Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Атамбаев-Жээнбеков: мамиле жана мамлекет


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Мурдагы жана азыркы президенттердин мамилеси жөнүндө коомчулукта кайчы пикирлер көбөйдү.

КСДП фрациясынын жабык өткөн жыйыны, айрым депутаттарга мандатын тапшыруу жөнүндө талап коюу да көп күдүк ойлорду жаратууда.

31-мартта өтө турган КСДПнын курултайы өлкөдөгү саясий кырдаалды өзгөртөбү? Оппозициянын биригүү демилгеси ишке ашабы? Дегеле Кыргызстандын саясатында жаз кандай окуялар менен коштолушу мүмкүн? Ушул ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жана “Таза Кыргызстан” партиясынын лидери Марат Иманкулов катышты.

“Азаттык”: Рыскелди мырза, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Жээнбековдун ортосунда мамиле бузулуп жатканы жөнүндө ар кандай кеп-сөздөр көп. Сиз аларга жакын киши катары, партиялашы катары эмне деп жооп берет элеңиз, жагдай кандай?

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Рыскелди Момбеков: Азыр экинин бири айткан актуалдуу суроо ушул болуп калды.

Мен ачыгын айтайын, өткөн айдын аягында Алмазбек Шаршеновичке да, Сооронбай Шариповичке да жолугуп чыккам.

Мен өзүм алар менен бат-бат эле кезигип турам. Ошол жолугушууларга таянып айтсам, алардын ортосунда кайчы пикир жаралды дегенге кошула албайм. Эми кайсы бир кадрдык жүрүштөр боюнча айрым түшүнбөстүктөр бар. Андай жагдай буга чейин деле болуп келген. Атамбаев президент, Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда деле кайсы бир чечимдер боюнча кайчы пикирлер болчу. Бул саясатта боло берчү күнүмдүк нерсе. "Экөө бири-бирине кайчы кетиптир, тирешүү күч экен" дегендей жагдай жаралган жок. Ошондой карама-каршы жагдайды жаратканга аракет кылгандар бар. Кызыккандарга караганда кызыткандар көп болууда. Алмазбек Шаршенович партиянын курултайына даярданып жатса, Сооронбай Жээнбеков күнүмдүк иши менен алек. Экөөнүн ортосунда ажырым жок деп так кесе айта алам.

“Азаттык”: Марат мырза, саясатта досчулук принциптерди сактоо канчалык кыйын же жеңил? Анткени ролдору алмашып калган достордун кызыкчылыктары, саясаты өзгөрүшү мүмкүнбү?

“Досум минтип койду, антип койду” дегенден алыс болуш керек. Саясатта андай болбойт, анткени турмуш башка нерсени талап кылып жатат.

Марат Иманкулов: Мурдагы жана азыркы президенттердин “доспуз” деп жүрүшкөнүн элдин баары билет. Эл аралык саясатта деле мамлекет башчылары да “доспуз” деп коюшат.

Иш жүзүнө келгенде “түбөлүк достук жок, түбөлүк кызыкчылыктар болот”. Баарыбыз билебиз, азыркы президент Атамбаевдин, анын партиясынын колдоосу менен бийликке келген, шайлоо болду, президент болуп отурат.

Ошону менен иш бүтүшү керек. Шайлоодо партиялар, саясатчылар, коомдук уюмдар тигил же бул талапкерге жүгүрүштү. Азыр легитимдүү шайланган президенттин айланасына баш кошуп, мамлекетти алдыга жылдыра турган аракеттерди көрүшүбүз керек.

“Досум минтип койду, антип койду” дегенден алыс болуу зарыл. Саясатта андай болбойт, анткени турмуш башка нерсени талап кылып жатат. Достун, туугандардын, партиялаштардын кызыкчылыгы эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы астыда туруш керек.

Экөөнүн ортосундагы мамиленин бузулушу жөнүндө айтсам, мисалы, Фарид Ниязовдун аппарат башчысы кызматынан кетиши, Коопсуздук кеңешинде мурдагы бийлик учурунда коррупция менен күрөшүү маселеси азыркы президент тарабынан катуу сынга алынышы Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы мамилеге сигнал болуп жатпайбы. Азыркы президент мурдагы президенттин ишине дос экендигине карабай баа берип жатат. Менимче, бул туура жол.

“Азаттык”: Рыскелди мырза, КСДП фракциясынын акыркы жыйыны жабык өтүшүнө эмне себеп болду? "Фракция ичинде да бөлүнүү маселеси курч болуп тургандыктан жабык өттү" дегенге кошуласызбы?

Рыскелди Момбеков: Фракция кайсы бир мыйзам долбоорун караган жок, партиянын курултайына даярдык көрүү маселеси коомчулукка анчалык деле кызык болмок эмес. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов курултайга даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Партиянын, фракциянын ичиндеги айрым маселелер да козголду, аларды талкууладык.

“Азаттык”: Марат мырза, "КСДП фракциясында мындан бир жыл мурдагыга караганда ажырым чоң" дегенге кошуласызбы?

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Марат Иманкулов: Кырдаалдын ушундай экенине анчалык аналитик болуунун деле кереги жок, элдин баары сезип, билип жатат. Былтыркы президенттин шайлоо алдында Соорнбай Жээнбековду КСДПдан талапкер катары көрсөткөн жыйында Чыныбай Турсунбеков да өз талапкерлигин президентке койгондо эле партияда, фракцияда ажырым бар экени билинген. Кечээ 17-мартта Бишкекте Аксы окуясын эскерген митинде ажырым бар экени сезилип калды.

“Азаттык”: Рыскелди мырза, КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов фракция жыйынына келип катышып, айрым депутаттарды тартипке чакырып, "такалап" кеткени айтылууда. "Тарбияга" кабылгандардын ичинде сиздин да атыңыз айтылып жатат...

Фарид Аблезимович депутаттарга келип, “сен мындай кыл, андай кыл” деп айта албайт.

Рыскелди Момбеков: Биздин партиянын азыкы реалдуу жетекчиси Фарид Ниязов. Партия алты жылдан бери төрагасы, лидери жок эле келатат. Чыныбай Турсунбеков деле мурда төраганын орун басары болуп аталчу.

Эми курултай чакырып, Алмазбек Шаршеновичти кайра шайлоонун кажети жок болчу. Ал президент болгондо партия лидерлигин убактылуу эле токтоткон. “Фарид Ниязов келип айрым депутаттарды такалаптыр” дейт. Мени кудайдан башка эч ким такалай албайт, жакалай да албайт, мен ага жол бербейм. Фарид Аблезимович депутаттарга келип, “сен мындай кыл, андай кыл” деп айта албайт. Партиянын ишин жакшыртуу боюнча эле сунуш-пикирлерин билдирди...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Атамбаев-Жээнбеков: мамиле жана мамлекет
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:19 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG