Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

КСДПнын кечиккен кекээри


Парламенттеги КСДП фракциясы да кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды.

Алты жылдан бери үн катпай келген фракция мүчөлөрү ыңкылаптын талаптары ишке ашпай калганын, күрөшө турган кызматтар өздөрү белчесинен коррупцияга малынганын айтып, тиешелүү кызматтардын башчыларын кызматтан алууга үндөштү.

Муну айрым саясий серепчилер социал-демократтардын саясий жоопкерчиликти өзүнөн алып, башкаларга оодаруу аракети катары баалашууда.

Азууну көргөзгөн амал

Парламенттеги КСДП фракциясы чукулунан эле кылмыштуулук жана ишкердиктин коопсуздугу маселесин көтөрүп, күч түзүмдөрүнүн башчыларынан отчет алууга батынды. Фракция башчысы Иса Өмүркулов чакырылгандардын даярдыгын сынга алды:

- Мындай жооп бергенге болбойт. Бул жерге биз баарыбыз ойногону чогулган жокпуз. Урматтуу күч органдарынын жетекчилери, эмне үчүн даярданбай келесиздер? Эгерде сиздерде маалыматыңыз жок болсо, азыр эмне тууралуу сүйлөшөбүз анда?

Фракция жыйынына УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева жана ички иштер министри Улан Исралиев келген жок. Алардын ордуна келген орун басарлары адаттагыдай эле отчетторун берип, иштери илгерилеп жатканынан кеп салышты. Бирок фракция мүчөсү Рыскелди Момбеков алардын адатта парламентте шыр эле кабыл алынып жүргөн отчетторун бул ирет жараткан жок:

- Ушундай да отчет болобу? Коомчулукту түпөйүл кылып жаткан бир орчундуу коррупциялык иштердин бетин ачып жатканыңарды айта алган жоксуңар. Себеби андай иштерди ача алган жоксуңар. Кечээ Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу "жаңылоо долбооруна 386 миллион доллардын 250 миллиону гана сарпталган" деген билдирүүсүн уккандан кийин коомчулук сиздердин отчетторду окуп алып, кечирип койгула, бирок, чын эле арты менен күлөт. Анан болбой эле силер "коррупция менен күрөшүп жатабыз" дейсиңер? Апрель ынкылабынын талаптарынын эң негизгиси - бул коррупция менен күрөш болсо, анда ал талап аткарылган жок. Жакында чоң жыйын болот. Ошол жерде мен бул боюнча айтып чыгам. Кимдер кайсы жакта отуруп алып, коррупция менен алектенип жүргөнүн эл билсин.

Момбеков: Ыңкылаптын талаптары аткарылган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

Жыйында күч түзүмдөрүнүн жана бийликтин өкүлдөрүнүн мамлекеттик тендерлерди жеке кызыкчылыгына пайдаланган өнөкөтү күчөгөнү айтылды. КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примов бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Кайсы жерде тендер өтсө, ошого бийликтин же күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кийлигишкен учурларын байкоого болот. Жасалма фирмаларды каттап алып, тендерлерге катыштырып, аларды жеңүүчү кылышат. Бирок алардын жалган компаниялары иш жүзүндө кызмат көрсөтпөйт. Жөн эле ортомчу болуп, акча жешет. Акимдер менен айыл аймак башчылары азыр тендер болордо "дагы кайсы жактан ким чалып, кайсы фирманы "өткөрүп кой" деп көрсөтмө берет экен" деп безилдеп калышкан. Өткөрбөй койсо, аларды куугунтукташат. Өткөрүп койсо кийин ошол телефон чалгандар жооп бербейт да.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев андай өнөкөткө каршы чаралар иштелип чыкканын билдирди:

- Биздин демилге менен азыр ошондой жасалма фирмалардын "кара тизмеси" түзүлө баштады. Андай компаниялардын лицензиялары алынып, кийинки тендерлерге катыштырылбайт. Буга окшогон жагдайлар боюнча кылмыш иштери да козголуп жатат.

Күч түзүмдөрү коррупцияны мектептерден, ооруканалардан жана калканчы жок бизнестен издеп калганы айтылып, алардын кактабай канын соруп, кийин ишти жапкан көрүнүштөр күчөгөнү белгиленди. КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан алууну сунуш кылды:

- Бүгүн бизге - депутаттарга эч нерсе өзгөрүлбөгөнүнө нааразы болгон жарандардан толтура каттар түшүп жатат. Мен кылмыштуулукка каршы күрөшчү укук коргоо тармагынын ишин начар деп таап, алардын жетекчилерин токтоосуз кызматтан алууга чакырам. Биринчи кезекте коррупциянын баары өзүңөрдө. Анткени жабылып жаткан иштердин баарын өзүңөр калкалап турасыңар.

Карамушкина: Эл Атамбаевге да ишенбей калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Беткап алмаштыруунун учуру

Саясат талдоочулар коррупцияга карата коомдо терс пикир күчөп баратканын эске алып, бийликте "садага чабуу" жана саясий жоопкерчиликти өзүнөн алып салуу аракеттери башталганын белгилеп жатышат. Саясатчы Равшан Жээнбеков КСДП фракциясындагы азыркы абалды ошол жагдай менен байланыштырды:

- КСДП партиясынын алты жылдан бери ошол бийлик чөйрөсүндө жүргөн адамдары эми суроо катуу болорун алдын-ала сезип, ар кимиси өзүн коргоп, сактап калганга өттү. Буга чейин коррупцияны көрбөй келген ошол эле саясатчылар эми башка элге кошулуп алып, баарын укук коргоо органдарына оодара салып, "коррупция менен күрөш начар" деп кыйкыра башташты. Биринчи кезекте өлкөдөгү абал үчүн алардын ар биринин саясий жоопкерчилиги бар экенин алардын бири да мойнуна алууга эрки жетпеди. Анын ордуна алар кайрадан кийинки бийликтин колтугуна кире калууну ойлонуп жатышат.

Ошентип КСДП фракциясынын айрым мүчөлөрүнөн бул багыттагы күч түзүмдөрүнүн ишин "канааттандырарлык эмес" деп табуу сунушу берилип, акыры "айтылгандар эске алынсын" деген чечим кабыл алынды. Бирок КСДП фракциясынын "айтылгандар эске алынсын" деп документке кирген чечими эмнени түшүндүрө турганы жана анын укуктук күчү кандай экени белгисиз болуп калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG