Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Коррупцияны "коркуткан" Коопсуздук кеңеши


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоо, көзөмөл, сот органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө 100 миң сомдон ашуун накталай акчага буюм сатып алууга тыюу салынат. Ал эми 20 миң сомдон ашуун суммага буюм сатып алышса, алар атайын тастыктама толтурушу керек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында ушул сыяктуу чаралар мыйзамдын негизинде киргизилип жатканын билдирди. Бирок тууганчылык, жердешчилик күчөгөн коомдо муну ишке ашыруу кыйын болот деген да пикирлер бар.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин 14-марттагы маалымат жыйынында билдиргени боюнча, коррупция менен күрөш үчүн сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маяналары накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт. Ошондой эле жетекчилердин декларацияларын текшерүү механизмин караган токтом долбоору иштелип чыгып, өкмөт аппаратына жиберилди. Муну менен кызматкерлердин кирешеси менен чыгашасынын өз ара шайкештигин текшерүүгө мүмкүн болору айтылды.

Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

- Биз ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө накталай түрдө 100 миң сомдон ашуун мүлк сатып алууга тыюу сала турган мыйзамды карап жатабыз. Алар өзүнө керектүү буюмду 20 миң сомдон жогору баага сатып алса, анда атайын тастыктама толтуруп, Кадр кызматына өткөрүп бериши керек. Бул кызматкердин жеке документине тиркелет.

Сагынбаевдин айтканы боюнча, мамлекеттик кызматкерлер, алардын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн банк, салык жана башка жашыруун маалыматтарын кароого жазуу жүзүндө макулдук беришет. Экинчиден, бул маалыматтардын баары Мамлекеттик салык кызматына келип түшөт. Салык кызматында бул маалыматтарды кароо боюнча атайын башкармалык түзүлөт.

Шектүү декларациялар атайын көзөмөлдөөчү комиссияга берилет. Комиссия да Мамлекеттик салык кызматында түзүлүп, салык, каржылык чалгын, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын кызматкерлеринен куралат. Алардын аныктамасынан кийин маалыматтар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет.

- Коопсуздук кеңешинин катчылыгы декларацияларды текшербейт, бул анын иши эмес. Биз бул ишти көзөмөлдөп, салык органдарынан, прокуратурадан маалыматтарды сурап, мамлекет башчыга берип турабыз.

Жогорку тепкичтеги мамлекеттик кызматкерлер 2005-жылдан бери өз мүлкү жана жылдык кирешеси тууралуу декларация тапшырганы менен чыныгы байлыгын жашырганы үчүн коомчулук тарабынан катуу сынга кабылып келет.

Анткен менен тамырлашып кеткен коррупцияны радикалдуу чечимдер гана жоё алаарын УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Иманкулов да белгилеп жатат.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Биздин өлкөдө коррупция өтө эле тамырлашып кетти. Радикалдуу чаралар болмоюнча биз аны менен такыр күрөшө албайбыз. Азыркы мыйзамдар менен деле жасай берсе болот. Укук коргоо органдарында, мисалы УКМК, прокуратура, милиция боюнча мыйзамдарга ылайык кызматкерлерге ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салынат. 100 миң сомго чейин соода кылмак турсун, бизнеске жакын жологонго тыюу салынат.

Коомчулукта өмүр бою айлыкка иштеп, бирок кымбат машине айдап, ак сарай салып жаткан катардагы кызматкерлердин жашоо-турмушу эл оозунун түшпөй, алардын ишине карата ар кандай күмөн ойлорду жаратып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты, Салык кызматынын мурдагы башчысы Исхак Масалиев тууганчыл, жердешчил коомдо алган буюму үчүн тастыктама алып келүү кыйынга турбайт деп эсептейт. Ал бул демилгени көтөргөндөр өздөрү үлгү көрсөтүп берсе деген тилегин билдирди. Эл өкүлү көзөмөлдөөнүн механизмдерин так иштеп чыгуу зарыл деген пикирде.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Бул жерде ойлоно турган маселе бар. Кантип бизде мамлекеттик кызматта төмөн айлык менен иштеп жүрүп кымбат, жаңы машине алынып жатат, хан сарайлар курулуп жатат? Коомчулукта бул маселе бар. Бирок "тастыктама бер" десе, бизде тууган-урукчулук аябай күчтүү. Айталык, он тууганын топтоп туруп, "ушулар мага жардам берди" деп койсо болот да. Мисалы, Германияда бир сом ашыкча чыгаша болсо чара көрүлөт. Алар көп жылдан бери ушуга барышкан. Биз дагы ошону башташыбыз керек. Кандай жол менен? Аны издешибиз керек.

"Коррупцияга каршы күрөш боюнча ишкерлер кеңешинин" төрайымы Нурипа Муканова коррупцияга жол ачкан жылчыктар дагы эле жоюла элек деген пикирде. Ал укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин, жетекчилердин кийинки учурда топтогон байлыгына көңүл бурууну сунуш кылууда:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

- 20 миң сомго эч нерсе ала алышпайт. Негизинен булар чоң, бизнес-класстагы машинелерди алышат. Жер алышат, аны 20 миң сомго сатып ала албайсың, бул доллар менен кетет. Чоң хан сарайларды, үйлөрдү, пансионаттарды алат, ошолорду караш керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш тиешелүү деңгээлде жүрбөй жатканын катуу сындаган. Бул багытта жасалчу иштерди талкуулаган учурда ал мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын жакшылап текшерүү зарыл экенин белгилеген болчу. Ошондой эле коррупцияга аралашкандардын "кара тизмеси" түзүлөрү айтылган.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин 45 иш-чараны камтыган чечими ишке ашырыла баштаганын айтты. Ал көрүлгөн чаралардын жыйынтыктары ушул жылдын жай айларында жемишин берет деп ишендирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG