Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Дача-СУга берилген беш миллион сом


Авиакырсык болгон "Манас" аба майданынын жанындагы Дача-СУ конушунда элден чогулган жардам калыс бөлүштүрүлгөн жок деп нааразы болгондор бар.

29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсебине түшкөн акчадан Дача СУ конушунун жашоочуларына моралдык колдоо катары акчалай каражат бөлүштүрүлгөн. Конушта жашаган 232 адамга берилчү жардамга беш миллион сом каралган. ​Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.

16-январда учак кулаган жердин жанында жашагандардын айрымдары акчалай жардам салыштырмалуу аз берилип калды дешсе, кээ бирлерине болсо материалдык жардам тийген эмес. Нааразы болгондор ар кандай күдүк ойлор болбошу үчүн элден чогулган жардамдан ким канча акча алганы тууралуу тизме ачык жарыяланышы керектигин айтышат.

Буга чейин өкмөттүк комиссия кырсыкта ажал тапкандардын жакындары жана жабыркагандар менен биргеликте акчалай жардамды бөлүштүрүүнүн жол-жобосун иштеп чыкканын маалымдаган.

Тургундардын нааразылыгы

Гүлзана Оморова Дача СУ аймагында төрт жылдан бери жашайт жана анын үйү учак кыйраган жердин жанында турат. Оморова кырсыкта элден чогулган жардам тегиз бөлүштүрүлгөн жок деп нааразы:

- Чекеде, учак кулаган жерде жашайбыз. Биз 13 үй болуп документ жөнөткөнбүз. Ошонун арасынан беш үйдөн башкасынын баарына 70 миң сомдон бериптир. Бизге болсо 25 миң сомдон берип койду. Үйүбүзгө жарака кеткен. Айнектери сынган. Моралдык да, материалдык жактан да жабыркаганбыз.

Жардам тең бөлүштүрүлгөн жок дегендердин бири - Изаура Эсатова. Ал комиссия моралдык жана материалдык чыгымды текши эсептеген жок деген пикирде.

- Үйү биздин катардагыларга 70 миң сомдон беришти. Мисалы, бир кошунабыздын дарбазасы эле сынган. Биздики болсо үйдүн пайдубалына чейин жарака кеткен. Жертөлө, сарайыбызга чейин жарака кеткен. Шыйпырларыбыз сынган. Комиссияларды жөнөтүп жатышкан, 50 шыйпыр, 60 шыйпыр деп жаракасын көрүп жазып эле кетип жатышкан.

Элден түшкөн жардамды бөлүштүргөн өкмөттүк комиссия учак кыйраган жердин жака-белиндеги айрым үй ээлерине моралдык колдоо катары 10 миң сомдон, ал эми ошол үйдү ижарага алып жашап жаткандарга дагы 10 миң сомдон бөлүштүргөн экен. Зулайка Ахунованын айтымында, ал кайын сиңдисинин үйүн ижарага алып жашайт жана ал материалдык жардам албай калган:

- Ушул жерде квартиранттар 10 миң сомдон алышты. Мен ошол 10 минден 10 сом да алган жокмун. Мен ушул жерде катталгам, азыр деле жүрөгүм ооруйт, коркунуч калды. Комиссияга баргам, тизмеге киргизишкен. Караштырып беребиз дешкен, бирок кандай чечилерин билбейм.

Учак кыйраган жерге жакын үйдү ижарада жашаган Чынара Матраимова болсо бөлүштүрүлгөн жардамды кожойкеси алып алганын айтып берди:

- Биз үйдүн кожойкесине барсак "бул акчанын силерге эч кандай тиешеси жок, менин тамым кулап калса ушулар тургузуп бермек беле" деп кыйкырып салды. Биз айыл өкмөтүнө деле кайрылдык. Ал арыз жазып бергиле деди. Эми акчаны кожойкебиз алса биз андан эми ала албайбыз да. Ошол убакта эле айыл өкмөт башчысы бизге деген акчаны алып калса болмок. Биз деле канча стресс алдык. Башка жардам деле сураган эмесмин, өз акчама өзүм эле дарыгерлерге көрүнүп келе жатам. Эл-журтубуз берген акчаны айыл өкмөт болобу, башка чоңдорубуз элге тегиз бөлүп беришсе болмок.

Дача СУ конушунун тургундарынын бири Айнагүл Усенованын пикиринде, элден чогулган жардамды кенемте катары бөлүштүрүп берилгени туура эмес:

- Кыргыз элиме ыраазыбыз. Бизди түшүнүп, кайгыбызды тең бөлүшүп, Дача-СУнун тургундарына деп 3-5 миң сомдон айлык алгандар дагы бир күндүк маяналарын которушту. Бирок ушул элден чогулган жардам туура эмес бөлүштүрүлдү. Ошол акчага өлгөндөрдүн кунун төлөп коюшту, үйү жокторго үй алгыла деп беришти.

Кырсыкта жабыркаган үйлөрдүн бири
Кырсыкта жабыркаган үйлөрдүн бири

Биз акчалай жардам алгандардын тизмеси, акчанын бөлүштүрүлүшү боюнча комментарий алалы деп жергиликтүү тургундар менен кошо Дача СУ конушунун башчысы Сиражидин Султановдун үйүнө бардык. Ал ооруп жатканын айтып комментарий берүүдөн баш тартты.

Биз бул маселе боюнча жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, учак кырсыгында жабыркагандардын бири Венера Шейшеновага кайрылдык. Ал майрам күн экенин айтып сүйлөп берген жок:

- Бүгүн майрамда эмнеге кабарчылар чалып жатканы түшүнүксүз. Болгон окуялардан кийин биз жок дегенде эс алалы деп жатабыз. Силер иштей берсеңер, биз эс алалы, макулбу?

Моралдык колдоо

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсебине кыргызстандыктардан түшкөн акчадан Дача СУ конушунун жашоочуларына моралдык колдоо катары акчалай каражат бөлүштүрүлгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы 29-апрелде кабарлаган. Маалыматка ылайык, конушта жашаган 232 адамга жардам көрсөтүлүп, ал үчүн беш миллион сом каралган.

Акчалай каражаттарды бөлүштүрүү жабыркагандардын жана каза болгондордун туугандарынан турган өкүлдөр менен биргеликте өкмөттүк комиссия тарабынан иштелип чыккан. "Каражат алгандардын ар бири мамлекеттик нотариустун катышуусунда акча алып жатып, тиешелүү документтерди толтурушту", деп айтылат өкмөттүн сайтында жарыяланган маалыматта.

Акчаны Ново-Павловка айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн атайын комиссия бөлүштүргөнү, анын курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, каза болгондордун туугандары жана жергиликтүү тургундар киргени кабарланды.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 млн 160 миң 180 сом түшкөн.

Мындан тышкары «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясынан да акчалай компенсация күтүлүүдө. Ушул тапта кыргыз өкмөтү авиакомпания менен компенсация төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

16-январда Түркиянын АСТ Havayolları компаниясына таандык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Кырсыкта бир топ турак жай кыйраган жана 35 жергиликтүү тургун жана төрт учкуч ажал тапкан.

Расмий маалымат боюнча 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз абалга келген. Ошондой эле 12 үй жарым-жартылай кыйраган. Мындан сырткары чарбалык курулуштар, мал-жанга кесепети тийип, автоунаалар талкаланган. Анан да энергетика тармагы жабыркап, аэронавигациянын жана аэропорттун мүлкү зыянга учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдар да эсептелген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG