Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Атамбаев бийликке сес көрсөттү (видео)


Алмазбек Атамбаев, 8-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев, 8-июнь, 2019-жыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) коррупцияга каршы митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун дарегине бир топ доомат айтты. Ал бийлик коррупция менен күрөштү шылтоо кылып саясий атаандаштарын куугунтукка алып жатканын билдирди.

Экс-президент Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши, мурдагы бажычы Райымбек Матраимов тууралуу да сөз козгоду.

Атамбаевдин кайталанган айыптоосу

“Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн!” деген ураан астында өткөн 8-июндагы “Медиа-Форум” имаратынын алдындагы митингдин башында камактагы саясатчылардын адвокаттары жана жакындары сөз сүйлөштү.

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун, экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун, экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин, “Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовдун тарапташтары алардын баары күнөөсүз камалганын айтышты.

Сын айткандар булардын баары бийликтин буйругу менен саясий куугунтукка кабылганын билдиришти.

Алмазбек Атамбаев митингде.
Алмазбек Атамбаев митингде.

Митингдин эң сонунда сөз алган экс-президент Алмазбек Атамбаев да куду ушул ойлорду бекемдеп, азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кине койду. Ал азыркы камалгандарды актап, бийликти Бажы кызматынын мурдагы жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовго чара көрбөй жатканы үчүн сындады.

Сапар Исаковду ЖЭБ боюнча, Кубанычбек Кулматовду мектеп боюнча камадык дешти. Бирок эмне үчүн аларды бир күндө камады? Анткени алардын бир эле күнөөсү бар – “Райым миллионду” иштен алып, бажыны Жээнбековдук-Матраимовдук уурулардан тазалап баштаган. Ошону үчүн башкалар корксун деп, камап салышты. Сооронбай Райымдан эмнеге мынчалык коркуп жатат? Анткени Райым анын көп былыгын билет. Дамир Мусакеев коррупционер, Матраимов, Жээнбеков, Келдибековдор таптаза экен да?! Мына Икрамды да жөн эле камап салышты. Бир жылга жакындап калды, бир да тергөө эксперимент жүрө элек, жөн эле отурат. Колхоздун башкармасы “бул кой семиз экен, сойгула” дегендей, “муну кама, тигини кама” деп камата берсе, биз карап тургудай кой белек? Мунун аягы жаман бүтөт. Кыргызстанда беш миллион кой бар деп ойлогон Бакиевдер да кеткен. Силер Бакиевдерден да жаман бүтөсүңөр, - деди.

Атамбаев Жээнбековду айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу кайра жанданган кылмыш ишине да комментарий жасап, муну анын өзүн жоопкерчиликке тартуу аракети катары сыпаттады.

“Атамбаев президент кезинде Батукаевди боштондукка чыгаруу үчүн акча сураган, дегенге ким ишенет? Албетте, бир шылуундар тастыктамаларын оңдоп, диагнозун оңдоп, Батукаевди чыгарып жиберген. Ал үч ай ичинде өлүп калат экен деп, мен да ишенгем. Бирок мен Атамбаев, президент болуп туруп “сени чыгарам, акча бер” деп айтат белем? Аны Сооронбай Жээнбеков айтат. Мени кайгыртып жаткан нерсе, мага каршы көрсөтмө алабыз деп бейкүнөө адамдарды камап жатышат. Атаханов, Салянова, Рысалиев... Салянова жөнүндө айтсам, ал мени бир канча жылдан бери жамандап жүрөт. Бирок мен анык айта алам, ал бул кылмышка такыр тиешеси жок. Бул жерде Турсунбек Акун баштаган айрым кишилер акча алышы мүмкүн, бирок Салянова эмес. Мен аны билем, акчаны анын күйөөсү табат".

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган. Алгач алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Ортодо мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Кийин мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев суракка чакырылган.

Рысалиев сурак учурунда ооруканага түштү. Ушул эле иш боюнча күбө өтүп жаткан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн дарегине карата Атамбаевдин айыптоолоруна мындайча жооп берди.

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

“Биринчиден, кримтөбөл Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш Атамбаевдин тушунда жарым-жартылай болуп, аягына чыкпай калган. Себеби Алмазбек Атамбаев өзү ал иштин башында тургандыктан, бастырып койгон. Азыр ишти Сооронбай Жээнбеков көтөрүп чыккан жок. Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары көтөрүп чыгышты эле, Башкы прокуратура аны кайра жандантты. Мына эки ай болуп калды, эми баарыбызды сурап атат. Кармалгандары кармалды. Атамбаев “ошол кармалгандар мага каршы көрсөтмө берип жибербесин” деп чычалап, чырылдап атат да. Менимче Батукаевдин ишин Атамбаевди камоо үчүн жандантышкан жок, чыныгы күнөөлүүнү табыш үчүн жандантышты. Бирок эгер ага Атамбаев тиешелүү болсо, анда ал жооп бериши керек”.

Саясий тирештин арты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “саясий куугунтуктун негизинде камоолор жүрүп жатат” деген билдирүүсүнө да коомчулукта пикир кылка эмес.

Көбүнчө мурдагы мамлекет башчынын айланасындагы кишилер камакка алынып, ошол эле кезде башка коррупционерлерге карата чара көрүлбөй жатканын айткандар анын ушул сөзүнө кошулуп жатышат. Бирок башкалары Атамбаевдин сөзүнө каршы чыгышууда.

Жарандык активист Шайлообек Атазов мурдагы мамлекет башчы элден кечирим сураса болмок деген ойдо.

Шайлообек Атазов
Шайлообек Атазов

“Атамбаев эл алдына чыгып “Дача СУдагы, Кумтөрдөгү, музейдеги, ЖЭБдеги, жолдордогу кылмышым үчүн, жети жыл мамлекетти талкалаганым үчүн мени кечирип койгула” деп сүйлөйт го деп күткөм. Тескерисинче, Жээнбеков “колхоз” жана башка деп, адамдын жеке абийирине асылып жатат. Коррупция менен күрөш жүрбөй жатат дейт, Атамбаев өзү деле күрөшкөн эмес. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов, Текебаев сыяктуу саясатчыларды камап, чыныгы коррупционерлерди чардатып жүргөн. Матраимов жөнүндө эки жылдан бери кайсы жерден чыкса айтып жатат, сөзүндө бир да факты же далил жок. Ушуну үчүн да ал жооп бериши керек. Райымбек Матраимов Атамбаев менен кошо кеткен, азыр эч жерде иштебейт. Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор, Матраимовдор жаман болсо 15 жыл эмнеге аларды жанында алып жүрдү? Демек, татыктуу кадр болгону үчүн жүрүштү да”.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тушундагы камоолорду жана коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүн сырттан карап саясий тирештин жыйынтыгы катары баалагандар да жок эмес.

Бир жылдай мурда башталган кармашта экөөнү тең күнөөлөгөндөр же экөөнү тең ынтымакка чакыргандар да болду.

“Азаттыктын” “Эки-бир” берүүсүндө жооп берип жатып өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов тараптарды ымалага келүүгө үндөгөнүн айтты.

Туйгунаалы Абдраимов
Туйгунаалы Абдраимов

“Дубайга учуп баратып, бизнес класстан Атамбаев экөөбүз жолугуп калдык. Сүйлөштүк, эски доспуз, жаман заман болгон, жакшы заман болгон. Сагынышып калыптырбыз, жакшы сүйлөшүп бардык. Анан бир күнү эс алып, эртеси дагы жолуктум. Жалгыз олтуруп алып, айттым, “токтотпойсуңбу, сен дагы президент болдуң” десем, ал макул болду. Келип Сооронбай Жээнбековго жолугуп, “ушуну токтотсок болот эле, экөөңөрдүн тирешиңерден коомдо жарака кетип жатат” дедим. Президент “макул, ойлоноюн” деди. Бирок экөө жолугушууга даяр эмес экен, башка эмне кыла алмак элем?”.

Бирок Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын коррупцияга каршы күрөшүүгө байланыштуу митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетирүүгө чейин барарын кыйытты.

Ал буга чейинки билдирүүлөрүндө да “Жээнбековду бийликке алып келгенин” эскертип, “өз катасын өзү оңдошу керектигин” айтып келген.

Жээнбеков мурдараак бийликке келүүдө “эч кимге карызы жоктугун, “элди топтоп бийликке кысым көрсөткүсүн келгендер жаңылышарын” айткан.

8-июндагы Бишкектеги митингге чогулгандар митингдин резолюция кабыл алып, бийликке бир топ талаптарды жолдошту. Анда алар саясий туткундарды бошотууну, укук коргоо органдарын мыйзамдык талаага кайтарууну, сотторго, органдарга кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG