Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:03

Калмаматов: Батукаевди бийлик бошоткон


Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

Шамил Атахановдун камалышына жана Батукаевдин ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов ой бөлүштү.

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулганына байланыштуу 21-майда камакка алынды.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Ошол убакта Шамил Атаханов вице-премьер-министр катары күч түзүмдөрүн координациялап турган.

Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссияга өз ыктыяры менен жардам бергенин айткан мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: - Бактыбек мырза, Шамил Атахановдун кармалышы Батукаевге байланыштуу иштин жүрүшүнө кандай таасир этет?

Калмаматов: - Эртедир-кечтир, маселе ачыкка чыгышы керек. Кылым аферасы болуп жатканын ошол учурда биринчи болуп айтканбыз. Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, жети пункттан турган токтом кабыл алынган. Бирок ал токтом аткарылбай келген. Себеби, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев баш болуп, уюшуп алып ушул ишти жасаган.

Токтомдо 28 кишинин аты-жөнү так жазылып, аларга юридикалык баа берилип, жоопкерчиликке тартылышы керек экендиги белгиленген. Тилекке каршы, Жогорку Кеңештин токтомунун бир пункту ишке ашпай, жабылуу бойдон калып кеткен.

«Азаттык»: - «Атамбаев баш болуп уюшуп алып, ушул ишти жасаганын» ишенимдүү айтып жатасыз, буга конкреттүү негиз барбы?

Калмаматов: - Биринчиден, Атамбаев президент болуп турганда бийликти узурпациялап, бир колго чогултуп алганын өзү эле билбей калбаса, башкаларга белгилүү болчу.

Экинчиден, Батукаев түрмөдөн чыгып кетүүгө 2013-жылы эле аракет кылган жок. Акаевдин да, Бакиевдин да, Убактылуу өкмөттүн да, Отунбаеванын да тушунда да далалат кылган.

Анын ой-тилеги Атамбаев бийликте турган кезде ишке ашып жатпайбы. Мындай иштер бийликтин төбөсүндө турган адамдын буйругу болбосо карыш жылмак эмес. Президентке түздөн-түз баш ийген Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилери буга жооптуу.

Эгер президент менен акылдашылбаса, азыр камалып жаткан дарыгерлер, Динара Сагынбаева, Шамил Атаханов өңдүү кишилер Батукаев чыгып кеткенден кийин бир жума ичинде эле жоопко тартылмак.

«Азаттык»: - Бул ишке байланышы бар деп кармалган, шек саналган дарыгерлер сиз айткан ошол 28 кишинин тизмесинде бар беле?

Калмаматов: - Бар. Маселе эмнеден улам дарыгерлерден башталып жатат? Себеби, Батукаевдин чыгып кетишине негиз берген документ – анын ооруганын тастыктаган жасалма кагаз болчу. Депутаттык комиссия аны аныктаган. Эми дарыгерди кармады, дарыгер Сагынбаева буйрук бергенин айтты, ушинтип акырындап бири-бирин сатып отуруп, негизги буйрук берген кишинин аты аталат. Ал күн деле алыс эмес.

«Азаттык»: - Алдыда дагы кимдер кармалып, темир тор артына түшүшү мүмкүн?

Калмаматов: - Токтомдогу 28 адамдын баары жоопко тартылууга тийиш. УКМКнын, Башкы прокуратуранын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы башчылары - баары жооп бериши керек. Батукаевди чыгарууга колдонулган 363-берене андай ишке жарамак эмес. Анын үчүнчү пунктунда «ушул беренени колдонордо кылган кылмышынын даражасын караш керек» деп турат. Батукаев тоок уурдап камалган эмес. «Мыйзамдагы ууру», чоң кылмыштар үчүн темир тор артына түшкөн.

Ошол берене менен кантип аны чыгарып салышканына азыркыга чейин башым жетпейт. Ал кездеги башкы прокурор Аида Салянованын аракетсиздигинин айынан ушундай болду. Коррупцияга каршы кызмат деле буга көз жумган. Себеби, жогору жактын буйругу бар болчу. Текебаевди «миллион доллар алды» деп бир орус жаранынын айтканы менен эле камап салышты. Батукаевдин ишине кимдер жооптуу экенин бир эмес, миңдеген адамдар айтып жатпайбы. Эгер Атамбаев жоопкерчиликке тартылбай калса, азыркы президенттин чечкинсиздиги, коркоктугу болот. Сөзсүз түрдө камалышы керек!

«Азаттык»: - Бул иште акча да роль ойногону айтылып жүрөт. Сизде кандай маалымат бар?

Калмаматов: - Туура, ошол учурда комиссияда да 20 миллион доллар жөнүндө сөз болуп, анын 10 миллиону жасалма чыгып калганы айтылган.

«Азаттык»: - Акча маселесиндеги бул ойлоруңуз конкреттүүбү же күмөнүңүз барбы?

Калмаматов: - Ал кезде менде күмөн санатканга бир себеп бар эле. Батукаевди узатканы Нарынга барган жана Нарындан аэропортко келген кортеждин арасында чакан насыя компаниясынын машинеси кошо жүргөн. Анын кандай тиешеси бар? (Редакциядан: Калмаматов чакан насыя компаниясынын атын «Азаттыкка» атады. Тактоо маселесинен улам ачык жазган жокпуз).

Менде инкассатор акча ташып жүргөн деген шек бар, аны иликтеш керек. Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да миллиондогон доллар жөнүндө сөз жүргөн. Бирок ал Атамбаевдин тушунда ишке ашып кетпедиби. Буга толгон-токой далилдер бар. Прокуратуранын экинчи ирет судмедэкспертиза кылбаганы, соттун, аткаминерлердин баары чогулуп барып камакка барып чечим чыгарып бергени коррупциялык схема экенин айгинелеп турбайбы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG