Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Абдыкадыров: Москвага качууга аргасыз болдум


Кыргызстандагы адам укуктары боюнча комитеттин мүчөсү, укук коргоочу Шарап Абдыкадыров “Азаттыкка” Москвадан чалып калды. Ал 16-мартта жубайы менен чогуу Жалал-Абаддан Москвада иштеп жүргөн кызыныкына келүүгө аргасыз болгон.

Шарап Абдыкадыровдун айтып беришинче, ага акыркы убакта уюлдук телефону аркылуу “үй-бүлөң менен союп кетебиз” деген мааниде кыска билдирүүлөр улам-улам келип турган. Ал билдирүүлөр интернет аркылуу жөнөтүлгөндүктөн алардын авторун табуу мүмкүн эмес эле.

Абдыкадыров бул билдирүүлөрдү ал 2 жылдан бери акырына чыгара албай жүргөн уурдалган кыздын иши менен байланыштырууда.

“Москвага келгенимдин себеби төмөндөгүдөй: 2009-жылдын май айында Базарова деген жесир аял мага кайрылып калды: “менин кызымды уурдап кеткен, Оштон белгисиз аял чалып, ошонун жардамы менен таптым. Бирок мен милицияга уурдап кетти деп айтсам, тартип коргоо органдары алардын сөзүн сүйлөп, кылмыш ишин жаап таштады. Болуптур, табылганына кудайга шүгүр деп отуруп калайын десем, алар кылмыш ишти жаптырып алгандан кийин, жалган жалаа жасады деп 1 миллион сом төлөп берсин деп сотко кайрылышыптыр. Анан эне-бала ээрчишип 2009-жылы үйүмө кирип келишти. Уурдалган кыз жер төлөдө үч күн жатканын айтып ыйлайт, жардам бер деп энеси ыйлайт. Ишти биринчи эле соттон баштадым. Сотко барып, кылмыш иш кыскаргандан кийин карашыңыз керек эле, эмнеге тергөө жүрүп жатканда карадыңыз деп ишти токтоттургам”.

Гүлжамал Саматова 2009-жылы 28-февралда сабакка кеткен бойдон үйүнө кайткан эмес. Анын апасы Махбархан Базарова ал күндөрдү мындайча эскерет.

“Жоголгондон кийин издеп, сүрөттөрүн бүт телеканалдарга, гезиттерге бердим. 20-март күнү бирөө чалып, “кызыңыз каерде экенин билем, эч кимге айтпасаңыз мен айтып берем деди”.

Ошентип Гүлжамал, бактыга жараша, кокусунан табылып калат.

“Кыз табылганда андан “кантип бул жакка келип калдың?” деп сурашат. Ал класс жетекчиси Миргүл тууралуу айтат. Гүлжамал мектепке баратканда бир бейтааныш унаа токтойт. Андан кыздын класс жетекчиси жерге түшүп Гүлжамалды чакырат. Кыз жакындаганда, машиненин ичиндеги чоочун аял колунан тартып, шопур бакырба деп бычак көрсөтүп, кызды алып кетишет”, - дейт Шарап Абыдкадыров.

Шарап Абдыкадыров окуучу кыз Гүлжамал Саматованы уурдоого катышкан мугалимдин бул ишке катыштыгын да далилдеген.

“Жусупмаматова Миргүл деген класс жетекчи кызды машинеге салып бергенден 3 күн өткөн соң, класстык журналды, кыздын өздүк делосун ажаатканага таштап, кайрадан журнал түзөт. Мен прокурордон экспертизаны талап кылдым. Ал документ жасалма болуп чыкты. Биз эжекени сотко бердик. Аны гана сотко бербестен, 9 адамдын ишинин каралышын талап кылдым. Себеби бул уюшкан топ: шопур кана, унаадагы чоочун аял кана? Бир айдын ичинде 10 күндөн 3 үйгө которулган – бала бактырышкан. Гүлжамал “документтер бүтөйүн деп калды, бүтсө эле Кореяга же Казакстанга жөнөтөбүз” деген сөздөрдү уккан”.

Укук коргоочу Абдыкадыровдун айтымында, смс аркылуу келген коркутуулар адам аткезчилиги менен алектенген уюшкан топ менен гана байланыштуу болушу мүмкүн.

Себеби 2 жылдан бери созулуп келе жаткан бул иш боюнча жетиштүү далилдер топтолгону менен, сот иши улам жылып отуруп, эч жыйынтык чыга элек. Шарап Абдыкадыров 118 жолу тартип коргоо органдарына, тактап айтканда сотторго, прокуратурага жана депутаттарга, премьер-министрге кайрылган.

Уурдалып, бирок, бактыга жараша, кайра табылган кыздын адвокаттары 2 жылдын ичинде 8 жолу алмашкан.

“Ошол боюнча алигиче жыйынтык жок. Карап отурсак эч кыймыл жок. Кыргызстанда чындык калбадыбы, түшүнбөйм”, - деп үшкүрүнөт Гүлжамалдын апасы Махбархан Базарова.

Ошентип адам аткезчилиги менен күрөшкөн укук коргоочу Шарап Абдыкадыров эми өзү Москвада. Ал же чет өлкөдөн баш паанек сурашын билбейт, же Жалал-Абадга кайтышын билбей отурган чагы.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG