Президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештеги расмий өкүлүн алмаштырышы күтүлбөгөн кадам болду. Ал президенттикке киришкенден бери мурдагы өлкө башчынын командасы менен иштеп жаткан. Аны өткөн аптада президенттик аппараттагы дээрлик бардык бөлүм башчылар менен жооптуу катчылар өз кызматында калганынан эле байкаса болот.
Эми минтип президенттин өкүлү болуп акыркы үч жылдан бери иштеп келген Молдакун Абдылдаевдин ордуна "Республика" партиясынын мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаевдин дайындалышы бир катар түкшүмөлдөрдү жаратты.
Адегенде эле "жаңы өкүл президент менен парламенттин ортосундагы кызматташтыкта кандай өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн?" деген суроону ортого койду.
Жаңы дайындалган өкүл Курманбек Дыйканбаев башкы милдети катары депутаттар менен тыгыз иштерин гана айтып, пландары менен бөлүшүүнү туура көргөн жок:
- Парламенттеги өкүл катары дайындады. Эми депутаттар менен тыгыз иш алып барышым керек болот, - деди ал.
Анткен менен бир катар эксперттер президенттин акыркы дайындоосун "Жээнбеков парламент менен жаңы нукта кызматташууну каалады" деп божомолдоп жатышат.
Маселен, буга чейин президенттин парламенттеги өкүлү болгон саясий илимдердин кандитаты Орозбек Молдалиев президенттин акыркы дайындоосун ушундай түшүндүрдү:
- "Дыйканбаев бул кызматка президенттик шайлоодо Жээнбековго чуркаганы үчүн дайындалды" деп айтып жатышат. Шайлоодогу эмгеги үчүн башка кызматты деле берсе болмок. Бирок Жогорку Кеңештеги өкүлү катары дайындап, парламент менен иштөөнүн форматын өзгөртөйүн деп ниет кылса керек. Дыйканбаев мурда Жогорку Кеңештеги тирикарак депутаттардын бири болчу. Ошол сапаттары эске алынып, парламент чөйрөсүн жакшы билгени үчүн дайындалды деп ойлойм.
58 жаштагы Курманбек Дыйканбаев 2010-2015-жылдары "Республика" партиясынан парламентке депутат болгон. 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмесинде ат салышканы менен мандат албай калган.
Ал эми былтыркы президенттик шайлоодо мурдагы саясий сапарлашы Өмүрбек Бабановдун эмес, Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү болгон.
Мыйзам боюнча президенттин өкүлү өлкө башчынын парламенттеги таламын талашып, анын конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшөт. Башкача айтканда, ал депутаттар арасындагы жалпы маанайды илгиртпей сезип, президентти кабардар кылып турушу зарыл.
Буга чейин расмий өкүл Молдакун Абдылдаев парламентте президенттин атынан оппозициячыл депутаттар менен бир нече жолу кайым айтышкан учурлары болгон. Ал эми жаңы дайындалган Курманбек Дыйканбаев мурдагы чакырылышта Жогорку Кеңеште конструктивдүү депутат катары белгилүү.
Учурда жаңы президенттин дарегине парламенттен сын пикир деле айтыла элек. Анын үстүнө эксперттер Жогорку Кеңеште оппозициячыл маанай басаңдаганын, андай депутаттар парламенттен четтегенин белгилешет.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев учурда президент менен парламенттин мамилесиндеги көп жагдайлар али аныктала элек деген пикирде:
- Парламентте бир топ депутаттар президенттик шайлоодо Жээнбековго "чуркашкан" - биринчи кезекте КСДП, “Кыргызстан” фракциясынан жана коалициялык көпчүлүккө кирген депутаттар. Ошондуктан азырынча президент менен айрым депутаттардын жеке мамилеси белгилүү. Ал эми парламент менен мамилеси азырынча кандай болорун айтууга эрте. Президенттикке киришкенде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугуп, "чогуу иштейли" деп билдирди окшойт. Бул мага жаккан жок. Себеби, бийликтин жогорку бутагы катары парламентке антип тапшырма бере албайт.
Ошентсе да "жаңы президент парламент менен өз алдынча мамиле түзүп, колдоо табууга аракет кылат" деген пикирлер арбын.
Саясат таануучу Алмазбек Акматалиевдин баамында, учурда Сооронбай Жээнбековдун парламент менен мамилеси биринчи иретте аны президенттикке сүрөгөн КСДП фракциясына жараша болот.
- Азыркы президенттин Жогорку Кеңеш менен мамилеси КСДП фракциясына көз каранды. Себеби, бул фракцияны президент эмес, башка киши башкарарын билебиз. Эгер бул фракцияны өзүнө тарта алса, калган фракциялар менен тил табышуу, иштөө оңой болот. Учурда Жээнбековдун талуу жери КСДПны башкарбаганында болуп жатпайбы...
Кыргызстан 2010-жылдан соң парламенттик башкарууга багыт алганын жарыялаган. Ал эми 2016-жылдагы Баш мыйзамга өзгөртүүлөр аркылуу премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ошого карабай, бир катар иш жүзүндө президенттин таасири күч бойдон калганын айтып жүрүшөт.