

Чек арадагы бөтөнзордук
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, бир жаранды атып кетишти.

20-июнга караган түнү Кадамжай районунун Марказ айыл округунун Сары-Алтын айылында (эл оозунда Гүлпиян деп да айтылат) чек арага жакын жерде өзбек чек арачылары Кыргызстандын 37 жаштагы тургунуна ок чыгарышкан. Бир ок тийген Бакыт Тагаев жакын жердеги кыргыз жаранынын үйүнө качып кирген. Артынан кууп келген кошуна чек арачылар 5 баланын атасы Бакытты ур-тепкиге алып, өзүн жоготкон кезде үй ээсинин көзүнчө башка аткан. Жөнөп жатып жөн кетпей, текшерүү үчүн дагы бир жолу ок чыгарышкан.

​Өзбек чек арачыларынын Кыргызстандын аймагына кирип келип, минтип бейчеки эле бир кишини атып салышына нааразы болгон сарыалтындыктар бүгүн Ош-Баткен жолунун Кадамжай - Кызыл-Кыя бөлүгүн бир канча убакытка жаап коюшту. Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков жол тоскондор менен жолугушуп, аларды сабырдуулукка чакырды. Ал түндө болгон окуяны атайын комиссия иликтеп жатканын, кыргыз тараптын мындан аркы кадамы ошол комиссиянын жыйынтыгына жараша болорун билдирди.

Жергиликтүү тургун Сайдилла Балтабаев кошуна чек арачылардын такталган чек арадан бери өтүп келип, жасаган мындай жосунсуз жоругуна кыргыз бийлигинин алсыздыгы себеп деп эсептейт.

Өзбек чек арачыларынын огунан ажал тапкан Бакыт Тагаев чек аралаш аймакта өзүнүн жеңил автоунаасы менен бирөөлөрдүн жүгүн ташып бала-чакасын бакчу экен. Артында беш баласы жетим калды. Эң кенжеси эми эле бирге чыгыптыр.

Маркумдун жердештери оор кылмыш жасабаган кишини минтип атып салуу таптакыр туура эместигин, анан да өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келгени акылга сыйбастыгын айтышууда.

Окуя болгон аймакта чек ара башка аймактардагыдай талаштуу эмес, такталган. Бирок кыргыз чек арачылары бул жерди ар дайым көзөмөлдөп турууга жетише албай жаткандыктан, "аймакта чек арачылардын санын арттыруу зарыл, бул учурду болсо өзбекстандык кесиптештерибиз менен талкуулайбыз",- дейт чек ара кызматынын штаб башчысынын орун басары Искендер Мамбеталиев.

Өзбек чек арачыларынын мыйзамдан тыш бул иши боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бирок тергөөчү Алдаяр Имамназар уулу бул кылмыш ишинин жүрүшү андан ары кандай болору азырынча белгисиздигин айтат.

Каза болгон Бакыттын жакындары бийлик маселени чечип, күнөөлүүлөрдү тийиштүү жазага тартуусун талап кылышууда. Алар эгер андай болбосо кыргыз-өзбек чек арасындагы жолдорду жаап салуу талабын да коюп жатат.

Окуя болгон жерден сүрөт баян

Баткен: Чек арада дагы ок атылды

1/16
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Кыргыз жараны Бакыт Тагаев атылган жер.
2/16 Кыргыз жараны Бакыт Тагаев атылган жер.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Бакыт Тагаев атылып, каны чачыраган жер.
3/16 Бакыт Тагаев атылып, каны чачыраган жер.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Бакыт Тагаев атылып, каны чачыраган жер.
4/16 Бакыт Тагаев атылып, каны чачыраган жер.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Өзбек чек арачыларынын Кыргызстандын аймагына кирип келип минтип бир кишини атып салышына нааразы болгон кадамжайлыктар Ош-Баткен жолунун Кадамжай - Кызыл-Кыя бөлүгүн бир канча убакытка жаап коюшту.
5/16 Өзбек чек арачыларынын Кыргызстандын аймагына кирип келип минтип бир кишини атып салышына нааразы болгон кадамжайлыктар Ош-Баткен жолунун Кадамжай - Кызыл-Кыя бөлүгүн бир канча убакытка жаап коюшту.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
6/16

7/16

Кыргыз-өзбек чек арасы.
8/16 Кыргыз-өзбек чек арасы.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Бул аймакта чек ара такталып бүткөн.
9/16 Бул аймакта чек ара такталып бүткөн.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Өзбек чек арачыларынын көзөмөл мунарасы.
10/16 Өзбек чек арачыларынын көзөмөл мунарасы.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Кыргыз-өзбек чек арачылары менен бийлик өкүлдөрү окуя болгон жерде жолугушууга баратат.
11/16 Кыргыз-өзбек чек арачылары менен бийлик өкүлдөрү окуя болгон жерде жолугушууга баратат.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Чек арадагы айыл.
12/16 Чек арадагы айыл.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Бакыт Тагаев жашырынганы кирип, ок жеген үй.
13/16 Бакыт Тагаев жашырынганы кирип, ок жеген үй.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
14/16

15/16

Кадамжайдын акими маркумдун жакындары, айылдаштары менен сүйлөшүп турат.
16/16 Кадамжайдын акими маркумдун жакындары, айылдаштары менен сүйлөшүп турат.
20-июнга оогон түнү Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу 37 жаштагы бир кыргыз жаранын атып кетишти. (Жеңиш Айдаровдун сүрөт баяны)
Артка
Алдыга

Бул окуядан соң Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нота жолдоду. Нотаны бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзбек элчиси Камил Рашидовду министрликке чакырып тапшырды. Министр өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, ушундай ишке барганына элчинин көңүлүн бурду.

Кыргыз-өзбек чек арасында адам өлүмүнө алып келген мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жери жок. Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын чек ара аймактарына өзбек чек арачылары кыргыз жарандарына ок чыгарган окуялар буга чейин да бир канча жолу болуп келген.

Өткөн жумада эле Өзбекстандын Кокон шаарында эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчылары жолугушуп, чек арадан өтүү эрежелерин бузган жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү, чек арадагы тартипти бирге көзөмөлдөө тууралуу сүйлөшкөн эле.
  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG