"Таблиги жамаат" деген кимдер, алардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү эмнеде, тыюу салынган өлкөлөрдө алар кандай иш жүргүзөт? “Азаттык” бул суроолорду Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиевге узатты.
“Азаттык”: Орозбек мырза, "Таблиги жамаат" деген эмне жана алардын курамына кимдер кирет?
Молдалиев: "Таблиги жамаат" бизде дааватчылар деген ат менен белгилүү болгон адамдардын тобу. Себеби бул уюм Кыргызстандын эч бир жеринде расмий каттоодон өткөн эмес. Бирок булардын уюштурулган структуралары жана эрежелери бар. Анда кандай тартипте даават жүргүзүп, кандай амал кылуу керек, кандай нерселерден сактануу зарыл деген суроолорго жооп берген эрежелери бар жана ошого жараша иш алып барышат.
Бул уюм бизде эгемендикти алган жылдардан кийин пайда болду. Бүгүнкү күндө "Таблиги жамаат" өлкөнүн бардык аймактарына жайылды. Кошуна өлкөлөрдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынгандан бери, Казакстандан көчүп келген мүчөлөр да бар.
Исмаилов: "Инкарчылар" бүгүн болбосо эртең кооптуу
Исмаилов: "Инкарчылар" бүгүн болбосо эртең кооптуу
Бул жерде маселе бир гана "инкарчыларда" эмес, экстремисттик, террористтик уюмдарга кирип, ошолордун идеологиясына багынып калган жаштарыбыз да бар экенинде болууда. Алар кароосуз калып жатат. Биз жазалоо менен гана чектелүүдөбүз.
“Азаттык”: Мурдагы союздук республикалардын арасында Кыргызстан "Таблиги жамааттын" ишмердүүлүгүнө тыюу салбаган жападан жалгыз өлкө болгондугу менен өзгөчөлөнөт. Башка өлкөлөр тыюу салгыдай бул уюм эмнеси менен кооптуу?
Молдалиев: Ооба, биздин кошуналар "Таблиги жамаатка" тыюу салып койгону чын. Орусияны мисал кылып айтып жаткандан кийин, мен дагы ошол жакка токтолгум келип жатат. Орусиянын бир катар диний ишмерлери менен сүйлөшкөндө алар деле бул уюмдун экстремисттик багыттарын байкаганын айткан жок, тескерисинче биздин кыргызстандыктарга ыраазы болгон жайы бар.
Экинчиден, Орусиянын Чыгыш таануу университетинин ректору Виталий Наумкин деген бар, оруста андан күчтүү ислам таануучу жок. Бул киши союз мезгилинен бери исламды иликтеп келет. Наумкин дагы "Таблиги жамаат" жөнүндө эч кандай терс пикир айткан эмес.
Бирок "Таблиги жамаат" жөнүндө ар кайсы окумуштуу ар кандай көз карашты карманып келет. Батышта деле "Таблиги жамаат" тууралуу тескери пикир айткандар бар, анын арасында бул уюмду кооптуу деп белгилегендер да бар.
“Азаттык”: Кыргызстанда деле "Таблиги жамаат" тууралуу эки ача пикирлер бар болушу керек?
Муфтияттын "Таблиги жамаатты" толук көзөмөлдөй алганга мүмкүнчүлүгү бар. Көзөмөлдөө үчүн казыяттын же имамдардын билим деңгээли да жетиштүү болушу керек.
Молдалиев: Ал эми бизде "Таблиги жамаатка" тыюу салып коюш оңой эле, бирок ага негиз керек. Биз деген укуктук мамлекет болгондон кийин, жөн эле жаап салган болбойт. Экинчиден, биз Коргоо кеңешинде "Таблиги жамаатты" ханафи масхабды жайылтууга чакыруу тууралуу чечим кабыл алганбыз. Бирок булардын арасында ислам тууралуу түшүнүгү жок адамдар да жүрөт. Ошондуктан өлкө боюнча төрт окутуу борборун түзүп, алгач "Таблиги жамааттын" мүчөлөрүн окутуп, муфтият түшүндүрмө берип, андан кийин гана дааватка чыгат. Мен айтаар элем, бул жагы жакшы жолго коюлду.
Экинчиден, буларга Пакистандын кийимин кийүүгө тыюу салынган, улуттук гана кийимди кийет, муфтият атайын форма даярдап берет. Андыктан даават калпак, улуттук орнаменттери бар кийимчен адамдар тарабынан жүргүзүлүп калды. Дааватты мурдагыдай көчөмө көчө кыдырышпай мечиттерде гана жүргүзүшөт.
“Азаттык”: Кыргызстандын муфтияты бүгүнкү күндө "Таблиги жамаатты" толук көзөмөлгө алган деп айта алабызбы?
Молдалиев: Муфтияттын "Таблиги жамаатты" толук көзөмөлдөй алганга мүмкүнчүлүгү бар. Көзөмөлдөө үчүн казыяттын же имамдардын билим деңгээли да жетиштүү болушу керек. Бирок андай болбой жатат. Жергиликтүү дин ишмерлери менен булардын ортосунда түшүнбөстүк айынан чатак чыккан учурлар бар. Ошондуктан муфтияттын атайын даават бөлүмү көбүрөөк иштеп, түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп турушу керек.